Киргизско-русский словарь Юдахина
баурсаки (печенье в виде жаренных в жире кусочков теста);
чий боорсок баурсаки продолговатые и тонкие;
кыртылдак боорсок мелкие и очень сдобные (хрустящие) баурсаки;
ачыткан боорсок баурсаки из кислого теста;
сүт боорсок тяньш. рванцы, варенные в молоке (тесто не режут, а рвут и бросают в кипящее молоко);
боорсок чачма этн. обычай бросать баурсаки в люльку новорождённого с пожеланием ему далголетия и плодовитости;
боорсоктой чачылып жатат разбросано-расшвырено;
боорсоктой или бышкан боорсоктой как огурчик (букв. как баурсак);
боорсок мурун нос пуговкой;
боорсок бет круглолицый;
боорсок бет кызыл келин круглолицая румяная молодуха.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы турция, азербайжан тилдеринде жана байыркы түрк тилинде багарсук же багырсук сөзү «ичеги-карын» дегенди билдирсе, кыпчак тобундагы жана сибирдик түрк тилдеринде «майга бышырылган тоголок же чарчы формадагы нан» дегенди билдирет. Бул сөз багыр+сак формаларынан турат. Анын багыр уңгусу байыркы түркчө йакры «ич май» (ДТС, 238) деген сөздөн алынып, ага -сак (-сук) мүчөсү жалганган. Байыркы түрктөр малдын ич майына бышырылган ич эттерди (ичеги-карын, боор, бөйрөк) йагырсук аташы мүмкүн. Кийин анын ордуна майда камырды бышыра турган болгондо, эски аты жаңы нерсеге карата колдонула берген. Сөздүн башындагы й тыбышы б тыбышына өтүүдөн байыркы йакрусук сөзүнөн багырсук сөзү келип чыккан. Кыргыз тилинде болсо созулма үндүү жаралган, багырсук сөзү боорсок түрүнө келген. Ушундай тыбыштык өзгөрүүлөр боорсок сөзү боор+сок бөлүктөрүнөн турат деген пикирдин пайда болушуна негиз болгон (ДТС, 663). Чындыгында боорсок «ич май» деген сөздөн келип чыккан, анын боор (<багыр) сөзү менен эч байланышы жок.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө ачыган камырдан төрт чарчы же сүйрүрөөк майда кесилип, майга бышырылган нан. Дасторконго боорсоктор төгүлүп, каймактар коюлду (Бейшеналиев). Столдун үстү бышырылган этке, боорсокко, майга толду (Сасыкабев).