Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы турция, азербайжан тилдеринде жана байыркы түрк тилинде багарсук же багырсук сөзү «ичеги-карын» дегенди билдирсе, кыпчак тобундагы жана сибирдик түрк тилдеринде «майга бышырылган тоголок же чарчы формадагы нан» дегенди билдирет. Бул сөз багыр+сак формаларынан турат. Анын багыр уңгусу байыркы түркчө йакры «ич май» (ДТС, 238) деген сөздөн алынып, ага -сак (-сук) мүчөсү жалганган. Байыркы түрктөр малдын ич майына бышырылган ич эттерди (ичеги-карын, боор, бөйрөк) йагырсук аташы мүмкүн. Кийин анын ордуна майда камырды бышыра турган болгондо, эски аты жаңы нерсеге карата колдонула берген. Сөздүн башындагы й тыбышы б тыбышына өтүүдөн байыркы йакрусук сөзүнөн багырсук сөзү келип чыккан. Кыргыз тилинде болсо созулма үндүү жаралган, багырсук сөзү боорсок түрүнө келген. Ушундай тыбыштык өзгөрүүлөр боорсок сөзү боор+сок бөлүктөрүнөн турат деген пикирдин пайда болушуна негиз болгон (ДТС, 663). Чындыгында боорсок «ич май» деген сөздөн келип чыккан, анын боор (<багыр) сөзү менен эч байланышы жок.