Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жатыркоо, четтөө, тажоо, көргүсү келбөө. Сайраса боюм эриди, Санааны жаным жериди («Семетей»). Казы, чучук жегем деп, Жарма нанды жерибе («Ала-Тоо»). Ата-эне бапестеп өстүргөн баласын эч качан жерип кете албайт (Бейшеналиев). // Өз баласын жанына жолотпой, эмизбей, бакпай коюу (көбүнчө малга карата). А дегенде уйлар музоолорду жерип эмизбеген учуру көп болду («Айыл чарба»).