ЖЕР СООРУСУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жердин эң мыктысы, дыйканчылыкка, малга же башка тиричиликке ыңгайлуусу, кооз, көрктүү, өтө көркөм болуп көрүнгөн шарттары. Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы («Семетей»). Созулуп жаткан Ысык-Көл, Соорусу жердин турбайбы (Сарногоев).