Жагымсыз, жек көрүндү. Атай кээде аргасыздан гана ушак, таарыныч, эрегишүү деген жексур нерселерге алагды боло турган (Каимов). Ааламга жексур көрүнүп, Өмүрүнчө кайгырчу (Маликов).
Кишиге, элге жаман көрүнүү деген мааниде. – Сага кеңешим: аялыңын көңүлүн суутпай, үйүңө жексур болбо, тез жөнө! – деп, Айна олчойгон карды сузуп ыргыта баштады (Каимов).