жеңе
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Агасынын аялы. Жеңеси уй саап, сүт көтөрүп киргичекти, Зарыл кайнаткан.. самоор да.. шуулдап калат (Сыдыкбеков). Жеңем апама айтканы кетти (Абдукаримов).
- 2. Жалпы эле өзүнөн улуу кишинин аялы, же өзүнөн улуу аялдарга кайрылганда айтылуучу сөз. — Билбедик, жеңе! Кыйкырсак кантет, Токтогул, Тигил кызыл-тору жеңени? (Үсөнбаев).
- 3. Кыз менен жигиттин ортосунда жүрүүчү аял. Жеңең менен сүйлөшүп, үн саласың, өзгөчөм (Барпы). — Жанымда жеңе акылчы Башка жеңелеримден Сенин пейлиң жакынчы («Олжобай менен Кишимжан»).