ар. 1. сирота; жетим өз киндигин өзү кесет погов. сирота сам себе пуповину обрезает; жерге түшкөн - жетимдики погов. что на пол упало, то сиротское; 2. перен. короткий; жетим кабырга самые короткие рёбра; жетим сүмбө короткий шомпол; жетим көпөлөк см.көпөлөк 2.
зат.Ата-энеси же алардын бири өлүп калган бала же жаш айбан. Сабыр атадан жаш калып жетим өскөн (Сыдыкбеков). Жетим калды улагы, Энеси ташка сулады (Шүкүрбеков). Жетим өз киндигин өзү кесет (макал).
Ата-энеси экөө тең же алардын бири өлүп калган бала же жаш мал. Сабыр атадай жаш калып жетим өскөн (Сыдыкбеков). Жетим калды улагы, Энеси ташка кулады (Шүкүрбеков).
1. Балдардын ата-энесинен калган мал-мүлккө болгон укугу, жетимдерге тиешелүү үлүш. Эл соту ал балдардын жетим акысын өндүрүп берер («Чалкан»). 2. тар. Аялы башка бирөөгө кетип калганда, ага короткон мүлкү, каражаты үчүн төлөнүүчү акы. Эң болбой калганда жетим акысын эки эсе өндүртүп мурунку куданы мүңкүрөтүп туруп, анан молдого талак катын чийдирет (Сыдыкбеков). Серкебайда кеткен катыны үчүн жетим акы доолаш оюнда жок (Сыдыкбеков).
1. Балдардын ата-энесинен калган мал-мүлккө болгон укугу, жетимдерге тиешелүү үлүш. Эл соту ал балдардын жетим акысын өндүрүп берер («Чалкан»). 2. тар. Аялы башка бирөөгө кетип калганда, ага короткон мүлкү, каражаты үчүн аялдын төркүнүнөн же барган жеринен төлөнүүчү акы. Ак ойлоп, төп чечип, кеткен жетим акымды толугу менен кайрып бергиле,–деди Асантай бийлерге (Сыдыкбеков). Эң болбой калганда жетим акысын эки эсе өндүртүп мурунку куданы мүңкүрөтүп туруп, анан молдого талак катын чийдирет (Сыдыкбеков). Серкебайда кеткен катыны үчүн жетим акы доолаш оюнда жок (Сыдыкбеков).
зат.Жетим калгандык. жетимдин абалы. Ата-энесиз баламын, Жетимдигим — жаманым («Кедейкан»).Ал кезде жетимдиктин жана жокчулуктун каарын тартып жүргөн кезим эле (Тоголок Молдо).
Жетим калгандык, жетимдин абалы. Ата-энесиз баламын. Жетимдигим – жаманым (Токтогул). Мүмкүн жетимдиктин запкысын көп тартып, турмуш Даниярды тез иштөөгө үйрөткөндүр (Айтматов).
Жетим арка менен төш сөөгүнүн баш жагына бириккен кичине кабырга. Сол жаккы жетим кабыргам сынып, төбөм айрылгандыгы докторлор тарабынан маалым болду (Жантөшев).
Жарыкты же шамды айланып учуучу кичинекей боз көпөлөк. Бир жетим көпөлөк лампаны, чарк айланып, дырылдап учуп жатты (Баялинов). В.: Шайтан көпөлөк. Жайында болот шайтан көпөлөк, Ал күндүз кашаят да, түнкүсүн көрөт (Шүкүрбеков).
ЖЕТИМ-МОЙНОК — топоним. Эпос боюнча Букар шаарына жакын жерлердин бири, Семетей бала кезинде куш салып көңүл ачып жүрөт: «Жээк Акчийди басты эми, Жетим-
Мойнок төрт кыраң Муну бала ашты эле» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.)
этиш.Өзүн жетимдей, жетим калгандай сезүү. Жал-жал карайт жетимсирейт, Үн жок, сөз жок балапан (Аалы). Марфадан тирүүлөй айрылган экенбиз го, — деди.. шахтёрлордун бири жетимсиреп (Сасыкбаев).
зат.Жетим бала(эркелетүү маанисинде). Обдулуп он үч жашар бир жетимче Сүйлөдү жаман тонун чечип салып (Бөкөнбаев). Жетимче Жолон чоңойгон, Таякенин колунда (Барпы).