ЖЕРКЕН
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖЕРКЕН (Жаркент) — топоним. Эпосто кыргыздар эзелтеден ээлик кылып келген өрөөн, шаар.
Ээ боло албай малына,
Эми келди байыңыз
Кашкар менен Жеркендин
Как ортосу шаарына (Сагымбай Орозбаков, 1. 173),
— деп Жакыптын агасы Байдын Кашкар менен Ж-ди ортолоп келгени айтылат. Географиялык реалияда — Яркенд — Синьцзяндагы шаар жана суу.