ЖЕҢИЛ БАА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Орунсуз сүйлөп, болор-болбос, өйдө-төмөн иштерге орду жок киришип, туура эмес иш кылып кадыр-баркын кетирип, баасын төмөндөтүп алган. Езеф бул саам чолок акылга жеңдирип, көпчүлүккө жеңил баа боло түшкөнүнө кейиди (Ашымбаев). Койчу, мени ошончолук эле жеңил баа деп ойлойсуңбу? (Бейшеналиев).