ЖЕТИЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жетиштүү болуу, бир нерсеге колу жетүү, оңолуу. Акыр өлбөсөң, да бир күн жетилип кетесиң,– деди кемпир (Элебаев). Жетилсин деп жардыны, Санабадың беш, каман (Токтогул). 2. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, бышуу, толуп жетүү. Карганын балапаны деле канаты жетилип өзүнчө кетти. (Шүкүрбеков). Ак өрүк бышып, мөмөлөр жетиле баштады (Абдукаримов). Мен го анда кичине, Жетилбеген баламын (Шамшиев).