Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан сүйүнүү, көңүлү көтөрүлүп, абдан толкундануу, көңүлү ачык, жайдары абалда болуу. – Өзүм адам кейпине келип, кызматым гана тургай, бүт турмушум сонун боло баштаган үчүн жер-сууга батпай жүрөм. (Эсенкожоев). Балалуу болгонумда жер-сууга батпай, көңүлүм кушбак болуп жүрдүм (Абдукаримов). В.: Жерге батпоо. Калпа ажынын билермандарынын көзүнчө көтөрө чалганына, Бошкой жерге батпай калды (Бейшеналиев). Сабыр чоң атасынын мактаганына жерге батпай кетти (Жусупов).