ЖЕР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Күндү тегерете жана өзүнүн огунда айлануучу күндөн кийинки үчүнчү планета. Жер Күндү тегеренет. 2. Кургактык (океан, деңиз ж. б. сууларга карама-каршы түшүнүктө). Моряктар горизонтто жерди көрүштү. 3. Биздин планетанын үстүнкү бети, үстүнкү катмары, кыртыш, топурак. Борпоң жер. Кара топурактуу жер. Ак чополуу жер. Таштуу жер. Семиз жер. 4. Айдоо, жайыт, чабык катарында пайдаланыла турган аянт, белгилүү бир участок. Чабынды жерлерибиздин көпчүлүгүнө машина жүрө албайт (Убукеев). Айдоо жерлер кеңиди, Ак буудай арбын себилди (Үмөталиев). 5. Өлкө, мекен, мамлекет. Ошентип, Мыскал жаш өмүрдүн кымбат доорун Украина жеринде өткөрүп келди (Сыдыкбеков). Киндик каным тамган жер, Кеңеши бирге тууган эл (Нуркамал). Туулган жер Мыскалдын көзүнө алда эмнедей көрүнөт (Сыдыкбеков). 6. Орун, белгилүү бир жай. Тандап алган жери – береги көлгө кирип барган булуңча (Сыдыкбеков). Ар жерден боз үйлөрдү көзүң чалат (Шүкүрбеков). // Кандайдыр бир өлчөмдүү аралык. Алтын Чолпонду кыйла жерге узатып барды (Байтемиров). Дал суунун орто жерине келгенде карады эки жакты (Шүкүрбеков). || Көбүнчө келген тарап же келин болуп келүүчү кыздын төркүндөрү, куда тарап. Келин жаман эмес, келген жер жаман (макал). Арзыган жерден кыз алса, Адамга ушул жыргал да («Олжобай менен Кишимжан»). 7. Дененин же кандайдыр бир нерселердин айрым бөлүгү. Бир жериңиз ооруган жокпу? (Байтемиров). Көйнөгүнүн бир жери айрылып калыптыр («Жаш ленинчи»). 8. Кандайдыр бир нерселердин, иштин, жөнүн, шартын, ал-абалын билдирүүдө колдонулат. Андрейдин аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров). Бурулча иштин ток этер жерине өттү (Байтемиров). Капа болом баарыңа, Ак жерден өлгөн Сарыга (Токтогул). Жакшы жери анча алыс эмес (Сыдыкбеков). Барпы жок жерден алтын тапкандай сүйүнүп кетти (Байтемиров).