ЖЕСИР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эри өлгөн аял. А дегенде бардык көңүл кадырман карынын жаш жесирине бурулду (Сыдыкбеков). Тамаша кылба жыртаңдап, Эри өлгөн аял жесирге (Токтогул). Караламан калк түгүл, Кашында жесир олтурат, Кайып сындуу каныңыз («Манас» С. О.). Анда мен, белсенип жесир калганым. Чарыкты бутка таңганым («Эл адабияты»). || сейр. Аялы өлгөн эркек. Менин жанымды жечү балабы, Бай Жакып жесир калабы («Манас»).