ЖЕНТЕК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жаңы төрөлгөн баланын кубанычына арналып берилүүчү сый тамак. Мурда берилүүчү тамактардын ичинде сары май болушу шарт болгон, карынга салынган май бузулган. Чакырып журтка бериптир, Сегиз бээ союп жентекти. («Манас» С. О.). О, бешик боо бек болсун! Уулдуу болуптур деп угуп, жентек жейли деп келдик («Ала-Тоо»). Жыт чыгарып, боорсок жасап, элге жентек берип жатышкан экен (Байтемиров).