Жеке мүлктүк эмес укук
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЖЕКЕ МҮЛКТҮК ЭМЕС УКУК – жарандык укуктардын (мүлктүк укук менен бир катардагы) бир түрү. Материалдык эмес ыңгайлуулуктар боюнча пайда болот, инсандан бөлүнгүс келет, экономикалык маани-маңызга ээ эмес. Ж. м. э. у. өзүнө төмөнкү укуктарды камтыйт: ысымга; өздүк ойлоп табуусуна; автордук; жашаган жерин тандоо; абийрин жана ар-намысын коргоо ж. б.). Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте маркумга таандык Ж. м. э. у. башкалар тарабынан, анын ичинде укук ээсинин мураскорлору тарабынан ишке ашырылышы жана корголушу мүмкүн.