ЖЕМИН ЖЕДИРБӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөгө алдатып ийбөө, жеңилип калбай өз укугун, өз намысын талашып теңтайлашкандай кудурети болуу. Осмонго жемиңди жедирчү болсоң, тилиңди бууйбуз (Осмоналиев). Жамийла да бирөөгө жемин жегизбеген өжөр, айтышканы менен айтыша турган (Айтматов). Неткен менен бири-бирине жемин жедире койчу да эмес (Өмүрбаев).