ЖЕЗ КЕМПИР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Жомоктордо айтылуучу тырмактарынын, тумшугунун учу жез, сыйкырдуу, мыкаачы кемпир деген мааниде. Кээде жез кемпирлер укмуштуу сүрөттөлгөндө, абдан коркор элек (Шүкүрбеков). 2. өт. Колунан жакшылык келбеген, абдан катаал, ырайымсыз, митайым, шум (көбүнчө кемпирлерге, аялдарга карата). Ал жез кемпирден сен эмне жакшылык кутуп жүрөсүң? - деп, эжем мени жекирип, колдон алып жетелеп кетти («Ала-Тоо»).