ЖЕР КАРОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир нерсеге кыжалат болгондой шылкыюу, оңтойсуз абалда болуу, баш көтөрбөө, уялып бирөөгө тике карай албоо. Мүмкүн Ысак өзү болгондо планды мынчалык көкөлөтпөй эле алына чактап кабылдамак, эми минтип эл алдында жер карап отурабыз (Исмаилов). Ачууга алдырганың ал. Эртең эле жер карайсың (Айтматов). Футбол талаасын өз күчүбүз менен куруп алабыз деген аракетибиз оңунан чыкпай, жер карап калдык («Советтик Кыргызстан»). Кандайдыр бир кара сакалдын доосу менен эл караган бетим жер карап олтурса эмненин тамтыгы! (Каимов).