Киргизско-русский словарь Юдахина
Большая Медведица (другие названия этого созвездия: Жети Аркар и Жети Каракчы);
Ошол Жети Каракчынын аты Жетиген аталып калыптыр фольк. (с тех пор) эти Семь Воров стали называться Жетиген;
Жетиген жак или Жетиген тарап или Жетигендин тарабы северная сторона, север;
Жетиген кыям см. кыям.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕТИГЕН — эки жылдыздар тобу: бири — Чоң Ж., экинчиси — Кичи Ж. Бул эки жылдыздар тобунун уюткусу кичи Ж-ге таандык болгон Алтын казык жылдызына байланышкан. Кыргыз элинин уламышында Алтын казыкка Ак боз ат, Көк боз ат байланып турат. Ал эки жылдыз Алтын казыкка аябай жакын жайгашкан. Аларды уурдап кетсек деп жети каракчы түн бою айланып жүрөт, бирок түн сайын чечип аларыңда таң атып кетип, Ак боз ат менен Көк боз атты уурдай албай калышат экен. Уламыштагы жети каракчы демейдеги Чоң Ж-ге туура келет. Ж. деген сөздүн өзү жети кан деген эки сөздүн биригишинен пайда болгон. Алтай элинин оозеки чыгармачылыгында кыргызча каракчыга байланыштуу айтылган легенда жети канга (канга) ыйгарылып алигиче айтылат. Болжолу ошондой кылымдарда түрктөр Ак боз ат менен Көк боз атты алганы жүргөн жети кишинин каганы (каан, кан, хан) деп түшүнгөн. Эпосто Ж. географиялык багыттарды туюндуруучу терминдердин бири. Түн. тарап деген маанини билдирет. Көкөтөйдүн керээзинде:
Какандын шаарын каралап,
Каз моюл журтун аралап,
Жетиген жакка барбасын.
Жетимурук журту бар,
Желмогуздай ушулар (Сагымбай Орозбаков, 3. 12).

Ж. багыт катары эпостун башка эпизоддорунда башкача айтканда эл көчкөндө, тигил же бул жердин ордун белгилөөдө арбын колдонулган:
«Эми көчүп бул жерден
Жетиген жакка кетеби» (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).
Жетигендин тарабы
Жери Кенжут карады,
Күн чыгышы Ималай
Шолорду да жердеген
Шооруктун эли бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 203).

К. Сейдакматов

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Асмандын түндүк тарабында турган чөмүч сыяктанган формадагы жарык жылдыздардын тобунун атын билдирген сөз жети+хан деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан (Щербак, 1961, 102). Алтай тилинде жылдыз болуп калган жети хан жөнүндөгү легенда алигиче айтылат. Алгачкы жети+кан сөздөрү бириккенде к тыбышы жумшарып, а тыбышы алдыңкы үндүүлөрдү ээрчип э тыбышына өзгөргөн: жети кан>жетиген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Топ жылдыздын аты. Үркөр төбөдөн кыйшайып, жетиген жамбашта жүрсө, ай жаңы гана чыккан (Жантөшев). Жетиген жылдыз батканча, Жети айланып эмизген (Токтогул). 2. Кыргыздын бир уруусунун аты. Көк милтени чоктотуп, Жетигендин тарабын, Жеткизбестен токтотуп («Манас»).