Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан оор абалга дуушар болуп өзүн начар сезип, эсин жоготуп бараткандай абалда айласы кетип туруу. Бир бутунан ажыраганын билгенде, Төлөмүштүн көңүлү караңгылап, жер көчүп кетти (Бердикеев). Шволиктин ыманы-заман болуп, алдынан жер көчтү (Ашымбаев). Бермет эстен танып, көзүнө эчтеме көрүнбөй, жер көчүп, нары-бери басып жүрдү (Абдукаимов). Менин да башым айланып, жер көчүп бара жаткансыйт (Айтматов).