Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕДИГЕР — этноним. Эпостун бүт дээрлик варианттарында кыргыз урууларынын бири катары учурайт: «Кыргыз уулу бу дагы, Улугу Багыш Жедигер» (Сагымбай Орозбаков, 3. 53). Сагымбай Орозбак уулу айткан варианттагы айрым саптарга («Казак, кыргыз, катаган, Жедигер, нойгут, думара Баарыбыз бир атадан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 53) жана тектеш элдердин санжыра маалыматтарына караганда Ж. түрк элдеринде алгачкы пайда болгон ири урууга кирет. «Мажму аттаврихте» Ж-лер отузуулдун ичиндеги уруу деп айтылат.