ЖЕКЕСАН
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖЕКЕСАН — 1) эпосто баатырлардын кооздолуп жасалган өтүгү: «Жекесан бутта чойкоюп, Желектүү найза койкоюп» (Сагымбай Орозбаков, 2. 53); 2) кербен баштаган атан төөгө тагылган коңгуроо: «Коңгуроолуу кара нар колго көчү барабар». Ж. кыргыздарда музыкалык аспап милдетин да аткарган: «Жебилгеси жер чийип, жекесаны баш жарып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 157). Мындай аспаптар октавага күүлөнгөн; көлөмүн чоңойтуп, үнүн төмөндөтүүгө, кичирейтүү менен бийиктетүүгө жетишилген.