этиш.1. Колунан кармап же коштоп ээрчитип алуу. Чаргын Айшаны антаңдатып жетелеп алган (Сыдыкбеков). Алды жакта атты жетелеп Алымкул баратат (Абдукаримов). 2. Жол баштоо, жол көрсөтүү, башкаруу, ээрчитүү. Комсомолдор алдыбызда Жол көрсөтөт жетелеп (Осмонкул). Жетелеп төтө менен алып барчу, Кулак сал, Лениндин партиясы (Турусбеков). Туйлаган азоо турмушту Ээрчиттик бүгүн жетелеп (Аалы).
Тарыхый жагынан алганда жетеле этиши жет+еле морфемаларынан куралган. Байыркы түрк тилинде йет этишинин өзү эле «жетеле» маанисин берген (ДТС, 258). Ошол уңгу сөз кыргыз тилинде байыркы калыбында сакталбай, ага кыймыл-аракеттин көп кайталанганын билгизе турган -ала мүчөсү жалганган түрү менен бирге айтылганы гана колдонулуп калган. Ал эми жетек, жетекчи сөздөрүндө этиштин зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганып, жетек сөзү жаралган.
1. Колунан кармап же коштоп ээрчитип алуу. Маданият кичинекей бөбөгүн жетелеп ойноп жүрдү (Сасыкбаев). Коштоо атын жетелеп, Курман илгери жөнөдү (Убукеев). Ороктун үч эрден чыккан сойкусун жетелеп келген тура, мүшкүл (Сыдыкбеков). 2. Акыл айтуу, жол көрсөтүү, жол баштоо, ээрчитүү. Ар сабактан көмөктөш, Алга сени жетелеп (Нуркамал). Эрк таңына эмгекчини жетелеп, Бакты берип маңдайынан сылаган (Калык).
ЖЕТЕЛЕК — мифтик кейипкер. Жомоктук-мифтик жаныбарлардын арасында суу адамы катары айтылат: «Дагы суунун адамы Жетелек деген жини бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).
ведомый в поводу; тот, кого ведут в поводу; азыр мен жетелеме тайлакмын фольк. я ещё пока ведомый в поводу верблюжонок (т.е. не взрослый, не самостоятельный человек).
возвр. отжетеле- 1. быть ведомым в поводу, идти в поводу; алчыланган Тайбуурул жетеленип калыптыр фольк. горячий (конь) Тайбурул (теперь) идёт в поводу (на нём уже не гарцует богатырь); 2. перен. идти на поводу; эскичиликке жетелен- идти на поводу у старого (быта и т.п.), быть в плену у старого.
понуд. отжетеле- 1. заставить вести в поводу; айырмачка таңылып жетелеткен бала ребёнок, который (сидит на лошади, будучи) привязан к седлу и лошадь которого ведут в поводу; төө жетелет- приказать вести в поводу верблюда или караван верблюдов; 2. перен. быть у кого-л. на поводу, позволить кому-л. вести себя на поводу; чылбыр өз колубузда болбой, Саадатка жетелетипбиз ввиду того, что поводок оказался не в наших руках, мы допустили, что нами правит Саадат.