жетеле
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Колунан кармап же коштоп ээрчитип алуу. Чаргын Айшаны антаңдатып жетелеп алган (Сыдыкбеков). Алды жакта атты жетелеп Алымкул баратат (Абдукаримов).
2. Жол баштоо, жол көрсөтүү, башкаруу, ээрчитүү. Комсомолдор алдыбызда Жол көрсөтөт жетелеп (Осмонкул). Жетелеп төтө менен алып барчу, Кулак сал, Лениндин партиясы (Турусбеков). Туйлаган азоо турмушту Ээрчиттик бүгүн жетелеп (Аалы).