ЖЕҢИЛ II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Анчалык оор абалда болбоо, азая түшүү, оордугу азаюу. Машинадагы жүктөрдөн бир топ алгандан кийин жеңилдей түштү («Ала-Тоо»). Тердеймин деп тартынба, Тер чыкса денең жеңилет (Маликов). Кол орок кетип музейге, Кол эс алды жеңилип (Үмөталиев). 2. Өзүн жакшы сезүү, сергий түшүү, кандайдыр бир оор нерседен, оор абалдан кутулгандай болуу, эс ала түшүү, жеңилдей түшүү.