ЖЕСЕК
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖЕСЕК — чалгын, кароол, сакчылык, күзөт. Ж-чи, чалгынчы, кароолчу, күзөтчү маанилерин билдирет. «Семетей» бөлүгүндө Ж. тууралуу мындай маалымат берилет:
Эл башкарып, жер болжоп
Жезекчи Жойку капыры,
Семетей башын кесүүгө
Кумарланган баатырың (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 286), к. Чалгын чалуу.
Эл башкарып, жер болжоп
Жезекчи Жойку капыры,
Семетей башын кесүүгө
Кумарланган баатырың (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 286), к. Чалгын чалуу.