ЖЕРГИЛИКТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ушул жерлик, мурдатан ушул жерде туруктуу жашап келген, башка жактык эмес. Жергиликтүү эл. Чаңкайган ак сарай үйлөргө алды менен жергиликтүү бечараларды орноштурушту (Элебаев). Кербен сарайда конгон кишилердин кимиси жергиликтүү, кимиси келгин экенин билбейсиң (Абдукаримов). 2. Белгилүү бир жайга, территорияга гана мүнөздүү болгон, ошого таандык (көрүнүш, салт ж. б. карата). Жергиликтүү тил. Жергиликтүү салт. || Жалпы мамлекеттик эмес, белгилүү территорияга, районго таандык, ошол чөйрөгө тиешеси бар. Жергиликтүү уюмдар. Жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү совет. || Башка жактан алынып келбеген, ушул жердин өзүндө өндүрүлгөн, даярдалган, ушул жерде мурдатан бар болгон. Жергиликтүү товарлар. Жергиликтүү сырье. Жергиликтүү өнөр жай.