жемсөө
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Канаттуулардын, айрым курт-кумурскалардын, үлүлдөрдүн ж.б. жеген жеми аш казанга түшүүдөн мурда жыйналып, жумшартылып тура турган кызыл өңгөчтөн моюн жакка орношкон кең бөлүгү. Кексе карт жорулар.. чоң жемсөөлөрүн көтөрүшүп, коомай кыймылдары менен айланасын карап, сактанган болушат (Аалы).
¨ Кара жемсөө — эл жегич, зулум. Кара жемсөө калкка зыян келтирет. Өткөн менен кеткенди Канап-бутап жоготкон, Кара жемсөө хан кайсы («Манас»).
¨ Кара жемсөө — эл жегич, зулум. Кара жемсөө калкка зыян келтирет. Өткөн менен кеткенди Канап-бутап жоготкон, Кара жемсөө хан кайсы («Манас»).