этиш. 1. Жатыркоо, четтөө, качуу. Сайраса боюм эриди, Санааны жаным жериди («Семетей»). Казы, чучук жесем деп, Жарма, нанды жерибе! («Ала -Тоо»).
2. Өзүнүн баласын жанына жолотпой, эмизбей, бакпай коюу. Кой козусун жерип кетти. Антпесе козуну энеси жерип чатак салат (Жантөшев).
1. чуждаться, отчуждаться, не признавать своим близким; покидать;
кыз быякта турсун, эми өзүн өзү жерий баштады не только девушек, он (даже) сам себя начал чуждаться;
антыңды бузуп, сен өзүң мени такыр жерипсиң стих. нарушив клятву свою, ты совсем покинул меня;
2. не подпускать к себе своего детёныша;
кой козусун жерип кетти овца не подпустила к себе своего ягнёнка;
козусун эмизбей, жерип кеткен койлорго кайра козусун алдырды он опять припустил ягнят к маткам, которые их бросили, не давали сосать.
Жатыркоо, четтөө, тажоо, көргүсү келбөө. Сайраса боюм эриди, Санааны жаным жериди («Семетей»). Казы, чучук жегем деп, Жарма нанды жерибе («Ала-Тоо»). Ата-эне бапестеп өстүргөн баласын эч качан жерип кете албайт (Бейшеналиев). // Өз баласын жанына жолотпой, эмизбей, бакпай коюу (көбүнчө малга карата). А дегенде уйлар музоолорду жерип эмизбеген учуру көп болду («Айыл чарба»).
Жөнү жок, негизи жок. Анын бизге таарына турган жери жок. Барам деп коюп, эми анын арсарсый турган жери жок. Тез келсин. Айта бар.
жерик I
то же, что талгак 1;
жетпей жолборс жүрөгү, жинди болуп, байбиче жеригинен жүдөдү фольк. (беременная) жена, когда всё не поступало сердце тигра (которого она желала), бесновалась и похудела от привередливости.
жерик- II
отвратиться, покинуть;
аракты арбын ичпесе, акыл кайдан жериксин фольк. если не пить много водки, то как ум покинет? (если теряют рассудок, то от пьянства).
Боюнда бар аялдын өзүнчө оорусу, кандайдыр бир тамакты өтө күсөп, башка тамактарды көргүсү келбегендиги. Талгак. Жетпей жолборс жүрөгү, Жинди болуп байбиче, Жеригинен жүдөдү («Манас»).
Жек көрүү, көргүсү келбөө, жерүү. Аракты арбын ичпесе, Акыл кайдан жериксин (Осмонкул).
Бирди көрсөтүү, акесин таанытуу, катуу жазалоо. Ошентип эле көрсүнчү, тим эле жерине жеткирейин, - деп күпүлдөдү («Чалкан»).
Бирди көрсөтүү, акесин таанытуу, катуу жазалоо. Ошентип эле көрсүнчү, тим эле жерине жеткирейин, – деп күпүлдөдү («Чалкан»).
жери этишинин аркылуу мамилеси.
понуд. от жери-;
бир койду да козусунан жеритпеди он не допустил, чтобы хоть одна овца бросила своего ягнёнка.
жери этишинин аркылуу мамилеси. Дос жеритип сүйлөйт, душман эритип сүйлөйт (макал).