ЖЕҢИЛДИК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жеңил болгондук, салмагы аздык, оор эместик, анчалык оор эмес салмакта болгондук. Канча кылган менен жыгачтын суудан жеңилдик касиети да («Советтик Кыргызстан»). 2. Жөнөкөйлүк, татаал эместик кыйын эместик, оңойлук. Айрым темалардын оор жеңилдигине карай сааттарды биринен бирине жылыштырууга болот. Бул иш аларга жеңилдик кылат. 3. Оор басырыктуу эместик, шашмалык, токтоо эместик, жеңил мүнөздө болгондук. Анан сага ушундай жеңилдик кылыш жарайбы? (Жантөшев). 4. Кандайдыр бир оор абалдан, кыйынчылыктан жеңилдей түшкөндүк. Бирок андан менин жүрөгүмө жеңилдик боло албайт («Ала-Тоо»). 5. Башкаларга караганда жеңилдетилген шарттар, артыкчылыктар. Налогдорду төлөө боюнча жеңилдиктер.