жеңилде
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Оордугу азаюу, салмагын азайтуу, жеңил болуу. Чолпон жеңем жеңилдеген: Элечегин таштаган (Бөкөнбаев).
2. Оңолуу, түзүк абалга келе баштоо. Оорусу мурдагыдан жеңилдеп, айыгайын деп калды.
3. Сергектенүү, өзүн жеңил сезүү. Жуунганда денеси чыйралып, жеңилдей түштү («Эл акындары»).
4. Оңой, жөнөкөй болуу.