ЖЕЗ ТАҢДАЙ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Сөзгө чебер, чечен, акындыгы жетик. Алтын жаак, жез таңдай Ырчы болгон экенсиң (Токтогул). - Кана, жез таңдай! Баккоргонду мактоочу кезиң келди го, эми? (Осмоналиев). Музооке аке, «кылды тырмап мал тапкан, сөзү менен жан баккан» өнөрлүү жез таңдай эле (Бейшеналиев).