Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Канаттуулардын, айрым курт-кумурскалардын, үлүлдөрдүн ж.б. жеген жеми аш казанга түшүүдөн мурда жыйналып, жумшартылып тура турган кызыл өңгөчтөн моюн жакка орношкон кең бөлүгү. Кексе карт жорулар.. чоң жемсөөлөрүн көтөрүшүп, коомай кыймылдары менен айланасын карап, сактанган болушат (Аалы).
¨ Кара жемсөөэл жегич, зулум. Кара жемсөө калкка зыян келтирет. Өткөн менен кеткенди Канап-бутап жоготкон, Кара жемсөө хан кайсы («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Канаттуулардын жеген жеми ашказанга түшүүдөн мурда жыйналып, жумшартылып тура турган кызыл өңгөчтүн моюн жакка орношкон кең бөлүгү. Жорулар чоң жемсөөлөрүн көтөрүшүп, коомай кыймылдары менен айланасын карап, сактанган болушат (Токомбаев).