Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Кыргыз адабий тилинде жана көпчүлүк говорлорунда жентек түрүндө айтылган сөз Талас өрөөнүндө жээнтек болуп айтылат. Жаңы төрөлгөн баланын тай энеси май жана талкан алып келип, аны ошол айылдагы кишилерге таратып берет. Май кошкон талкан жээн табак аталат. Той берген учурда да жээн табак аттуу табак ар бир жээнге өзүнчө тартылат. Ушуга караганда алгачкы жээн табак деген сөздөр биригип, ортосундагы тыбыштары түшүп, жээнтек түрүнө келип, кийин созулма үндүүсү да кыскарып, жентек болуп калган.