ЖЕЗ ТАҢДАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сөзгө чебер, жеткен чечен, мыкты акын. Апаңды тартсаң, жез таңдай атыгасың (Токомбаев). Алтын жаак, жез таңдай, Ырчы болгон экенсиң (Токтогул). – Кана, жез таңдай! Баккоргонду мактоочу кезиң келди го, эми? (Осмоналиев). Музооке аке, «кылды тырмап мал тапкан, сөзү менен жан баккан» өнөрлүү жез таңдай эле (Бейшеналиев).