ЖЕТИ АТАСЫН КӨЗҮНӨ КӨРГӨЗҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып, Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, – деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).