жеңиш
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Согушта, жоокерчиликте ээ болгон ийгилик, жеңип алуу салтанаты. Фашисттик Германия менен болгон согушта биздин элибиз улуу жеңишке ээ болду («Ала-Тоо»).
- 2. Спортто, жарышта, мелдеште ээ болгон, жеңип алынган, жетишилген ийгилик, жакшы натыйжа. Спорттук жеңиш. Шахмат оюнунда ээ болгон жеңиш.
- 3. Кандайдыр бир иште, эмгекте же белгилүү бир максатка карата жетишилген ийгилик, түзүк натыйжа. Ленинизмдин туусу астында.. партиябыз зор жеңиштерге ээ болду («Коммунист»). Куттуктайм эмгек балбанын Эмгекте жеңиш алганын (Сасыкбаев).