Киргизско-русский словарь Юдахина
1. глаз;
баш - акылдын кабы, көз - жандын айнеги погов. голова - сосуд ума, глаз - зеркало души;
сол көз левый глаз;
оң көз правый глаз;
оң көзү перен. его правая рука;
оң көзү болушкан эки жигити два джигита (см. жигит 3) - его правая рука;
көздүн карасы радужная оболочка глаза;
көздүн агы белок глаза;
көзүнүн агы менен карады он злобно, враждебно посмотрел (букв. посмотрел белками глаз);
көздүн чанагы или южн. көздүн к с си глазная впадина, глазная орбита;
көзү чанагынан чыгып, өтө шашып кирет он торопливо входит, глаза у него (от испуга) вылезли из орбит;
көздүн кареги зрачок, зеница ока;
көздүн карегиндей сакта- беречь как зеницу ока;
көзүнө ак түштү у него на глазу появилось бельмо;
көзүнүн төбөсү менен карады
1) он посмотрел исподлобья;
2) он злобно посмотрел;
жөн эле көз менен или жөнөкөй көз менен невооружённым глазом;
көздүн майы жир глазного яблока;
көзүнүн майы түгөндү (о человеке и лошади) он совершенно изнурился, отощал (букв. у него жир глаз иссяк);
ой, эки көздүн чарасы айрылган тура майынан стих. ведь он совсем изнурён;
окуй берип, көзүмдүн майы (или көз майым) түгөндү я столько читал, что глаза утомил;
көздүн майы түгөнгүчө кара- все глаза проглядеть;
көзү караган жакка куда глаза глядят;
көзүнчө на его глазах, не скрывая от него;
көзмө-көз лично (букв. с глазу на глаз);
аны менен көзмө-көз сүйлөштүм я с ним разговаривал лично;
көз көрүнө явно, открыто;
көз кыс- подмигивать;
көзү тик у него проницательный взгляд;
көз караш прям. , перен. взгляд; воззрение;
көз сал- присматривать, ухаживать, заботиться; следить;
мен өлсөм, менин энеме көз сал если я умру, то заботься о моей матери;
көз бол- присматривать, зорко следить;
атыңа көз бол присматривай за своим конём;
көзгө айт- сказать в глаза;
көздөн кайып бол- вмиг скрыться из виду, скрыться с глаз;
жүр, көздөн кайып бололу идём, скорее скроемся;
бир көзүн аса, бир көзүн баса караган неме (о раскосом человеке) у него один глаз на нас, а другой - на Арзамас;
өлгөн койдун көзүндөй остекленелые глаза (букв. глаза, как у мёртвой овцы);
өзүн көз кылып туруп в его присутствии, сделав так, чтобы он видел лично;
көз менен болжоп прикинув на глаз;
көз жум-
1) зажмурить глаза;
2) перен. с предшеств. исх. п. распроститься;
Нарындан көз жумдук мы распростились с Нарыном;
көз жумду кылып перен. махнув рукой (будь, что будет);
көз чаптыр- окинуть взглядом;
көзгө атар меткий стрелок (букв. в глаз стреляющий);
көз ат- южн. смотреть жадно, с завистью;
көзгө көрүн-
1) быть заметным, виднеться;
2) перен. выделяться (среди других);
көзүн албай (он) не отрывая глаз;
көзүн албай карайт он смотрит, не отрывая глаз;
көзгө илбей совершенно не замечая, не придавая значения;
көз көрбөгөн рекорд невиданный рекорд;
көздүн учунда вдали, куда едва глаз достаёт;
осмо көз южн. брови (букв глаза), крашенные усьмой;
көзүң аккыр! чтоб тебе ослепнуть!;
көзү аксын! чтоб ему ослепнуть (букв. пусть вытекут его глаза) !;
көз таңмай или южн. көз байламай жмурки (игра);
2. ушко, петелька; узенькое отверстие;
ийненин көзү
1) ушко иглы;
2) (в сравнениях) малейший;
ийненин көзүндөй гана жумуш калган работы осталось очень мало (букв. с игольное ушко);
ийненин көзүндөй таасир эте албайт не окажет ни малейшего влияния;
кулпунун көзү замочная скважина; отверстие в замке, куда вставляется ключ;
3. каждая из двух половин курджуна;
куржундун бир көзү одна половина курджуна;
куржундун эки көзү толтура китеп, журнал, газеталар ала келди он привёз полный курджун книг, журналов, газет;
куржундyн эки көзү тең шыкай толуп чыкты обе половины курджуна наполнились до краёв;
4. глазок (напр. в кольце);
5. петля силка;
тузактын көзү сайын бирден кекилик в каждой петле силка по одной куропатке;
тузакты кайра тартып, көздөрүн оңдоп койду опять натянув нить силков, он поправил петли;
6. южн. вечея (круглое отверстие в мельничном жёрнове);
7. сглаз (в поверьях);
көзү тийди он сглазил;
бирөөнүн көзү болду кто-то сглазил;
көкүлгө үкү тактырган, бирөөнүн көзү болор деп, көмүскөй жерге бактырган фольк. чтобы кто-нибудь не сглазил, он приказал прицепить к чёлке (коня) перо филина и держать его (т.е. коня) в потайном месте;
8. перекос (в ткани);
көзү бар экен, кыйшык айрылып жатат есть перекос, криво рвётся;
9. именно тот, то (не подмена, не эквивалент);
аттарынын көзүн берип отдав (возвратив) их собственных коней (а не замену);
саткан жеринен койдун көзү таанылып, анын уурулугу чыгып калды в тот момент, когда он продавал, (хозяином) была опознана овца, и факт его воровства обнаружился;
жоголгон аттын көзүн кармадым я поймал (нашёл) пропавшего коня;
уурдалган буюмдардын көзү табылды украденные (именно те) вещи нашлись;
атам менен энемдин как караган көзүмүн фольк. именно я единственная надежда и опора своих родителей;
көзү кызарып кетти или көзү кызыл болду он заважничал, возгордился (букв. у него глаза стали красные);
кийиктин жүргөн тоосу бийик болсо, көзү кызыл болот погов. если гора, по которой ходит киик, высока, он важничает (о человеке, который добился высокого положения или пользуется высоким покровительством);
көз арт- зариться;
көздөн уч- быть объектом большого желания;
баласы көзүнөн учту он с нетерпением ждёт своего сына; он тоскует о своём сыне;
көзүмөн учтуң я тебя очень хотел видеть;
тарбыз көзүнөн учту ему очень захотелось арбуза;
балык көз блёстка;
сорпонун балык көз майы бар на бульоне есть блёстки жира;
көз жар-
1) (о женщине) родить, благополучно родить;
көз жарсаң, эми эр болсун балаң если ты (благополучно) родишь, пусть сын твой будет молодцем;
менин көз жарып көргөн уулум мой первый сын;
2) (о ребёнке) родиться;
таң аппак атып калган кезде бала көз жарды когда совсем рассветало, ребенок родился;
курсактагы бала аман көз жарса если ребёнок, что во чреве, благополучно родится;
көз ачып көргөн бала (у матери) первенец;
көзүмдү ачып, көргөн балам мой первенец (букв. мой ребёнок, которого я, открыв глаза, увидела);
көзү жетти он убедился;
көзү жетет для него ясно;
көзү жетпейт он не уверен; он не убеждён;
көз жеткирбей точно не удостоверившись;
көзгө басар заметный глазу; заслуживающий внимания; то, чем можно похвалиться;
көзгө басар жигит болуп калган уулу бар у него есть сын - уже видный парень;
көзгө басар жалгыз боз үй жок эле (там) не было ни одной юрты, которая бы бросилась в глаза (т.е. хорошей);
көрөйүн деген көзүм жок глаза бы мои не глядели; смотреть-то противно; век бы не видал;
сени көрөйүн деген көзү жок он тебя ненавидит;
көрөйүн деген көзү жок, айтайын деген сөзү жок фольк. он ни видеть (тебя) не хочет, ни слова сказать (тебе);
көзүнө кара- быть в зависимости, в зависимом положении от кого-л.;
баланчанын көзүнө карап турат он зависит от такого-то;
көбү алардын көзүн карашат многие находятся от них в зависимости;
көз каранды зависимый от кого-л.;
көз каранды өлкөлөр зависимые страны;
көз карандылык зависимость от кого-л.;
көзүн карат- ставить в зависимость от кого-л.;
көзүнө карабай (о деньгах, богатстве) не считаясь, не скупясь;
акчанын көзүнө карабай не считаясь с деньгами (швырять их);
мал көзүнө карабай, кызынан түк эчтеме аябай, энчи берип узатты не считаясь с количеством скота, ничего для дочери не жалея, выделив её часть, он её отправил (выдав замуж);
көзү өтүп кетти
1) он умер;
көзүңүз өтүп кетсе да, күчүңүз калды жалганда фольк. хотя вы и умерли, но сила ваша осталась в этом мире;
2) чаще с предшеств. исх. п. он смотрит с сильным желанием, жадно; он очень нуждается;
жакшы китеп көрсөм, көзүм өтөт когда я вижу хорошую книгу, у меня глаза разгораются;
курсагы ач кишинин тамактан көзү өтүп турат голодный человек жадно смотрит на пищу;
акчадан көзү өтүп кетти он очень нуждается в деньгах;
3) с предшеств. дат. п. он проявляет жестокость;
жалаң эле биз эмес, жандын баарына көзү өтүп, жабыркатып бүттү (из сказки) своей жестокостью он измучил не только нас, но и всех людей;
көзүн тазала- или көзүн таза кыл- спровадить, уничтожить; израсходовать, "приделать ноги";
дарыга алып келген беш сомдун көзүн тазалады пяти рублям, которые принёс на лекарство, он "приделал ноги" (израсходовал на другое);
токолдун көзүн тазалай турмак болгон он решил спровадить вторую жену (сделать, чтобы и духу её не было);
таптаза кылып көзүңдү, такыр кырам өзүңдү фольк. начисто тебя уничтожу, изничтожу я тебя самого;
...көзү каткан он только и думает о...; он жаждет получить...;
курулуш жыгачтарынан көзү каткан кишилер люди, жаждущие получить строительный лес;
тамактан көзү каткан он (так голоден, что) только и думает о пище;
түндө кирпиктүү көзүн (или кирпик-көзүн) каккан жок ночью он глаз не сомкнул;
көзүң жамандыкты көрбөсүн! не приведи бог видеть (такой ужас или такая мерзость);
көз көрсөтүп кайт-
1) показаться (пойти и сейчас же вернуться);
2) сказать последнее "прости" (проститься с покойником);
көз көрсөтүш керек нужно показаться (сходить, съездить ненадолго);
көзү жумулуп кетти он умер (букв. его глаза закрылись);
көзүн сат- находиться в нужде; смотреть из чужих рук; смотреть просительно;
жалгыз балам Шайымбет ар кимге көзүн саткандыр фольк. мой единственный сын Шайымбет, пожалуй, смотрит из чужих рук;
көзү тартып жатат ему что-то предстоит (букв. у него глаз подёргивает);
көзүң тартса, кубанасың раз у тебя глаз подёргивает, ты будешь радоваться;
көз толмой сев. веретено с полной намоткой пряжи;
ак көз или Алайдын ак көз один из видов беркута;
алчы көз южн. жулик, мошенник;
ач көз жадный, завистливый;
көзү ачык
1) ясновидящий, прозорливец;
2) здравомыслящий;
3) ещё не достигший совершенства бахши;
көзү ачык өт- (притяж:. аффикс 3 л. сохраняется для 1 и.2 л.) прожить жизнь, не достигнув желаемого (букв. прожить жизнь с открытыми глазами);
көзү ачык өттү он умер, не испытав хорошей жизни, не получив от жизни удовольствия;
дүйнөдөн көзү ачык өтөмбү - ай? неужели мне суждено прожить жизнь без радости?
көзү туюк киши тёмный, необразованный человек;
көз жоосун ал- ласкать взор;
колхоздун малы көз жоосун алгандай шай болду колхозный скот в таком порядке, что глаз радуется;
көзү жоктун өзү жок погов. с глаз долой - из сердца вон (букв. чьих глаз нет, того и самого нет);
көзү жокто или көзү жок жерде за глаза, в его отсутствие;
көзү жок баатыр или көзү жок эр бесстрашный или бесшабашный молодец (не жалеет ни себя, ни других, не задумывается о последствиях);
көзү бар или көзү тирүү (о человеке) живой, здравствующий;
ушул күндө көзү бар ныне здравствующий;
көзүмдүн тирүүсүндө айтарым... пока я жив, хочу сказать (вот что);
көзүбүз тирүү тургандар, көрбөсөк экен ошону! фольк. (как бы хорошо было) если бы мы, живые, не увидели этого!;
эки көзүм төрт я с нетерпением ожидаю;
төрт көзүңөр түгөл, орой көзүңөр чарай отурупсуңар вот вы все сидите в полном сборе;
көзүбүз жолдо мы с нетерпением ждём (прихода, приезда);
көзү түшкөн ему приглянулось, понравилось;
өмүрүмдө эч бир аялга көзүм түшкөн жок эле, сага көзүм чындап түштү в жизни моей мне ни одна женщина не нравилась, а ты мне очень понравилась;
тору атыңызга көзүм түшүп калды мне приглянулся ваш гнедой конь;
көздөй настоящий, действительный;
көздөй киши настоящий человек; вполне надёжный человек; человек, которому вполне можно доверять;
көрөр көз ненаглядный, любимый;
көрөр көз аялы болом я буду его любимой женой;
Манастын көрөр көзү - Каныкей любимая Манаса - Каныкей;
кара көзү самый что ни на есть;
бузуктун кара көзү экен фольк. это самый настоящий пакостник;
көз айныган всё застилающий, затемняющий;
көк менен жердин арасын көз айныган чаң алган всё пространство между небом и землёй застлала пыль;
жоголгон аттын (или койдун или эски малдын) көзүндөй болуп, кайда жүрөсүң? где ты, милый мой, пропал? (как тебя приятно вдруг встретить);
иштин көзүн тааны- или иштин көзүн бил- или иштин көзүн тап- знать суть дела; разбираться в тонкостях дела, работы;
иштин көзүндө отурат он стоит во главе дела, работы;
оокаттын көзүн тап- уметь жить; уметь устраивать свою жизнь;
көзүнөн чыксын! чтоб ему пусто было!; чтоб ему неладно было!;
мени "көптү" десең, көзүңдөн чыгар! если ты считаешь, что я зазнался, пусть тебе неладно будет!;
көз байла- "отводить глаза";
көз боочу тот, кто "глаза отводит"; чародей, фокусник;
көз боочулап, адамдын көзүн байлаган фольк. чародей, околдовав, отвёл людям глаза;
көз боочудай шамдагай ловкий как фокусник;
көз байланган кез сумерки, начало вечерней темноты;
көз байланып калганда когда свечерело;
көзүңө кара!
1) смотри глазами-то!; ослеп ты, что ли!; куда прёшь!;
2) говори, да оглядывайся!; смотри, ты у меня получишь!;
жаны көзүнө көрүндү он света белого не взвидел;
жанын көзүнө көрсөт- показать ему кузькину мать; сделать так, чтобы он света не взвидел;
көзүм тойду или көзүмдүн курту өлдү я посмотрел и остался доволен; мне очень понравилось;
көзүнө толгон эч ким жок нет никого, кто бы ему понравился;
көзгө толо эмгек кыла элекмин я ещё ничего не сделал такого, что заслуживало бы внимания;
көзгө толумдуу заслуживающий внимания, одобрения;
көз тойгус такое, на что не наглядишься; такое, от чего глаз не оторвёшь; прямо загляденье!;
көз тойгус жаратылыш сулуулугу природа прекрасна (букв. красота природы - прямо загляденье);
көз тойдур- услаждать глаз; радовать взор;
душмандын көзүн тойдуруп, бул жерде жүрүп нетейин? фольк. зачем мне здесь жить, услаждая глаза врагов?
көзгө токтор видный, обращающий на себя внимание (своими достоинствами);
эл көзүнө только для видимости;
эл көзүнчө при народе, гласно, на виду;
караңгы түндө көз тапкан (даже) ночью находящий дорогу, не сбивающийся с пути;
бото көз см. бото I;
көз кырын сал- см. кыр I;
көз чеге см. чеге 1;
көз акы см. акы I;
көз жара то же, что саргарт I;
көз жаздымында см. жаздым;
көз мончок см. мончок.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын, жан-жаныбарлардын көрүү мүчөсү. Көзүң ооруса колуңду тый, ичиң ооруса тамагыңды тый (макал).
Динар көзүн бакырайтып чочуп кетти (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Бир нерсенин тешиги, жылчыгы, ачык бөлүгү, көзөнөгү. Ийненин көзү. Терезенин көзү. Тузактын көзү. Булактын көзүнө жата калып суудан жутту («Ала-Тоо»).
  2. 3.                  Куржундун бир жак бөлүгү. Мына, айланайын, куржундун эки көзү толтура буудай алып келдик (Жантөшев).
  3. 4.                  Көбүнчө шакектин кичине асыл таш, мончок ж. б. орнотулган жери, бөлүгү. Шакектин көзү.
  4. 5.                  Күндүн, айдын бети. Жылтырайт бак ичинен айдын көзү (Шүкүрбеков). Асманда ала булут калкып, кезек-кезек күндүн көзүн далдалайт («Ала-Тоо»).

¨ Көзү ачык кетүү же көзү ачык өтүү — эч жакшылык, эч жыргалчылык көрбөй өлүү; жаштайында өлүү. Ошентип, эти кабылдап, кайран [Чынар] ..көзү ачык кетти (Сыдыкбеков). Көрүнгөн байга кул болуп, Көзү ачык өтүп кетемби (Осмонкул). Көзү ачык к. ачык I. Көзү ачылуу — бир нерсеге ачык, даана түшүнүү, билүү; билимдүү, сабаттуу болуу, аң сезими өсүү. Ушул китепти окуганы көп түшүнүксүз нерселерди билип, көзүм ачылды («Ала-Тоо»). Карачы, теңдик күн келип, Жетимдин көзү ачылды (Барпы). Орой көзү чарай к. орой I. Көз ачып-жумганча — заматта, бирпаста, тез арада, антип-минткиче. Бул экөө ишиңди көз ачып-жумганча бүтүрөт (Жантөшев). Көз ачып-жумганча алда кайда узап кетишти (Жантөшев). Көз айнек к. айнек. Көз байлоодин. дубалап коюу, сыйкырлоо, жазгыруу. Дуба окуп, көз байлап, Жер астына сиздерди Азгырып алып кириптир («Эр Төштүк»). Дем салып никеге чейин көзүн байласын (Бөкөнбаев). Көз байланган кез (учур, убак ж. б.) — иңир, күүгүм кирген, каш карайган убак. Күн кечтеп, көз байланган кез (Баялинов). Көз байланган убакта Анархандар Чоко менен коштошту (Жантөшев). Көз жумуу — өлүү, каза табуу, дүйнөдөн кайтуу. [Апамдын] көз жумганына бир жыл боло элек («Ала-Тоо»). Көз көргүс — абдан алыс, узак, белгисиз. Төртөөбүз кол кармашып, кулак уккус, көз көргүс жакка кетебиз (Жантөшев). Көздөн учуу — абдан зарыл болуу, табылбоо, сагындыруу. О, чиркин эл менен жер көздөн учат (Аалы). Көздөн далдаа болуу — 1) көрүнбөө, карааны көрүнбөй калуу. Чоколор чоң капчыгайга барганда, түндүк тарапка бурулушуп, көздөн далдаа болду (Жантөшев); 2) эптеп жашырылуу, билинбей калуу, байкалбоо. Ач көз — нысапсыз, сараң, дүнүйөкор. Ач көз өлсө да дүнүйөгө тойбойт, Бирөөгө көз артканын койбойт (Шүкүрбеков). Көз чаптыруу же көз жүгүртүүжалпысынан карап чыгуу, байкоо. Каныбек айланага көз чаптырды (Жантөшев). Назаров курулуштун ары жак, бери жагына көз чаптырды (Убукеев). Көз мончок к. мончок. Көз артуукызыгуу, суктануу. Кедейдин жалгыз атына көз арткан байлар да болгон («Ала-Тоо»). Көзгө басар —1) жалгыз, бар болгон. [Бектай] Актандын көзгө басар жээни (Бейшеналиев); 2) көрүнүктүү, көзүн караган. Ошонун көзгө басар жигит болуп калган уулу бар эле (Сыдыкбеков). Көз салуу — 1) кароо, байкоо, абайлоо; сак болуу. Акбар койлордун жалпы түрүнө көз салды (Убукеев). Балам, атыңа көз сал (Сыдыкбеков); 2) көмөктөшүү, жардамдашуу, каралашуу, жардам кылуу. Айланайын журт, балама көз сала жүрө көргүлө (Турусбеков). Көзү жетүү — түшүнүү, анык билүү, ачык сезүү. Атамдын киши болбосуна көзүм жетти («Ала-Тоо»). Көз жеткис — алыс, узак, чексиз, учу-кыйры көрүнбөгөн,
болжолсуз, белгисиз. Өрдөктөр көз жеткис жакка учуп кетишти («Жаш ленинчи»). Баш-аягына көз жеткис мелмилдеген талаа. Баш-көз болуу к. баш. Көзгө илээшпөө 1) өтө тез, бат кыймылдоо. Станок көзгө илээшпей тегеренет (Бөкөнбаев); 2) өтө майда, абдан кичинекей көрүнүү. Көзүнө илбөө — 1) теңине албоо, киши катарына санабоо. Залимге сый, той, тамаша, Көзүнө илбейт кедейди (Барпы); 2) уялбоо, ийменбөө, сыйлабоо, изат кылбоо. Улууларды көзүнө илбей, кичүүлөрдү сыйлабай кеткендер бар. Мунуңар жарабайт (Убукеев). Көзгө атар — таамай аткыч, жазбай аткыч, мылтык атканга жакшы машыккан, адис болгон. Нурбай көзгө атар мергенчи болчу (Баялинов). Көз караш — 1) турмуш, табигат, коом туурасындагы түшүнүк, пикирдин системасы. Материалисттик көз караш. Илимий көз караш. Коммунисттик көз караш. Идеалисттик көз караш; 2) ой-пикир, түшүнүк. Менин көз карашымда бул эң эле түзүк, а сенин көз карашың кандай? Көзмө-көз - бетме-бет, көз алдынча. Көзмө-көз сүйлөшүү. Көзү түшүү — жактыруу, суктануу, жакшы көрүп калуу, берилүү, сүйүү. Мен баарыдан да анын жакшынакай комузуна көзүм түштү (Каимов). Асылдай селкиге далай жигиттердин көзү түшпөйбү?! («Ала-Тоо»). Көз айырбоо — көпкө кароо, тиктөө, тиктеп тура берүү. Ээрге колуң басканда, Эки көзүм айырбай, Карап турдум калтырап («Эр Табылды»). Көз жаруу — төрөө, төрөлүү. Тезирээк эле жеңем көз жарса экен деп сүйүнөм («Ала-Тоо»). Ушул курсактагы бала аман-эсен көз жарса, Айымжандын койнуна салып берем (Сыдыкбеков). Көз каранды — бирөөнүн колун караган, баш ийген, өз эркинде болбогон. Көз тоюу — көргөн нерсесине канааттануу, ыраазы болуу, көңүлүнө толуу. Көркөмдүү салган үйлөр көп, Көз тоёт шаңдуу айылга (Осмонкул). Эки көзү төрт болуу к. эки. Эрте келүүгө эки көзүм төрт болду (Жантөшев). Көздөн кайым боолуу к. кайым. Көз боочу
1) алдамчы, сыйкырчы; 2) гипнотизёр. Көз болуу — көздөп туруу, байкап туруу. Бала-бакырага көз бол. Көз ирмебөө - 1) уктабоо, кирпик какпоо. Ышкынаалы ар түнү таң аткыча көз ирмебей чыгуучу (Байтемиров); 2) жалтанбоо, жазганбоо. Ай балта колго алышып, Көз ирмебей салышып («Манас»). Көз жаздымында калуу — байкалбай калуу, көңүлгө алынбай калуу. Маанилүү иштер көз жаздымында калып жатат («Ала-Тоо»). Көзү жетүү — ишенүү, билүү, ишенимде болуу. Көз көрүнө — көзүнчө, көз алдында, каратып туруп; ачык, жашырбай. Көзүнө чөп салуу — бирөөгө алдыртан жамандык кылуу, билгизбей кырсыктатуу, бузукулук кылуу. Көз тийүү — элдик ишеним боюнча: ооруп калууга дуушар кылгандай даражада бирөөнүн сугу өтүү. Көзү өтүү — 1) кадала кароо, тиктөө,
суктануу. Баланын кайнап турган казанга көзү өтүп, шилекейи чубура баштады («Ала-Тоо»); 2) каза табуу, өлүү. Адамдын көзү өткөндө Жок экен кайтып келүүсү (Үсөнбаев). Көзү тирүү к. тирүү. Көзүн тазалоо к. тазала. Көзү катуу — көрүүгө, жетүүгө зар болуу, самоо, жутап калуу, жетишсиз, кемчил болуу. Көз катканда көргөнүм, Көк ала туйгун береним («Эр Табылды»). Оокаттан көзү каткан кедей-кембагалдар кенелип калган кез («Ала-Тоо»). Көзгө чалдыгуу — көрүнүп калуу, байкалуу. Салкын көз менен кароо к. салкын. Иштин көзүн табуу — иштин жөн-жайын, ыгын табуу, үйрөнүп алуу. Иштин көзүн таануу к. тааны. Көзү кыйбоо к. кый III. Көзүнө айтуу — бетине айтуу, өзүнө айтуу. Көзү бозоруу — 1) карайлоо, көзү. тунарып көрбөй калуу; 2) көзү катуу, жутап калуу; 3) өтө көөп кетип ар нерсени тоотпой, капарына албай калуу. Көз кайкуу — мелмилдеп, учу-кыйырына көз жеткис, көп болуп көрүнүү. Көзү ала чакмак болуу — көзү тунаруу, ымыр-чымыр боло түшүү. Көздүн жоосун алуу к. жоо. Көзү кызаруу к. кызар. Көз жумду кылуу — эптеп бүтүрө коюу, будамайлоо, жүрнарыга салуу.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
көз
көз айнек
көз айырбоо
көз акы
көз алдында
көз артуу
көз ачкандан бери
көз ачуу
көз ачык
көз ачыктык
көз ачып жумгуча
көз ачып көргөн
көз ачырбай
көз байланган кез
көз байлоочу
көз боёочу
көз бол-
көз боолору (зоол.)
көз боочу
көзгө атар
көзгө басар
көзгө жылуу учуроо
көзгө илешпөө
көзгө көрүнөрлүк
көзгө көрүнүү
көзгө сайса көрүнгүс
көзгө саюу
көзгө сүртүү
көзгө суук көрүнүү
көзгө толумдуу
көзгө урунуу
көзгө чөп салуу
көздөн кайым болуу
көздөн от чагылуу
көздөн учуу
көздү ачып жумганча
көздү кычыштыруу
көздүн агы менен айла нуу
көздүн жоосун алуу
көздүн карегиндей сак тоо
көз жазгыруу
көз жара
көз жаруу
көз жаш
көз жашы көл
көз жашы кылуу
көз жашындай
көз жеткис
көз жетүү
көз жоосун алуу
көз жүгүртүү
көз жумдуга салуу
көз жумуу
көз илинүү
көз ирмем
көз ирмөө
көз кайкуу
көз карама
көз каранды (көзкаран ды эмес)
көз каранды өзгөрмө
(мат.)
көз каранды эмес өзгөр мө (мат.)
көз карандылык
көз караш
көз көргүс
көз көрсөтүү
көз көрүнөө
көз кумары
көз кумарын кандыруу
көз кызартуу
көз кылуу
көз кырын салуу
көз кысты
көз кычышуу, көзү кы чышуу
көз майы түгөнүү
көз мончок
көзмө-көз
көз оорулары (мед.)
көз өтүү
көз сал-
көз салуу
көз таңмай
көз тийүү
көз тойгус
көз тоюу
көз уялуу
көзү аксын
көзү ала чакмактоо
көзү ачык
көзү ачылуу
көзү барда
көзү-башы
көзү бозоруу
көзү бузулуу
көзү жашылдануу
көзү жетүү
көзү жок
көзү илинүү
көзү каныгуу
көзү караңгылоо
көзү каткан
көзү катуу
көзү кашаюу
көзү көр
көзү кызаруу
көзү кыйбоо
көзү кычышуу
көзү ойноо
көзү өтүү
көзү тартуу
көзү тешилүү
көзү тирүү
көзү тойбоо
көзү төрт
көзү түз
көзү түшүү
көзү туюк
көзү умачтай ачылуу
көзү чанагынан чыгуу
көзү шилисинен өтүү
көзүн ача элек
көзүн байлоо
көзүн боёо
көзүн кароо
көзүң кашайгыр
көзүн кызартуу
көзүн кысуу
көзүн май басуу
көзүн оюу
көзүн сатуу
көзүн сүзүү
көзүн таануу
көзүн табуу
көзүн тигүү (таптаган
кушту)
көзүндө оту бар
көзүңдөн болоюн (айла найын)
көзүңдү ач
көзүңдү кара
көзүнө айтуу
көзүнө жаны көрүнүү
көзүнө илинбөө
көзүнө карабай
көзүнө көрүнүү
көзүнө чөп салуу
көзүнөн заар чачуу
көзүнөн кан алуу
көзүнөн кара учуу
көзүнөн күлүү
көзүнөн от чагылуу
көзүнөн учуу
көзүнөн чаары чыгуу
көзүнөн чыксын!
көзүнүн жашы көл
көзүнүн жашы он талаа
көз ымдоо

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түркологдор көз жана көр деген сөздөр з жана р тыбыштарынын алмашуусу аркылуу маанилери айырмалуу болуп калган, бирок бир уңгудан келип чыккан сөздөр деп эсептешет. Эгерде эң алгач көз деген зат атооч сөз жаралган деп билсек, анда көр этиши болсо анын з тыбышын р тыбышына алмаштыруудан келип чыккан болот. Мындай кубулуштар кыргыз тилиндеги семиз – семир, жапыз – жапыр сөздөрүндө да учурайт. Аларда з менен айтылганы атооч сөздөрдү билдирсе, р менен айтылганы кыймыл-аракетти туюнтат. Мурда ушундайча сөз жасоо өзүнчө бир система болгон деп эсептегенде, жогорку сөздөр анын калдыгы болуп таанылат. XI кылымда жазылган Махмуд Кашгаринин «Ди-ванында» көзди этиши азыркы кыргызча көрдү этишинин маанисинде колдонулат. Ушуга караганда көз сөзүнүн өзү эле көр этишинин маанисин да бергени аныкталат. Ушундай фактыга таянганда азыркы кыргызча күзгү сөзү да көз+гү формаларынан келип чыгат да, азыркыча көр + гү дегенге барабар келет. Күзгү сөзү «Байыркы түрк сөздүгүндө» ө тыбышы мекен көзгү, көзңү, көзүңү түрүндө келет. Кыргыз тилинде болсо аягындагы ү тыбышынын таасири менен уңгудагы ө тыбышы ү тыбышына өтүп кеткен. Күзгү сөзүндөгү күз уңгусунун азыркыча көр этишинин маанисинде болгондугу бир кезде көз сөзү зат атооч маанисин билдирүү менен, ошол эле формада туруп этиштин маанисин да бергенине далил боло алат. Башкача айтканда, күзгү сөзү жаралган кезде түрк тилдеринде көз «адамдын көзү» деген учурда да, ал көздү, «ал көрдү» деген учурда да колдоно бере турган сөз болгон. Ошондогу абал азыркы күзгү сөзүндө сакталып калган. Кийин зат атооч маанисин билдирген көз сөзүнөн кыймыл-аракетти билдирген сөздү айырмалоо зарылчылыгы болгон кезде з тыбышын р тыбышына алмаштырып айтуудан көр сөзү жаралган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын, жан-жаныбарлардын көрүү мүчөсү. Бала көзүн ушалап өйдө турду («Жаш ленинчи»). Көзү бүтүйгөн бирөө үйдүн ичин айландыра карады (Жантөшев). Малдын көзүнө көрүнгөндөй от калбаптыр, жер такыр болуп кетти. Журт которуп көчүү керек («Ала-Тоо»). Көздөрүмдүн нурларынан кечтелеп, Жолдоруна гүлдөр эктим Энтелеп (Мамазаирова). 2. Башка эмес, нак өзү, дал өзүнүн көрүнүшү, турпаты. Жоголгон буюмуңдун көзүн таанысаң, алгын, балам («Чалкан»). Жоголгон малыбыздын көзүн таанып турабы («Ала-Тоо»). Балдарымдын көзүн көрсөм эле ыраазымын (Абдукаримов). Көзүм барда айтайын, Көргөнүмдү калкыма (Токтогул). 3. Бир нерсенин тешиги, жылчыгы, ачык бөлүгү, көзөнөгү. Ийненин көзү. Терезенин көзү. Тузактын көзү. || Пайда болгон, чыккан жери (мис. булактын). Булактын көзү капкара болуп көрүнүп турат (Таштемиров). 4. Куржундун же бир нече бөлүктүү башка нерсенин айрым бөлүгү, бөлүк-бөлүк чөнтөктөрү. Акматтын эки куржун көзү китеби боло турган (Жантөшев). Куржундун бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев). Шкафтын бир көзү толтура китеп экен («Ала-Тоо»). 5. Шакектин же башка нерсенин кичине асыл таш, мончок ж. б. орнотулган жери, бөлүгү. 6. Күндүн, айдын ж. б. бети. Күндүн көзүн булут каптады (Жантөшев). Жылтырайт бак ичинен айдын көзү (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көзү жакшы көрө албаган учурда же көздү нурдан же башка нерседен сактоо максатында тагына турган эки айнектүү оптикалык буюм. Динар тагынган көз айнек чоң эненин көптөн сактап келаткан буюму (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнү же бир нерсени тигилип көпкө карай берүү, тиктөө, тиктеп тура берүү. Көпөлөктү көргөндө, Эки көзүн айырбай, Жүгүрүшөт балалык (Токтогул). Ойлоп-ойлоп көңүл толкуп, Көз айырбайм бул жерден (Маликов). Батийна алардан көз айырган жок (Сыдыкбеков). Келаткан аялдан көзүмдү айырбай, бүшүркөп кайра-кайра карай бердим («Ала-Тоо»). Соопкер колун жая дубананын оозунан көз айырбай тиктеп турат (Осмоналиев). В.: Көзүн албоо. Алымкул башын көтөрбөй, Буурсун жиреп бараткан, Бороздон көзүн албады (Абдукаримов). Жапар Жамыйладан көзүн албады (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнү же бир нерсени тигилип көпкө карай берүү, тиктөө, тиктеп тура берүү. Батийна алардан көз айырган жок (Сыдыкбеков). Келаткан аялдан көзүмдү айырбай, бүшүркөп кайра-кайра карай бердим («Ала-Тоо»). Соопкер колун жая дубананын оозунан көз айырбай тиктеп турат (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир ишти, же бир нерсени көрүп-билип жүргөндүгү, же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн тиешелүү деп эсептелген үлүш. Чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишти, же бир нерсени көрүп-билип жүргөндүгү, же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн тиешелүү деп эсептелген үлүш, энчи, салым. Чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар (макал). Бүгүнкү ийгиликке менин да көз акым бар (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кайра-кайра элестете берүү, эсинен чыгарбоо, унута албоо. Гулайым жан курбусу Алымкулду такыр көз алдынан кетирбейт (Абдукаримов). Ай, кагылайын Алтынай ай! Баягы Алтынай жок, анын акыркы элесин алигиче көз алдыман кетире албайм (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайра-кайра элестете берүү, эсинен чыгарбоо, унута албоо. Гүлайым жан курбусу Алымкулду такыр көз алдынан кетирбейт (Абдукаримов). Ай, кагылайын Алтынай ай! Баягы Алтынай жок, анын акыркы элесин алигиче көз алдыман кетире албайм (Жантөшев). В.: Көз кырынан кетпөө. Майда-чуйда значоктор да көз кырынан кетпеди (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн карамагында, көзөмөлүндө болуу. Мен ал кезде ата-энемдин эмес, жездемдин көз алдында болдум. (Элебаев). Энеңдин көз алдында жигит болдуң (Маликов). Оо, андагы булардын балалык кези эмгиче көз алдымда («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге абдан кызыгуу, суктануу, жетсем деп эңсөө же бирөөнүн бир нерсесин менчиктеп алсам, өзүмдүк кылып алсам деп сугалактык, ач көздүк кылуу. Карып бул кызга көптөн бери эле көз артып жүргөн (Абдукаримов). Зарыл экөөбүзгө көз артчу жигиттер сапар тартышты (Сыдыкбеков). Ач көз өлсө да дүнүйөгө тойбойт, Бирөөгө көз артканын койбойт (Шүкүрбеков). Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо, ошого көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге абдан кызыгуу, суктануу, жетсем деп эңсөө же бирөөнүн бир нерсесин менчиктеп алсам, өзүмдүк кылып алсам деп сугалактык, ач көздүк кылуу. Карып бул кызга көптөн бери эле көз артып жүргөн (Абдукаримов). Зарыл экөөбүзгө көз артчу жигиттер сапар тартышты (Сыдыкбеков). Ач көз өлсө да дүнүйөгө тойбойт, Бирөөгө көз артканын койбойт (Шүкүрбеков). Кедейдин күлүк аты, жакшы жары болсо, ошого көз арткан бай-манаптын ит оорусу бар эле (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Төрөлгөндөн, жарык дүйнөнү көргөндөн бери, жарыкчылыкка келгенден бери. Мунун баары көз ачкандан бери канына сиңип, абдан маш болуп алган кесиби эле (Укаев). В.: Көз ачканы. Бечара бала көз ачканы багы бир ачылбады («Ала-Тоо»). Адам көз ачканы түйшүккө малынып жүрүп өтүп кетеби? (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗ АЧЫП-ЖУМГАНЧА Алмамбет, Чубак эр Сыргак, Ошол үчөө болбосо, Калганын көз ачымга койбойбуз («Манас»). Чарт-чурт этип чоң аймакты көз ачымга жарык кылган чагылгандай ал шаардын бир бурчун жаңыртып өттү (Мырзаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо. Бирок, бактылуу турмуш көз ачып-жумганча бүлүнүп, эзелки таз кейпине келишти (Каимов). Суроолуу ой, көз ачып-жумганча бардыгынын көңүлүндө кайталанды («Советтик Кыргызстан»). Сай-сөөгү сыздаган Батийна көз ачып-жумганча бөктөрүнчөктү жукалай салып, Канымбүбүнү учкаштырып алды (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо. Бирок, бактылуу турмуш көз ачып-жумганча бүлүнүп, эзелки таз кейпине келишти (Каимов). Суроолуу ой, көз ачып-жумганча бардыгынын көңүлүндө кайталанды («Советтик Кыргызстан»). Сай сөөгү сыздаган Батийна көз ачып-жумганча бөктөрүнчөктү жукалай салып, Канымбүбүнү учкаштырып алды (Сыдыкбеков). В.: Көз ачкыча. Көрүнүп турган Үргөнчкө, көз ачкыча барайын («Семетей»). Көз ачымга. Алмамбет, Чубак эр Сыргак, Ошол үчөө болбосо, Калганын көз ачымга койбойбуз («Манас»). Чарт-чурт этип чоң аймакты көз ачымга жарык кылган чагылгандай ал шаардын бир бурчун жаңыртып өттү (Мырзаев). Көз ирмегенче. Дүр тигилип, көз ирмегенче шак тартып ийген уланга кыбасы кана тамшанды (Бейшеналиев). Көз ирмемде. Эдиги көз ирмемде адамдардын бакылдагы чыккан үйгө жетти (Осмоналиев). Ошентип, көз ирмемде Ажар Айнадан ажырап калды (Жоошпаев). Көз ирмемге келбей. Көз ирмемге келбей албеттүү колдор ал экөөнү паравозго тартып алды (Абдукаримов). Агалуу, инилүү экөө бирдей көз ирмемге кыйылыша жетимдикти эскеришти (Бейшеналиев). Ачып көздү жумганча. Айтып оозун жыйгыча, Ачып көздү жумганча («Сейтек»). Андай-мындай дегиче Ачып көздү жумганча («Эр Төштүк). Ачкан көзүн жумганча. Биздин Кийизбай эмне? Ачкан көзүн жумганча кедей болду да калды (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Биринчи төрөлгөн, эң алгачкы кубанычы болгон баласы же биринчи келген келинине карата колдонулат. Көз ачып көргөн тун баласын салт менен үйлөнтсө кантет (Сыдыкбеков). Гүлшанымды көрсөм дейт. Кантсе да, көз ачып көргөн келгини, жалгыз келини (Даникеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Биринчи төрөлгөн, эң алгачкы кубанычы болгон баласы же биринчи келген келинине карата колдонулат. Оозумду ачып өпкөнүм, Көзүмдү ачып көргөнүм («Сейтек»). Көз ачып көргөн тун баласын салт менен үйлөнтсө кантет (Сыдыкбеков). Гүлшанымды көрсөм дейт. Кантсе да, көз ачып көргөн келгини, жалгыз келини (Даникеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир заматта, тез эле, бир паста. Алмамбет, Чубак кабылан Көз ачырбай жеткидей... Кыргын салып өткүдөй. («Манас»). 2. Мүмкүнчүлүк бербей, тынымсыз, кайра-кайра, үстү-үстүнө, дембе-дем, удаа-удаа. Айтор, бий, болуштар ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томояк кылды го (Элебаев). Залимдер көз ачырбай, жыл сайын алык-салыкты арбытты (Бейшеналиев). Түндөтөн бери көз ачырбай асман жерди чалкакейлеп турган ак жаан бешимден оогондо гана сээлдеди (Өмүрбаев). Өткөн күнү кечке көз ачырбай жамгыр жаап, Кулу жайыттан отунсуз кайтты (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир заматта, тез эле, бир паста. Алмамбет, Чубак кабылан Көз ачырбай жеткидей, Кыргын салып өткүдөй («Манас»). 2. Мүмкүнчүлүк бербей, тынымсыз, кайра-кайра, үстү-үстүнө, дембе-дем, удаа-удаа. Жазгы жамгыр көз ачырбайт (Айтматов). Айтор, бий, болуштар ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томояк кылды го (Элебаев). Залимдер көз ачырбай, жыл сайын алык-салыкты арбытты (Бейшеналиев). Түндөтөн бери көз ачырбай асман жерди чалкакейлеп турган ак жаан бешимден оогондо гана сээлдеди (Өмүрбаев). Өткөн күнү кечке көз ачырбай жамгыр жаап, Кулу жайыттан отунсуз кайтты (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күүгүм кире, каш карайып эч нерсе көрүнбөй калган убак, иңир. Көз байланган кезде гана ар үй өз очогуна от жагып тыным алышат (Укаев). Көздөгөн жерге чарчап-чаалыгып, көз байланган кезде жеттик («Чалкан»). В.: Көз байланган учур. Көз байланган учурда Керимакун базар жактан келди (Жантөшев). Көз байланган убак. Көз байланган убакта айыл тарапка канчалык карашса да тосуп чыгар Ыйсанын карааны көрүнбөдү (Осмоналиев). Көз байланган чак. Көз байланган чакта жылдыздар көк бетине жайнап чыга келди (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
дин. Билдирбей, сездирбей дуба менен сыйкырлоо, азгыруу, алдоо деген мааниде. Дуба окуп, көз байлап, Жер астына сиздерди, Азгырып алып кириптир («Эр Төштүк»). Беделин коргон чочуган, Көз байлаган сыйкырды Көбүрөөк даана окуган («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Билдирбей, сездирбей дуба менен сыйкырлоо, азгыруу, алдоо деген мааниде. Дуба окуп, көз байлап, Жер астына сиздерди Азгырып алып кириптир («Эр Төштүк»). Беделин көргөн чочуган, көз байлаган сыйкырды, Көбүрөөк даана окуган («Сейтек»). Дем салып, никеге чейин көзүн байласын (Бөкөнбаев). Ал толготкон катындын, Көзүн байлап салчу экен («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алдамчы, жазгырма, калпты чындай кылып көрсөтүүчү, көз жазгыруучу. Мейманканада жатып «Терисин тешип чыгар күнөө жасаган көз боёмочулар» деген макала жаздым (Осмоналиев). Иштин бардыгын ошондой калпычы, көз боёмочулар бүлдүрөт эмеспи (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Алдамчы, жазгырма, калпты чындай кылып көрсөтүүчү, көз жазгыруучу. Мейманканада жатып «Терисин тешип чыгар күнөө жасаган көз боёмочулар» деген макала жаздым (Осмоналиев). Анткени, пикири миллион сомдук иштерди жасаган көз боёмочулар жеңил-желпи кутулуп кетти («Советтик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көзөмөлдөп, ээлик болуп туруу, каралашып, кайтарып туруу. Энем өлгөн соң, анын ордун басып, жетимдерге көз болууга Бурмаке кемпир келди (Элебаев). Чешке чыккандан кийин өзүңөрдөн кичүүлөргө көз болуп жүргүлө, балам (Абдукаимов). Мен келгенче койлорго жакшылап көз бөл («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көзөмөлдөп, ээлик болуп туруу, каралашып, кайтарып туруу. Энем өлгөн соң, анын ордун басып, жетимдерге көз болууга Бурмаке кемпир келди (Элебаев). Четке чыккандан кийин өзүңөрдөн кичүүлөргө көз болуп жүргүлө, балам (Абдукаимов). Мен келгенче койлорго жакшылап көз бол («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
дин. Көңүлүн башка жакка буруп алаксытуу менен жалган ишеним пайда кылуучу, сыйкырчы, сыйкырлап коючу. Күндүзүндө Кыязды жан кубантып жалдаптыр, Түн киргенде Кыязды көз боочу салып алдаптыр («Сейтек»). Ыраңдуу тузду жайлаган, көз боочу болуп дубалап Адамдын көзүн байлаган («Сейтек»). Сен балдардын атасысыңбы же көз боочусуңбу? (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлүн башка жакка буруп алаксытуу менен жалган ишеним пайда кылуучу сыйкырчы, сыйкырлап коюучу. Сен балдардын атасысыңбы же көз боочусуңбу? (Жантөшев). Күндүзүндө Кыязды, Жан кубантып жалдаптыр, Түн киргенде Кыязды, Көз боочу салып алдаптыр («Сейтек»). Ыраңдуу түздү жайлаган, Көз боочу болуп дубалап, Адамдын көзүн байлаган («Сейтек»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жазбай, таамай аткыч, атканы жаза кетпеген, мылтык атканга абдан маш болгон, мыкты, адис мергендиги бар. Ээрчитип көзгө атардан эки мерген, Түн катып капчыгайда жолго келген (Аалы). А, мүмкүн чоңубуз чын эле көзгө атар мергендир, эмесе коёндун бутундагы жипти үзө атуу оңойбу («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жазбай, таамай аткыч, атканы жаза кетпеген, мылтык атканга абдан маш болгон, мыкты, адис мергендиги бар. Ээрчитип көзгө атардан эки мерген, Түн катып капчыгайда жолго келген (Токомбаев). А, мүмкүн чоңубуз чын эле көзгө атар мергендир, эмесе коёндун бутундагы жипти үзө атуу оңойбу («Кыргызстан маданияты»). Нурбай көзгө атар мерген болгон (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жападан-жалгыз, бар болгону, турганы, бирөө гана. Көзгө басар жалгыз медерибиз эле, - дейт кемпир, карыш жылдырбай, таштап кетсең кагылайын («Ала-Тоо»). -Катыгүүн, бул көзгө басар, көрүп катар үлгүбүз Чалкан. Анын көзгө басар жалгыз кызы, оорудан карарып калыптыр (Жусупов). 2. Бирден-бир, мыкты көрүнгөн, эл оозуна кирген, өзгөчөлөнүп турган. Биздин көзгө басар сыймыгыбызгаушундайча кароого жарайбы, жолуң болгур! (Каимов). Чубагынын беттегенинен кайтпас көк жалдыгын билген Манас, көзгө басар оендору бири-бирин кызыл-кыргын салбасын деп өзү аттанат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жападан-жалгыз, бар болгону, турганы, бирөө гана. Көзгө басар жалгыз медерибиз эле, – дейт кемпир, карыш жылдырбай, таштап кетсең кагылайын («Ала-Тоо»). – Катыгү-үн, бул көзгө басар, көрүп катар үлгүбүз («Чалкан»). Анын көзгө басар жалгыз кызы, оорудан карарып калыптыр (Жусупов). 2. Бирден-бир, мыкты көрүнгөн, эл оозуна кирген, өзгөчөлөнүп турган. Биздин көзгө басар сыймыгыбызга ушундайча кароого жарайбы, жолуң болгур! (Каимов). Чубагынын беттегенинен кайтпас көк жалдыгын билген Манас, көзгө басар оёндору бири-бирин кызыл-кыргын салбасын деп өзү аттанат (Бейшеналиев). В.: Көзгө тутар. Сенден апаң садага, көзгө тутар медерим (Жоошбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мурда көрүп-билип жүргөндөй, тааныштай сезилүү. Мунун баары да көзгө жылуу учурайт, бирок эмнегедир эстей албай жаттым (Баялиев). Ал жакындаган сайын басканы, кебетеси көзгө жылуу учурай берди (Алыбаев). Тилекмат экөө бир отуруп маектешкен жер Кабылдын көзүнө жылуу учурады (Элебаев). Биринчи көргөндө эле Сейдеш анын көзүнө жылуу учурады (Бейшеналиев). В.: Көзү жылуу учуроо. Сенин көзүң мага жылуу учурайт, кандайдыр бир жолугушкандайбыз (Жантөшев). Ырчы эмне үчүндүр аны тиктеп калды. – Токточу, балам! Көзүң жылуу учурайт (Каимов). Өңү жылуу учуроо. Балам, өңүң жылуу учурайт сен, кимсиң? (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Мурда көрүп-билип жүргөндөй, тааныштай сезилүү. Мунун баары да көзгө жылуу учурайт, бирок эмнегедир эстей албай жаттым (Баялиев). Ал жакындаган сайын басканы, кебетеси көзгө жылуу учурай берди (Алыбаев). Тилекмат экөө бир отуруп маектешкен жер Кабылдын көзүнө жылуу учурады (Элебаев). Биринчи көргөндө эле Сейдеш анын көзүнө жылуу учурады (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Теңине албоо, киши катарына көрбөө, тоготпоо, өзүнөн башкаларга маани бербөө, теңсинбөө. Сапарбайды көзгө илишпей жашсынтат (Сыдыкбеков). Эмнесин айтасың, коңшубуз бизди көзгө илбей, кутуруп турат (Абдукаимов). Байсынып, бексинип мени көзгө илбей жатасың, Адыке, - деди жаны кашайган Казак тилин тартпай (Сыдыкбеков). 2. Уялбоо, ийменбөө, тартынбоо, адеп тартип сактабоо, ызаат кылбоо. Бирок, азыр улуу-кичүүнү көзгө илбей бара жатат (Сыдыгалиев). Түлкүдөй мант берип турчуларды көргөндө ал жыйынды көзгө илбей эле сөгүнүп кирчү (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Теңине албоо, киши катарына көрбөө, тоготпоо, өзүнөн башкаларга маани бербөө, теңсинбөө. Сапарбайды көзгө илишпей жатсынтышат (Сыдыкбеков). Эмнесин айтасың, коңшубуз бизди көзгө илбей, кутуруп турат (Абдукаимов). Байсынып, бексинип мени көзгө илбей жатасың, Адыке, – деди жаны кашайган Казак тилин тартпай (Сыдыкбеков). 2. Уялбоо, ийменбөө, тартынбоо, адеп, тартип сактабоо, ызаат кылбоо. Бирок, азыр улуу-кичүүнү көзгө илбей бара жатат (Сыдыгалиев). Түлкүдөй мант берип турчуларды көргөндө ал жыйынды көзгө илбей эле сөгүнүп кирчү (Медетов). В.: Көзүнө илбөө. Бул катын эч кимди көзүнө илбей калды деп, айыл-апа Батийнаны айың кыла баштады (Сыдыкбеков). Аларды көзүнө илип да койбойт (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өтө тез жүргөн, абдан ылдам жүгүргөн, бат кыймылдаган, тез чимирилген ж.б. көрүнүштө болуу. Тоо эчкилер өтө жытчыл болот, кичине эле шамал үлп этип, киши тараптан жел келдиби, дароо жыт алат да, көзгө илээшпей зымырылат (Таштемиров). Ашырбекке тигинин буту-колу а дегенде жай кыймылдап, бара-бара көзгө илээшпей чимирик атып жаткансыды (Ашымбаев). 2. Өтө майда, эң кичинекей, кымындай болуп көрүнүү, көзгө араң-араң көрүнгөндөй болуу. Тээ көк асманда көзгө илээшпеснокоттойболуп торгойлор безилдеп, чуулдап сайрап турат (Сыдыкбеков). Сааттын тетиктери көзгө илээшпейт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өтө тез жүргөн, абдан ылдам жүгүргөн, бат кыймылдаган, тез чимирилген ж. б. көрүнүштө болуу. Тоо эчкилер өтө жытчыл болот, кичине эле шамал үлп этип, киши тараптан жел келдиби, дароо жыт алат да, көзгө илээшпей зымырылат (Таштемиров). Станок көзгө илээшпей тегеренет (Бөкөнбаев). Ашырбекке тигинин буту-колу а дегенде жай кыймылдап, бара-бара көзгө илээшпей чимирик атып жаткансыды (Ашымбаев). 2. Өтө майда, эң кичинекей, кымындай болуп көрүнүү, көзгө араң-араң көрүнгөндөй болуу. Тээ көк асманда көзгө илээшпес нокоттой болуп торгойлор безилдеп, чуулдап сайрап турат (Сыдыкбеков). Сааттын тетиктери көзгө илээшпейт. В.: Көзгө илинбөө. Караса көзгө илинбейт, Кашындагы жандардын кай кеткени билинбейт («Манас»). Көз илээшпөө. Самолёттор көз илээшпей каршы-терши учуп, кайта кайтып жатты (Абдукаимов). Атаа... береги неменин кесме кескенине көз илээшпейт (Сыдыкбеков). Машиналар көз илээшпей чымын-куюн болуп Фрунзе тарапка зымырайт (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иштеген иши, кылган жумушу ж. б. эсепке алынбоо, бааланбоо. Үй тиричилигинде канчалык чыйрактык кылды? Бул далалаттарынын бирөө да көзгө көрүнбөдү (Осмоналиев). Канчалык кунт коюп иштесең да иштеген ишиң көзгө көрүнбөйт, нааразы болосуң («Ала-Тоо»). В.: Көзүнө көрүнбөө. Менин кылган жумушум бул ырайымсыздардын көзүнө таптакыр көрүнбөйт (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иштеген иши, кылган жумушу ж.б. эсепке алынбоо, бааланбоо. Үй тиричилигинде канчалык чыйрак шык кылды? Бул далалаттарынын бирөө да көзгө көрүнбөдү (Осмоналиев). Канчалык кунт коюп иштесең да иштеген ишиң көзгө көрүнбөйт, нааразы болосуң («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Алгылыктуу, бир нерсеге татый тургандай, арзый тургандай, ыраазы болгудай. Иш жүзүндө көзгө көрүнөрлүк эч нерсе берген жок. («Ала-Тоо»). Көзгө көрүнөрлүк деле эч нерсе иштей элекмин, апа сенин мээнетиңди актай албай жатпаймынбы... («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алгылыктуу, бир нерсеге татый тургандай, арзый тургандай, ыраазы болгудай. Иш жүзүндө көзгө көрүнөрлүк эч нерсе берген жок. («Ала-Тоо»). Көзгө көрүнөрлүк деле эч нерсе иштей элекмин, апа сенин мээнетиңди актай албай жатпаймынбы... («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бой тартуу, бойго жетүү, чоңоюп калуу. Бүкөн көзгө көрүнүп, бой тарткандан бери эмнелер жөнүндө ойлонот (Мырзаев). - Кагылайын Алымкан, кечэ эле сакалымы кармалап ойноп отурган бала эле, бүгүн кара, жакшы гүлзардын гулүндөй тез жетилип, көзгө көрүнүп калыптыр (Касымбеков). 2. Таанылуу, белгилүү боло баштоо, дайын болуу (көбүнчө жакшы сапаттары боюнча). Окушка өтүп калса бая баланчанын баласындай болуп деп көзгө көрүнүп, эл оозуна илингиси бардыр (Өмүрбаев). Эмгеги менен элге таанылды, көзгө көрүндү, сөзгө илинди («Советгик Кыргызстан»). 3. дин. Сыйкырдуу күчтөр көз алдыга тартылуу, элестөө, аян берүү деген сыяктуу мааниде. Булактын ээси ак тайлак көзгө көрүнүп, үйүнө тил-оозу жок келиптир («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бой тартуу, бойго жетүү, чоңоюп калуу. Бүкөн көзгө көрүнүп, бой тарткандан бери эмнелер жөнүндө ойлонот (Мырзаев). – Кагылайын Алымкан, кечэ эле сакалымы кармалап ойноп отурган бала эле, бүгүн кара, жакшы гүлзардын гүлүндөй тез жетилип, көзгө көрүнүп калыптыр (Касымбеков). 2. Таанылуу, белгилүү боло баштоо, дайын болуу (көбүнчө жакшы сапаттары боюнча). Окушка өтүп калса, бая баланчанын баласындай болуп деп көзгө көрүнүп, эл оозуна илингиси бардыр (Өмүрбаев). Эмгеги менен элге таанылды, көзгө көрүндү, сөзгө илинди («Советтик Кыргызстан»). 3. дин. Сыйкырдуу күчтөр көз алдыга тартылуу, элестөө, аян берүү деген сыяктуу мааниде. Булактын ээси ак тайлак көзгө көрүнүп, үйүнө тил-оозу жок келиптир («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан караңгы, кап-караңгы, көрүүгө мүмкүн эмес, өтө караңгы. Не бир көзгө сайса көрүнгүс, айсыз түндө да өзү жалгыз чыгат (Укаев). Сени менен сүйлөшкөн адам көзгө сайса көрүнгүс түндө жол жүргөн жолоочуга окшойт (Медетов). Күздүн көзгө сайса көрүнгүс нөшөрлүү түндөрү (Борбиев). Чакан станциянын айланасы ого бетер караңгы, көзгө сайса көрүнгүс (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан караңгы, капкараңгы, көрүүгө мүмкүн эмес, өтө караңгы. Не бир көзгө сайса көрүнгүс, айсыз түндө да өзү жалгыз чыгат (Укаев). Сени менен сүйлөшкөн адам көзгө сайса көрүнгүс түндө жол жүргөн жолоочуга окшойт (Медетов). Күздүн көзгө сайса көрүнгүс нөшөрлүү түндөрү (Борбиев). Көзгө сайса көрүнгүс. Карыш жыла албай койдум (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көрүнүшү, кебете-кешпири жаман, жагымсыз сезилүү, адам иренжигидей көрүнүштө болуу, өөн учуроо. Айганыштын каны качып, кумсарып, көзгө суук көрүндү (Байтемиров). Демек, дардайган корукка суу жетпей куурап турса, көзгө суук көрүнөрү бышык (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрүнүшү, кебете-кешпири жаман, жагымсыз сезилүү, адам иренжигидей көрүнүштө болуу, өөн учуроо. Айганыштын каны качып, кумсарып, көзгө суук көрүндү (Байтемиров). Демек, дардайган корукка суу жетпей куурап турса, көзгө суук көрүнөрү бышык (Бейшеналиев). В.: Көзгө суук учуроо. Анын кейпи негедир көзгө суук учурады («Ала-Тоо»). Суук көрүнүү. Жылдызкансыз үйдүн ичи мүрзөдөй суук көрүндү (Байтемиров). Токтонбойт санаа, көңүлүм, Элиме суук көрүндүң («Кедейкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан муктаж болгон, эч табылбаган, такыр жок, өтө зарыл деген сыяктуу мааниде. Мындай күткөн учурда көзгө сүртөргө дары болгондорун карачы (Бейшеналиев). Аны колдон алышып, көзгө сүртөргө табылбай турган дарыдай көрүштү («Кыргызстан маданияты»). Башка көзгө сүртөр эч ким, эчтеке жок («Кыргыз туусу»). В.: Көзгө сүртүүгө. – Көптөн бери көрүнбөй көзгө сүртүүгө дары болдуң го (Айтматов). Адис кадр көзгө сүртүүгө табылбайт турбайбы, ушу күндө (Өмүралиев). Көзгө сүрткөнгө. Көзүбүзгө бир сүрткөнгө кумардар, сакадай бою сары алтын абышка турмуш энчилеген кадимки пенделик ролун кандай өтөп жатат («Ленинчил жаш»). Көзгө сүртөрлүк. Ал эми элетте китепти шар окуган адам көзгө сүртөрлүк (Бейшеналиев). Экен-токондо көзгө сүртөрлүк айтылуу өнөрпоздордун негедир Чокундуктукуна токтогонуна мартабалуулар чыкчырылып олунууда (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан муктаж болгон, эч табылбаган, такыр жок, өтө зарыл деген сыяктуу мааниде. Мындай күткөн учурда көзгө сүртөргө дары болгондорун карачы (Бейшеналиев). Аны колдон алышып, көзгө сүртөргө табылбай турган дарыдай көрүштү («Кыргызстан маданияты»). Башка көзгө сүртөр эч ким, эчтеке жок («Кыргыз туусу»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗГӨ СҮРТӨРГӨ Ал эми элетте китепти шар окуган адам көзгө сүртөрлүк (Бейшеналиев). Экен-токондо көзгө сүртөрлүк айтылүу өнөрпоздордүн негедирЧокундуктукунатоктогонуна мартабалуулар чыкчырылып олунууда (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрүнүп калуу, байкалуу, сезилип калуу. Акылбек эрте чыгып алыптыр, жат көзгө урунамбы деп, күндүн батышын күтүп арыктын ичинде отурду (Жусупов). Көзгө урунбай же баскан табышы угулбай («Чалкан»). В.: Көзгө түшүү. Үч кишинин төбөсү көрүндү. Элеман мындайда көзгө түшпөй бурулуп кетүүнү ойлоду (Укаев). Калган ат да, токум да, курал да көзгө түшсө айгак эмеспи (Касымбеков). Көзгө чалдыгуу. Шаардын балдары зирек келет, бат эле көзгө чалдыгат (Айтматов). Кокус жабыла аттанып узатышса, көзгө чалдыгышарын ойлоду (Бейшеналиев). Көзгө чалынуу. Те алыста, күндүз көгала болуп көрүнгөн бөксө адырлардын түбү ченде көп от жагылган, чет арасында караңдаган караан көзгө чалынат (Касымбеков). Андайда атайы өчөшкөнсүп, ал көзгө чалынбай коёт бир оокумга (Өмүрбаев). Көзгө илинүү. Кайнаган топто эр Сыргак Караса көзгө илинбейт («Манас»). Сыйлашкан кайын сиңдиси көзгө илинип калабы деп, акырын шыбырап чыгып кетти (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗГӨ УРУНУУ Те алыста, күндүз көгала болуп көрүнгөн бөксө адырлардын түбү ченде көп от жагылган, чет арасында караңдаган караан көзгө чалынат (Касымбеков). Андайда атайы өчөшкөнсүп, ал көзгө чалынбай коёт бир оокумга (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш . 1. Кайтаруу, көз болуу, көз салуу. Таяк алып колуңа Малды көздөп турасың (Токтогул).
2. Максат кылуу, белгилүү бир максатта болуу. Элдин жыргалчылыгын көздөй турган эр-азаматтардан болгула («Жаш ленинчи»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. присматривать;
мал көздө- присматривать за скотом;
2. взять направление; иметь что-л. целью;
Нарынды көздөй по направлению к Нарыну;
шаарды көздөй жөнөдү он отправился по направлению к городу;
көздөгөн жерге жет-
1) достигнуть намеченного места;
2) перен. достигнуть намеченной цели;
көздөгөн максат намеченная цель.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кайтаруу, көз болуу, көз салуу. Жылкыларды Кумар көздөп турган эле («Ала-Тоо»). 2. Максат кылуу, белгилүү бир максатта болуу, бир нерсени беттөө. Бир ишти көздөсө, Батийна аны өз билгениндей иштей берет (Сыдыкбеков). Элдин жыргалчылыгын көздөй турган эр азаматтардан болгула («Жаш ленинчи»). Бир жакка карай бет алуу, багыттануу. Кайыр-кош айтып Солтобай Калкын көздөп жөнөдү («Олжобай менен Кишимжан»). Шаарды көздөп бет алган жүргүнчүлөр кечээгиден бүгүн көбүрөөк сыяктанды («Ала-Тоо») .

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗДӨГӨН ЖЕРДЕГИ БАЖЫКАНА – бажы транзитинин жолжобосу боюнча, баардык жүктүн же анын бир бөлүгүнүн ташып жеткирүүсү бүтө турган көздөгөн мамлекеттин баардык бажыканалары.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү бир багытты карай. Данияр жай гана арабасын көздөй басып кетти (Айтматов). Шакир да үйүн көздөй басты (Абдыраманов). Апама айтып баабедин кылып сен үчүн, Жөнөдүм анан айлыңды көздөй чамынып (Өмүров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподобляться кому-л. в отношении глаз;
кылмышкер көздөнүп турасың го, эмне үчүн мойнуңа албайсың? ведь по глазам видно, что ты преступник, так почему же не сознаёшься?
үрккөн төө көздөнүп выразив глазами сильный испуг (букв. сделав глаза, как у испуганного верблюда);
чычкактаган чил көздөнгөн с безжизненно-вялыми глазами (букв. с глазами, как у куропатки, страдающей поносом);
өңөргөн кочкор көздөнгөн с выпученными глазами;
тооруган бука көздөнгөн (смотреть искоса и свирепо) с глазами быка, готового к схватке;
күүгүм туман көздөнөт глаза (у него) серые;
ууру мышык көздөнүп с глазами вороватой кошки (боязливо оглядываясь);
көөкөрдөн май караган көздөнгөн шутл. косоглазый, со зрачками направленными внутрь, к переносице.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрүнбөө, карааны көрүнбөй калуу, карааны үзүлүү. Кокус чоң эне көздөн далда болду дегенче, тоо түбүн көздөй карды жыңайлак кечип чуркап барып кайра келебиз (Жусупов). Чоколор чоң капчыгайга барганда, түндүк тарапка бурулушуп, көздөн далда болду (Жантөшев). 2. Жашырынуу, көрүнбөй, билинбей калуу, байкалбоо. Жылдызкан айла болсо акырын чыгып көздөн далда болууну ойлоду (Байтемиров). Көз ачып-жумганча, байкатпай көздөн далда болду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Көрүнбөө, карааны көрүнбөй калуу, карааны үзүлүү. Кокус чоң эне көздөн далда болду дегенче, тоо түбүн көздөй карды жыңайлак кечип чуркап барып кайра келебиз (Жусупов). Чоколор чоң капчыгайга барганда, түндүк тарапка бурулушуп, көздөн далда болду (Жантөшев). 2. Жашырынуу, көрүнбөй, билинбей калуу, байкалбоо. Жылдызкан айла болсо акырын чыгып көздөн далда болууну ойлоду (Байтемиров). Көз ачып-жумганча, байкатпай көздөн далда болду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тез эле, бир заматта жок боло түшүү, көрүнбөй калуу. Бир-эки кылчайды да, ошо бойдон көздөн кайым болду (Айтматов). Бакыт деген жүрөгүңдү дирилдете кандайдыр аптыктырып, обдулуп кармайм дегениңде көздөн кайым болуп кайкыган кооз куш сымал тийип качмасы да бар (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тез эле, бир заматта жок боло түшүү, көрүнбөй калуу. Бир-эки кылчайды да, ошо бойдон көздөн кайым болду (Айтматов). Бакыт деген жүрөгүңдү дирилдете кандайдыр аптыктырып, обдулуп кармайм дегениңде көздөн кайым болуп кайкыган кооз куш сымал тийип качмасы да бар (Бейшеналиев). В.: Көздөн кайып болуу. Алмаш ошол замат көздөн кайып болуп, кайра тез эле пайда болду («Советтик Кыргызстан»). Заматта көздөн кайып болду («Ала-Тоо»). Көздөн муң болуу. Кыз бир аздан кийин көздөн муң болуп учуп кетти («Жомоктор»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан зарыл болуу, табылбоо, эңсетүү, сагындыруу. Таңдайым кургап, бир ууртам муздак суу көздөн учат («Ала-Тоо»). О, чиркин эл менен жер көздөн учат (Токомбаев). Кербенчи соодагерлер, ошентип, көздөн учкан адими буюмдарды калктын малына эки эсе кымбатка урунтушат (Бейшеналиев). Билсең, анын кадыр-баркы көздөн учкан учурда билинет тура (Абакиров). В.: Көзүнөн учуу. Күлчоросу көзүнөн учуп турган кезидир («Семетей»). Туугандары көзүнөн учкан Сылый бизди көргөндө өз ата-энесин көргөндөй кубанды (Сыдыкбеков). Бир чети бир топ күндөн бери жер-суу көзүнөн учкандыкыбы, айтор тоо кыркаларына суктана берди (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан зарыл болуу, табылбоо, эңсетүү, сагындыруу. О, чиркин эл менен жер көздөн учат (Аалы). Кербенчи соодагерлер, ошентип, көздөн учкан адими буюмдарды калктын малына эки эсе кымбатка урунтушат (Бейшеналиев). Билсең, анын кадыр-баркы көздөн учкан учурда билинет тура (Абакиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө кооз, көркөм көрүнүү, адамды суктандыргыдай, кызыктыргыдай, өзүнө тарткыдай көрүнүштө болуу. Дасторкон жайылып үстүнө түрдүү даам төгүлүп, көздүн жоосун алат (Сыдыгалиев). Мында ар мүлк, ар бир буюм өз ордунда зымырап көздүн жоосун алат (Сыдыкбеков). Ира кылыктана басып, боз уландардын көзүнүн жоосун алат (Бейшеналиев). В.: Көздүн жоосу кануу. Тим эле көздүн жоосу канып, укмуштар көз алдыңан өтүп жатпайбы (Сыдыкбеков). Көз жоосун түшүрүү. Жакшынакай үйлөргө көз жоосун түшүрө секретарь кубанып бара жатты («Кыргызстан аялдары»). Көздүн курчун алуу. Бак-дарак, алма, өрүк, жүзүм, жүгөрү дегендер көздүн курчун алат (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө кооз, көркөм көрүнүү, адамды суктандыргыдай, кызыктыргыдай, өзүнө тарткыдай көрүнүштө болуу. Дасторкон жайылып үстүнө түрдүү даам төгүлүп, көздүн жоосун алат (Сыдыгалиев). Мында ар мүлк, ар бир буюм өз ордунда зымырап көздүн жоосун алат (Сыдыкбеков). Ира кылыктана басып, боз уландардын көзүнүн жоосун алат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жоготпоо, бирөөгө алдырбай, бүлдүрбөй мыктап сактоо, кол тийгизбей жакшы кайтаруу. Мектеп жашынан баштап коомдук мүлктү көздүн карегиндей сактоого үйрөнөбүз (Медетов). Кант кызылчасынын бир да башын ууруга алдырбай көздүн карегиндей сакташат (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө ыйык тутуу, сактоо, этият мамиле жасоо. Мектеп жашынан баштан коомдук мүлктү көздүн карегиндей сактоого үйрөнөбүз (Медетов). Кант кызылчасынын бир да башын ууруга алдырбай көздүн карегиндей сакташат (Саатов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. имеющий глаза;
тик көздүү имеющий проницательный взгляд;
бөрү көздүү имеющий волчьи глаза; с волчьим взглядом;
көздүүнүн сокуру перен. тёмный, неграмотный (букв. слепой среди зрячих);
аларга караганда биз көздүүнүн сокуру экенбиз по сравнению с ним мы ведь (люди) тёмные;
2. (о силковой снасти) имеющий петли;
элүү көздүүдөн кылып жасаган үч тузагы бар у него есть три силковые снасти, по пятидесяти петель каждая;
3. южн. полно, до краёв;
көздүү-көздүү куй наливай полно, наливай до краёв.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көзү бар. Көгүш көздүү жаш жигит карыяга жылмая карады (Баялинов). || Көрө алган, сокур эмес, көздөрү соо. Көздүү киши өзү эле көрүп тургудай жакын жерде жатат («Ала-Тоо»). 2. Көзөнөктүү, тешиктүү, бир нече бөлүктүү. Жалгыз көздүү будкада көмүр жүктөөчүлөр кобурап олтурушат (Сасыкбаев). Эки көздүү кичине ящиктер коюлган бөлмөдө иштейбиз («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Билинбей туруп жылт коюу, заматта, байкатпай, кайда кеткенин билгизбей жок болуу. Тосмого камалган кулжадай даяр бута болбой көз жазгырсамбы дейм (Бейшеналиев). Алыска көз жазгырып кетүү керек экен, - деп өкүнө түштү да, - Ай, мейли деп кол шилтеди (Укаев). Ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Билинбей туруп жылт коюу, заматта, байкатпай, кайда кеткенин билгизбей жок болуу. Тосмого камалган кулжадай даяр бута болбой көз жазгырсамбы дейм (Бейшеналиев). Сен элди алдап, көз жазгырмайыңды качан коёсуң (Сыдыкбеков). Алыска көз жазгырып кетүү керек экен, – деп өкүнө түштү да, – Ай, мейли деп кол шилтеди (Укаев). Ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым (Жантөшев). В.: Көз жаздыруу. Заматта көз жаздырып кетти («Чалкан»). Аларды көз жаздыруу кыйын болду («Ала-Тоо»). Кылт этип көз жаздырып качып турган, Акылай Ала-Тоонун түлкүсү да (Турусбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Байкалбай, билинбей, көңүлгө алынбай калуу, зеке алынбай, эскерилбей калуу. Райондук маданият үйүндөгү экинчи жолу ачылып жаткан көргөзмө көпчүлүктүн көз жаздымында калбады («Кыргызстан маданияты»). Кашар маселеси көз жаздымында калганына өкүндү («Кыргызстан маданияты»). Мындай уурулардын көз жаздымында калышы, көзөмөлгө алынбагандын кесепети канчалык зыянды алып келбеди («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Байкалбай, билинбей, көңүлгө алынбай калуу, эске алынбай, эскерилбей калуу. Райондук маданият үйүндөгү экинчи жолу ачылып жаткан көргөзмө көпчүлүктүн көз жаздымында калбады («Кыргызстан маданияты»). Кашар маселеси көз жаздымында калганына өкүндү («Кыргызстан маданияты»). Мындай уурулардын көз жаздымында калышы, көзөмөлгө алынбагандын кесепети канчалык зыянды алып келбеди («Советтик Кыргызстан»). В.: Көз жаздыгында калуу. Орчундуу иштерди көз жаздыгында калтырууга болбойт («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Төрөлүү, жарык дүйнөгө келүү (балага карата). Ушул курсактагы бала аман көз жарса Айымжандын койнуна салып б ер емин (Сыдыкбеков). Шамшынын токоюнан сомдоп артына келген куу арчадан жакында көз жаруучу наристеге бешик жасатууда (Бейшеналиев). Таң аппак атып калган кезде бала көз жарды («Ала-Тоо»). 2. Төрөө, боюнан бошонуу, бала төрөп алуу, балалуу болуу (аялга карата). Сейдеке, ырысың бар экен, келиниң аман-эсен көз жарып, башыңа баш кошулуп олтурат, - дешип кемпирлер бака-шака (Өгөбаев). Ошентип, Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келери менен зайып көз жарат (Айтматов). Кудай кошкон жубайынын аман-эсен көз жарып алуусун алдадан үчубак тилеп жүрөт (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Төрөлүү, жарык дүйнөгө келүү (балага карата). Шамшынын токоюнан сомдоп артына келген куу арчадан жакында көз жаруучу наристеге бешик жасатууда (Бешеналиев). Таң аппак атып калган кезде бала көз жарды («Ала-Тоо»). Ушул курсактагы бала аман-эсен көз жарса, Айымжандын койнуна салып берем (Сыдыкбеков). Бала да өз саатында көз жарат (Сыдыкбеков). 2. Төрөө, боюнан бошонуу, бала төрөп алуу, балалуу болуу (аялга карата). Сейдеке, ырысың бар экен, келиниң аман-эсен көз жарып, башыңа баш кошулуп олтурат, – дешип кемпирлер бака-шака (Өгөбаев). Ошентип, Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келери менен зайып көз жарат (Айтматов). Кудай кошкон жубайынын аман-эсен көз жарып алуусун алдадан үч убак тилеп жүрөт (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тунук, таза, аруу. Көз жашындай шүүдүрүм таңкы розанын көркүн ачат (Сыдыкбеков). 2. Аз, кичине. Көз жашындай тапкан анын азыноолак маянасы кийим-кечек дегениң мындай турсун, тамак-ашка көп анчалык жете бербейт (Баялинов). Көз жашындай немени (аракты) алып эле ий (Сыдыкбеков). Өткөн жумада атасынан келген көз жашындай акчаны окуусуна, квартирине төлөп, эми эки күндүк тамактык гана акчасы турат (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өксөп ыйлоо, көз жашы тыйылбай ыйлоо. Агасынан тирүүлөй бөлүнгөн кыз тамак да ичпей көз жашын көл кылып, боздоп гана отурат (Өмүрбаев). Көз жашын көл кылып жатып каза болду (Абдукаимов). В.: Көз жашын көлдөтүү. Асылгүл эми көз жашын көлдөтпөй, кадимкидей соолуга түштү (Медетов). Кезегинде көз жашын көлдөтүп, Чоюбекке чоң калыңга сатканбыз (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө алыс, учу-кыйры жок, чектөөгө мүмкүн болбогон, абдан узак, болжолсуз. Өрдөктөр көз жеткис жакка учуп кетишти («Жаш Ленинчи»). Зал дегенди карасаң төрт бурчуна көз жеткис, калк деген бык-бык («Советтик Кыргызстан»), Көз жеткис мобул терең жар, Капчыгай менен барабар (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө алыс, учу-кыйры жок, чектөөгө мүмкүн болбогон, абдан узак, болжолсуз. Өрдөктөр көз жеткис жакка учуп кетишти («Жаш Ленинчи»). Зал дегенди карасаң төрт бурчуна көз жеткис, калк деген бык-бык («Советтик Кыргызстан»). Көз жеткис мобул терең жар, Капчыгай менен барабар (Маликов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кызыктыруу, өзүнө тартуу, сүйкүмдүү көрүнүү, суктандыруу. Адамдын көз жоосун алган, жаратылышынын кооздугуна суктанткан момундай асыл жерди көр (Осмоналиев). Мен-менсинген жигиттердин көз жоосун алган Сонунбалага сиз кантип жеттиңиз? («Ала-Тоо»). Көркөмү көздүн жоосун алган мынабу үйдүн ичи кандайдыр бир шаңга бөлөнгөн («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кызыктыруу, өзүнө тартуу, сүйкүмдүү көрүнүү, суктандыруу. Адамдын көз жоосун алган, жаратылышынын кооздугуна суктанткан момундай асыл жерди көр (Осмоналиев). Менменсинген жигиттердин көз жоосун алган Сонунбалага сиз кантип жеттиңиз? («Ала-Тоо»). Көркөмү көздүн жоосун алган мынабу үйдүн ичи кандайдыр бир шаңга бөлөнгөн («Кыргызстан аялдары»). В.: Көз жоосун тартуу. Жайытка батпай мал жатат, көз жоосун тартып шаңданган (Токобаев). Өрдөгөн сайын карагат, ит мурун, бадалдар, жапалак арча, мажирөө тал... жолоочунун көз жоосун тартууда (Бейшеналиев). Көз жоосун түшүрүү. Жакшынакай үйлөргө көз жоосун түшүрө секретарь кубанып бара жатты («Кыргызстан аялдары»). Көз жоосун кычыштыруу. Султангазылар мөрөйлөрү үстөмдөгөндөй каалгый басыша... Касымбектердин көз жоосун ого бетер кычыштырды (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир иш ж.б. эптеп-септеп бүтүрө коюу, жүр-нарыга салуу, чала-була бүтүрүү, будамайлап иштей салуу, тобокел кылуу. Ушуну билип, көзү жетип туруп, жоопкерчиликтен качып, көз жумдуга салууга анын акысы барбы? (Кушубеков). Сабийра бүлөндүү ойлорго көп баткан сайын акыры баарына кол шилтеп, көз жумдуга салды (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир иш ж. б. эптеп-септеп бүтүрө коюу, жүр-нарыга салуу, чала-була бүтүрүү, будамайлап иштей салуу, тобокел кылуу. Ушуну билип, көзү жетип туруп, жоопкерчиликтен качып, көз жумдуга салууга анын акысы барбы? (Кушубеков). Сабийра бул өңдүү ойлорго көп баткан сайын акыры баарына кол шилтеп, көз жумдуга салды (Абдукаимов). В.: Көз жумду кылуу. Сооронбай аны «көп болсо чокунуп келер» деп көз жумду кылып жөнөткөн (Бейшеналиев). Балдарда не жазык, дагы төрөп берсе болгону деп жуучулар көз жумду кылды («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлүү, каза болуу, дүйнөдөн кайтуу. Атасын канжыгага байланып жүргөн адам жок, бир күнү Момун чал да көз жумат, ошондо шордуу кызынын көргөн күнү не болот? (Айтматов). Коллективизация кезинде ак ниеттүү нечен адамдар душман колдуу болуп көз жумушкан («Кыргызстан маданияты»). Кайран Музооке абабыз аз гана ноокастап көз жумду (Бейшеналиев). 2. Жалтануу, коркуу калтааруу. Көз жумбай жоодо чабышат Дээринде бар эр киши («Мендирман»). 3. Тобокел кылуу, белсенүү, мейлиге салуу, капарга албоо, билсе да билмексен болуу. Ал алды-артын ойлоп, баш катырып отурбастан,... өзүн тоскон кубанычка да, күйүнүчкө да, өлүмгө да көзүн жуумп коюп илгери карай кете берет (Укаев). Бул жолу байбичеңиздин амал-айласына көз жуумп коё албайсың! (Сыдыкбеков). Эмне болсо ошо болсун деп, турмушта көз жуумп жүрө берип, капыстан бет алдынан каргаша жолукту (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлүү, каза болуу, дүйнөдөн кайтуу. Атасын канжыгага байланып жүргөн адам жок, бир күнү Момун чал да көз жумат, ошондо шордуу кызынын көргөн күнү не болот? (Айтматов). Коллективизация кезинде ак ниеттүү нечен адамдар душман колдуу болуп көз жумушкан («Кыргызстан маданияты»). Кайран Музооке абабыз аз гана ноокастап көз жумду (Бейшеналиев). Курбуңуз Медер көз жумду Каракчы немец огунан (Маликов). Көз жумуп келбес сапар кетсе дагы, Өчпөстөн кала берер кылган иши (Бөкөнбаев). 2. Жалтануу, коркуу, калтааруу. Көз жумбай жоодо чабышат Дээринде бар эр киши («Мендирман»). 3. Тобокел кылуу, белсенүү, мейлиге салуу, капарга албоо, билсе да билмексен болуу. Алар-албасына көзү жетпеген Асан көз жумуп мейли деп айтканына көндү («Ала-Тоо»). Ал алды-артын ойлоп, баш катырып отурбастан, өзүн тоскон кубанычка да, күйүнүчкө да, өлүмгө да көзүн жуумп коюп илгери карай кете берет (Укаев). Бул жолу байбичеңиздин амал-айласына көз жуумп коё албайсың! (Сыдыкбеков). Эмне болсо ошо болсун деп, турмушта көз жуумп жүрө берип, капыстан бет алдынан каргаша жолукту (Абдукаимов). В.: Көздү жуумп. Чаап алмак беле, табып катары көздү жуумп барууга чыгынды (Бейшеналиев). Тобокелге салып, көздү жуумп бир чыгарма жазайын дедим эле (Кыдырмышев). Көзү жумулуу. Аялынын артынан аздан кийин атасынын да көзү жумулду (Шүкүрбеков). Кандайча көмүшүбүз керек, эгер көзүңүз жумулуп кетсе (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Үстүртөн, жалпысынан байкоо жүргүзүү, бир сыйра айландыра карап чыгуу, үстүртөн байкап көрүү. Жапар Кызыл үйдүн ичинде көз жүгүртүп келип, Зулайка менен Зейнештин жазып жаткан газетасын көрдү (Баялинов). Ал менинтулкубоюма бир сыйра көз жүгүртүп чыкты («Ала-Тоо»). 2. Тез-тез карап, окуп таанышып чыгуу. Кагазды алды, бүктөөсүн жазып көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Байымбет жубайынын тизме кагазына каз жүгүрүп чыкты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үстүртөн, жалпысынан байкоо жүргүзүү, бир сыйра айландыра карап чыгуу, үстүртөн байкап көрүү. Жапар кызыл үйдүн ичинде көз жүгүртүп келип, Зулайка менен Зейнештин жазып жаткан газетасын көрдү (Баялинов). Ал менин тулку боюма бир сыйра көз жүгүртүп чыкты («Ала-Тоо»). 2. Тез-тез карап, окуп таанышып чыгуу. Кагазды алды, бүктөөсүн жазып көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Байымбет жубайынын тизме кагазына көз жүгүртүп чыкты (Бейшеналиев). В.: Көз чаптыруу. Каныбек айланага көз чаптырды (Жантөшев). Жумушчуларга көз чаптырды да баланы колтукка түрттү (Баялинов). Асылбек айлана-тегерекке көз чаптырып, эч ким көрүнбөйт дегендей белги берди (Жоошбаев). Көз жиберүү. Саадат астыртан айыл жакка көз жиберип, ойлуу отурат (Сыдыкбеков). Айдай алдыртан көз жиберип, Бекендин таңыркоосун байкап акырын гана жылмайып коёт (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үргүлөп кетүү, уктап кетүү. Мыктынын көзү илинип кеткеи экен (Касымбеков). Аздан кийин Жылдызкандын чыйрыкканы жазылды, ал түгүл көзү илинип да кетти (Байтемиров). Ыйлап жатып Чыйырды Чырм этип көзү илинди («Манас»). Ал аңгыча кашайып көзүм илинип кетиптир (Айтматов). Сай-сөөгү сыздап жатып жаңыдан көзү илинип кеткен Дүйшөнкул чочуп ойгонду (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Уктабоо, уктай албоо, кирпик какпоо, уйку бетин көрбөө, такыр уктабай чыгуу. Түнү бою көз ирмебей из караган, лыста маекчинин чырагы өчтү (Осмонов). Ышкынаалы ал түнү таң аткыча көз ирмебей чыкты (Байтемиров). 2. Жалтанып да койбоо, эч жазтанбай тике кароо. Айбалта колго алышып, Көз ирмебей салышып («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уктабоо, уктай албоо, кирпик какпоо, уйку бетин көрбөө, такыр уктабай чыгуу. Түнү бою көз ирмебей из караган, Алыста маекчинин чырагы өчтү (Осмонов). Ышкынаалы ал түнү таң аткыча көз ирмебей чыкты (Байтемиров). 2. Жалтанып да койбоо, эч жазганбай тике кароо. Айбалта колго алышып, көз ирмебей салышып («Манас»). В.: Көз илбөө. Кален бүгүнкү түнү бир айла табуу керек экенин ойлоп, түнү бою көз илбеди (Укаев). Кээ түнү чочулап таң атканча көз илбей чыгат («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Учу-кыйрына көз жетпей мелмилдөө, өтө чоң, абдан көп болуп көрүнүү, суктандырып мелтиреп, жайылып жаткан абалда болуу. Жүрүп отуруп көз кайкыган талаага туш келдик («Ала-Тоо»). Соң-Көл жайлоосунун Ак-Сай, Көк-Сай өндүрүндөгү буралган бетеге, жылшыркан, тулаң, ...кымыздык, козу кулак, шимүүр, улар гүл, ак кодол аралаш жыпар жыт чөптөрүн араласаң көз кайкыйт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Учу-кыйрына көз жетпей мелмилдөө, өтө чоң, абдан көп болуп көрүнүү, суктандырып мелтиреп, жайылып жаткан абалда болуу. Жүрүп отуруп көз кайкыган талаага туш келдик («Ала-Тоо»). Соң-Көл жайлоосунун Ак-Сай, Көк-Сай өндүрүндөгү буралган бетеге, жылтыркан, тулаң, кымыздык, козу кулак, шимүүр, уларгүл, аккодол аралаш жыпар жыт чөптөрүн араласаң көз кайкыйт (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЗКАМАН — каарман. Жакыптын бир тууганы. Өз ысымы Үсөн. К. — ылакап аты. Калмактардын арасында көп жыл жашап калмакча атка конуп калган. «Манас» эпосундагы К-дын жана анын балдарынын (айрым варианттарда туугандары, алардын балдары) Манаска душмандык иштерине байланыштуу айтылган чоң эпизод Үсөндүн ылакап аты менен К-дар окуясы деп аталат. Сагымбай Орозбаковдо гана Үсөн кары балдарынын Манасты өлтүрүшүнө каршы болот. Балдары тилин албай койгон соң Манаска кымызга кошуп ууну кесип кетүүчү дары ичирет. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты нда К. менен Көкчөкөз бир тууган делип, арамдык иштерин чогуу аткарышат, к. Көзкамандар, «Манастын» сюжетиндеги Көзкамандар окуясын.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЗКАМАНДАР—Манастын жакын тууганы Үсөндүн, анын балдарынын эпосто жалпы аталышы. Көзкамандар окуясы эпостун дээрлик бардык варианттарында кезиккен салттык туруктуу окуялардын бири. Бардык варианттарда окуянын сюжеттик өзөгү окшош болгону менен окуянын өнүгүшү, каармандардын ысымдары, саны ар башкача берилет. Сагымбай Орозбаковдо Орозду, Бай, Жакып, Үсөн төртөө Ногойдун балдары делип, кытай кыргызды туш-тушка таратканда Үсөн калмактардын арасында калат. Калмактан аял алып, балдары калмакча тарбияланат. Манас ата журтун душмандан бошотконун угуп, беш баласы менен көчүп келген Үсөнгө Манас мал-мүлк, жер бөлүп берет. К. Манаска тең тууганбыз дешип, амал менен көзүн тазалап, бийликке ээ болууну самай башташат. Саякбай Каралаевдин варианты нда Көзкаман менен Көкчөкөз бир тууган делип, Желтийбес, Чаңдаяк, Орозон бешөө Эсенкандын тапшырмасы менен Манасты өлтүрүүгө атайын келишет. Ал эми Радлов жазып алган вариантта кызын Манаска калыңсыз берген Темирканга нааразы болгон вазири кыргыз менен калмактын ортосунда тыңчылык кылган Көзкаман менен Көкчөкөзгө уу берип Манасты өлтүрүүгө буйрук берет. «Мажму ат-таварихте» чыккынчы Тубайды Манасты өлтүрүүгө Жолой жиберет. К-дын Манаска каршы күрөшүндө айрыкча Көкчөкөз активдүү аракеттенет. Сагымбай Орозбаковдо да, Радлов жазып алган вариантта да Көкчөкөз Манасты атып жарадар кылат, Каныкейди зордук менен алам дейт. Чалгынга барып, Айканга Манастын келатканын кабарлап коюп, Манаска келип калмак бейкапар жатат дейт. Саякбай Каралаевдин варианты нда да, Радлов жазып алган вариантта да Манаска ууну Көкчөкөз берет. Сагымбай Орозбаковдо Манастын келатканын уккан К. чатакташып, бычакташып өлүшөт. «Көзкамандарча бычакташкан» деген сөз эл оозунда ушундан калган делет. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты нда Манасты өлтүрүп салдык деп, сүйүнүп кытайга кетип бараткан жолдо К. артынан кууп жеткен Бакай баш болгон кырк чоронун колунан өлөт (к. Манастын сюжети):
К-дын тууганы Манаска чыккынчылык кылышынын себептери варианттарда ар башкача мотивдештирилет. Калмактардын арасында туулуп, дили калмак болуп калган К. кыргыздын турмушуна көнө албай өгөйлөшөт. Манас берген дүнүйөгө манчыркап, Манастын дүйнө-мүлкүнө көз артып аны жок кылгылары, ордуна кан болгулары келишет. Манасты күч менен ала албай тургандыктарын билген К. аны амал менен мертинтүүгө аракеттенишет (Сагымбай Орозбаков). Манасты өлтүрүү үчүн кытайдан атайылап келишет (Саякбай Каралаевдин варианты ). Манас эпосундагы бул эпизоддун сюжети көп жактарынан (туугандарынын чыккынчылыгы, жарадар болгон баатырдын айыгышына жаныбарлардын жардам бериши, аялына үйлөнмөк болушу жана башкалар) түрк-моңгол элдеринин эпосторуна («Алтай-Буучай», «Көгүдей») үндөшүп турат.
Манас элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн элдик баатыр болгондуктан ага каршы турган адамдар жеке Манаска гана эмес, элдин эркиндигине, биримдигине каршы күрөшүүчүлөр катары кабылданат. Ошондуктан Көзкаман, Көкчөкөздөрдүн ысымдары эң коркунучтуу душмандардын катарында аты аталат. Жекече кызыкчылыгы, мал-мүлк, бийлик үчүн кандаш туугандарына чыккынчылык кылуу кылмыштын эң жаман, эң жийиркеничтүүсү катары каралып, элде «өздөн чыккан жат жаман» деген макал да айтылат. К-дын өзгөчө коркунучтуулугу — алардын өз болумуш болуп, астыртадан жамандык иш жасагандыгы, чыккынчылыгы.
К. окуясынын «Манас» эпосунан орун алышынын мезгили, себептери, «Көзкаман» деген ысымдын келип чыгышы жөнүндө окумуштуулар арасында ар кандай пикирлер бар.
Д. Саалиева

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз алдынча, өз эркинче боло албаган, бирөөнүн колун караган, ага баш ийген. Окууну бүткөн соң, сураары жок көз каранды жетим, Шабдандын талабы боюнча анын карамагына тилмечтикке жиберилиптир (Бейшеналиев). Ар кимден жардам сурап, ыража сурап, көз каранды болуунун кимге кереги бар (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз алдынча, өз эркинче боло албаган, бирөөнүн колун караган, ага баш ийген. Окууну бүткөн соң, сураары жок көз каранды жетим, Шабдандын талабы боюнча анын карамагына тилмечтикке жиберилиптир (Бейшеналиев). Ар кимден жардам сурап, ыража сурап, көз каранды болуунун кимге кереги бар (Бердикеев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКАРАНДЫ БҮТҮМ – жарандык укукта тараптардын бирине өтө оңтойсуз болуу менен, анын укугун чектей турган жана өз эркин билдирүүнү жокко чыга-руучу жагдайга жараша таңууланган бүтүм. КР жарандык мыйзамдарына ылайык башка тарап өз кызыкчылыгы үчүн пайдалана ала тургандай өзүнө өтө оңтойсуз шартта кыйла оор жагдайга байланыштуу жасалган бүтүмдөр (К. б.) жабырлануучунун доо-арызы боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКАРАНДЫСЫЗ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ШЕРИКТЕШТИГИ (КМШ) – мамлекеттер аралык бирикме, 1991-жылы 8-декабрда Минскиде СССРдин 3 республикасынын – РСФСР, Белоруссия жана Украинанын өкүлдөрү кол койгон Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндө макулдашууларынын негизинде түзүлгөн. Макулдашуу 1991-жылы 12-декабрда РСФСР Жогорку Советинин токтому менен ратификацияланган. КМШнын 1993-жылы 22-январда Минскиде кабыл алынган Уставы 1993-жылы 12-апрелде РФ Жогорку Совети тарабынан ратификацияланган. Аталган Макулдашууга жана КМШ Уставына ылайык, Шериктештиктин максаты элдер менен мамлекеттердин саясат, экономика, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, илим, соода жагындагы, кайрымдуулук жана башка чөйрөлөрдөгү тең укуктуу жана өзара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү, кеңири маалыматтык алмашууга көмөк көрсөтүү, өзара милдеттенмелерди акниет жана так сактоо болуп саналат. КМШга СССРдин мурдагы 12 республикасы – РФ, Украина, Өзбекстан, Азербайжан Республикасы, Грузия Республикасы, Тажикстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Армения Республикасы, Молдова Республикасы, Түркмөнстан кирет. КМШ органдарынын ырасмий жайгашкан орду – Минск. Шериктештиктин Мамлекет башчыларынын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, КМШтин Аткаруучу секретариаты, Мамлекеттер аралык экономикалык комитет, КМШтин Экономикалык соту, КМШке катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясы КМШтин негизги институттары (консультативдик жана координациялоочу органдары) болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКАРАНДЫСЫЗ РЕЕСТР КАРМООЧУ – аты жазылган баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу, баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКАРАНДЫ ЧАРБАЧЫЛЫК КООМУ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, 20 пайыздан ашык добуш берүүчү акциясын башка катыш коом сатып алган юридикалык жак. Акыркысы көзкарандысыз коомдун акциясынын тийешелүү бөлүгүн сатып алгандыгы тууралуу маалыматты дароо жарыялоого милдеттүү. АКнын айрым түрлөрү үчүн башка чарбачылык шериктештиктер менен коомдордон сатылып алынуучу акциялардын (үлүштүн) санына чек коюлат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирөөнү кароо, көз кырын салуу аркылуу өзүнүн пикирин, кандай ойдо экенин билдирүү манерасы. Тумакчан кишинин көз карашы Дашага жаккан жок (Сасыкбаев). 2. Кимдир бирөө же бир нерсе жөнүндө пайда болгон ой, пикир, түшүнүк. Педагог ата уулунун көргөн-билген окуясы туурасында оюн айттыруучу да, эгер бала туура эмес көз карашта болсо, аны дароо сөзгө алып, туура багыштап коёр эле (Касымбеков). 3. Турмуш, табигат, коом туурасындагы жалпы түшүнүктүн, пикирдин системасы. Материалисттик көз караш. Идеалисттик көз караш. Илимий көз караш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү кароо, көз кырын салуу аркылуу өзүнүн пикирин, кандай ойдо экенин билдирүү манерасы. Тумакчан кишинин көз карашы Дашага жаккан жок (Сасыкбаев). 2. Кимдир бирөө же бир нерсе жөнүндө пайда болгон ой, пикир, түшүнүк. Педагог ата уулунун көргөн-билген окуясы туурасында оюн айттыруучу да, эгер бала туура эмес көз карашта болсо, аны дароо сөзгө алып, туура багыттап коёр эле (Касымбеков). 3. Турмуш, табигат, коом туурасындагы жалпы түшүнүктүн, пикирдин системасы. Материалисттик көз караш. Идеалисттик көз караш. Илимий көз караш.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Каза болгон адамдын үй - бүлөсүнө, тууган - туушкандарына көңүл айтуу үчүн баруу, кирип чыгуу, көрүнүп коюу. Шаар ичинде бирөөлөрдүкүнө көз көрсөткөнү баратканбыз (Жусупов). Айылдагы... а дүйнө кеткендердин үй-бүлөсүнө көз көрсөтүп кайттык («Ала-Тоо»). 2. «Келди», «болду», «катышты» деп эсептелиш үчүн белгилүү бир жайга баруу, кирип чыгуу, көрүнүп коюу. Көз көрсөтүп коюп, ишке тийди-качты болуп жургөндөр аз эмес («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына көңүл айтуу үчүн баруу, кирип чыгуу, көрүнүп коюу. Шаар ичинде бирөөлөрдүкүнө көз көрсөткөнү баратканбыз (Жусупов). Айылдагы а дүйнө кеткендердин үй-бүлөсүнө көз көрсөтүп кайттык («Ала-Тоо»). Тургула, көз көрсөткөнү кишилер келатат (Айтматов). 2. «Келди», «болду», «катышты» деп эсептелиш үчүн белгилүү бир жайга баруу, кирип чыгуу, көрүнүп коюу. Көз көрсөтүп коюп, ишке тийди-качты болуп жүргөндөр аз эмес («Кыргызстан маданияты»). В.: Көз көргөзүү. Байымбет өзү бир сыйра өлгөн-житкенге көз көргөзгөн соң, Абдыкалыкты Нарынга жөнөттү (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКӨРҮНӨӨ ЖАЛГАН БИЛДИРҮҮ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган сот акыйкаттуулугуна каршы жасалган бул кылмыштын түпжайы белгилүү бир кылмышка катыштыгы бар белгилүү бир адам жөнүндө жалган маалымат берген адамга барып байланышат. Адамды оор же өтө оор кылмыш жасады же жалган күнөлөө далилдерин жасады деп айыптоо анын жиктештирүү белгиси болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКӨРҮНӨӨ ЖАЛГАН ЖАРНАМА – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш. Өзүнүн жеке кызыкчылыгынан улам, жарнама берүүчүлөрдүн (жарнама өндүрүүчүлөрдүн, жарнама таратуучулардан) товар, жумуш, тейлөө кызматы боюнча атайлап көзкөрүнөө жалган маалыматтарды колдонуусу, ошондой эле өндүрүүчүлөр менен сатуучулардын сөзсүз түрдө тастыктоого жана лицензиялоого жатып, бирок тийешелүү тастыктама кагазы же лицензиясы жок туруп эле товарларды жарнамалашы жарнама керектөөчүнү атайлап жаңылыштыкка түрткөн жарнама жалган болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗКӨРҮНӨӨ ЖАЛГАН КӨРСӨТМӨ – кылмыш, күбөнүн же жабырлануучунун сотто же алдынала тергөөнүн жүрүшүндөгү алгачкы тергөөдө көзкөрүнөө фактыларды атайылап жашыруусун, чындыкты атайылап бурмалоосун билдирген кылмыш. Эксперттин көзкөрүнөө жалган корутундусу, көзкөрүнөө жалган которуу да К. ж. к-гө теңдештирилет. Айыпкер жана соттолуучу жалган көрсөтмөлөрү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартпайт. К. ж. к-нү жаңылып калуудан, адашуудан жана компетенциянын жетишсиздигинен чындыкты бурмалоодон айырмалап кароо керек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге абдан ыраазы болгончо, моокуму канганча суктана кароо, каниет алуу. Карай-карай жаратылыштын сулуулугуна көз кумарын кандырып, жолду улай нарыладык (Бейшеналиев). Чубалып турган пахтанын булалары кимдин болбосун көз кумарын кандырат (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге абдан ыраазы болгончо, моокуму канганча суктана кароо, каниет алуу. Карай-карай жаратылыштын сулуулугуна көз кумарын кандырып, жолду улай нарыладык (Бейшеналиев). Чубалып турган пахтанын булалары кимдин болбосун көз кумарын кандырат (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Алдыртан тымызын кароо, акырын байкоо. Нары четте мылтыкчан солдат мурутун салаңдатып, көз кыйыгын салып, чылым ороп турган (Касымбеков). Жылаңайлак өз бутуна көз кыйыгын салып, курөң айгырдын түктөрүн такымынан күбүдү (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алдыртан тымызын кароо, акырын байкоо. Нары четте мылтыкчан солдат мурутун салаңдатып, көз кыйыгын салып, чылым ороп турган (Касымбеков). Жылаңайлак өз бутуна көз кыйыгын салып, күрөң айгырдын түктөрүн такымынан күбүдү (Осмоналиев). В.: Көз кыйыгын имерүү. Букарбай жүрөгү шуу эте Мусакожого көз кыйыгын имерди (Бейшеналиев). Болкойгон сакалдуу жолоочу астыртан көз кыйыгын имерди («Кыргызстан маданияты»). Көз кыйыгын жиберүү. Отургандарга көз кыйыгын жиберди. Көз кыйыгын жиберип, акырын артынан карады (Байтемиров). Көз кыйыгын таштоо. Кален көл жакка көз кыйыгын таштады (Укаев). Көз таштоо. Керегелерде илбирс, карышкыр терилери илинген үй ичине Саякатчы көз таштады (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Каралашуу, жардамдашуу, жардам берүү, кам көрүү. Өмүрлүү бол, зоболоң көтөрүлсүн, балдарга көз кырыңды сала жүр деген батасына тоюнду (Ашымбаев). Шордуу жетимчемдин сенден башка кимиси бар. ...Көз кырыңды сала жүрөрсүң, - деди Акбала өзүн кармай албай ыйлап жиберип (Укаев). 2. Бир нерсени байкоо максатында көз жүгүртүү, астыртан кароо. Анан Сабырбек тамекисин тарткан болуп, бирок астыртан Бекбайдын жүзүнө көз кырын салып отурду (Абдыраманов). А офицер улам ага көз кырын салып, кайра алдындагы бирдемеге күймөлүп, колу ойсоңдоп, кайра көз кырын салып, кайра өзүнчө үңүлүп отурат (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каралашуу, жардамдашуу, жардам берүү, кам көрүү. Өмүрлүү бол, зоболоң көтөрүлсүн, балдарга көз кырыңды сала жүр деген батасына тоюнду (Ашымбаев). Шордуу жетимчемдин сенден башка кимиси бар. Көз кырыңды сала жүрөрсүң, – деди Акбала өзүн кармай албай ыйлап жиберип (Укаев). 2. Бир нерсени байкоо максатында көз жүгүртүү, астыртан кароо. Анан Сабырбек тамекисин тарткан болуп, бирок астыртан Бекбайдын жүзүнө көз кырын салып отурду (Абдыраманов). А офицер улам ага көз кырын салып, кайра алдындагы бирдемеге күймөлүп, колу ойсоңдоп, кайра көз кырын салып, кайра өзүнчө үңүлүп отурат (Касымбеков). В.: Көз салуу. Эне кургур Кудайбергенге көптөн бери көз салып жүрөт (Мырзаев). Айланайын журт, балама көз сала жүрө көргүлө (Турусбеков). Бала көлгө далысын сала бурулуп отурду да, дүрбүнү жанына алып коюп дөбөнүн этегине көз салды (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени кечке тиктеп, окуп же иштей берип көзүнүн курчу кетүү, көзү талуу, көзүнө күч келүү. Кечке жылбай, козголбой отуруп, көз майың түгөндү. Чүтүрөйүп өңүңөн аздың (Бейшеналиев). Кыштай алаканы жооруп, көз майы түгөнүп, ишин иштеп берип, томсоруп куру алакан үйүнө кайтат (Сыдыкбеков). В.: Көз майы кетүү. Көз майым кетип жатып балама арнап жасаганымы отко салбадыбы, оң таппагыр (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тирмийип бир нерсени кечке тиктеп, окуп же иштей берип көзүнүн курчу кетүү, көзү талуу, көзүнө күч келүү. Кечке жылбай, козголбой отуруп, көз майың түгөндү. Чүтүрөйүп өңүңөн аздың (Бейшеналиев). Кыштай алаканы жооруп, көз майы түгөнүп, ишин иштеп берип, томсоруп куру алакан үйүнө кайтат (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Боорлоруна ак нерсе житирип койгон, чоңдугу койдун корголундай болгон, ырым катарында көз тийбес үчүн тагылган көгүлтүр мончок. Көз тиет деп кызыма, «Көз мончок» тумар такканбы? (Кыргыз элинин сүйүү ырлары).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көзө I
ир. южн.
большой кувшин.
көзө- II
просверливать, делать дырявым;
мурун көзө- ист. делать отверстие в перегородке носа (в которое у быков, иногда и у коров, вставлялся деревянный ободок - чүлүк, а у верблюдов - колышек - шиш, и к ним прикреплялся поводок);
төөсү менен сыйырды, мурдун көзөп байлаган стих. верблюдов и коров (киргизы) привязывали, прокалывая перегородку носа;
чоркок киши буканын мурдун муштум менен көзөйт погов. недотёпа нос быка кулаком дырявит;
көзөй тий- пройти насквозь, пройти навылет.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. диал. Бозо же суу куюу учун карападан жасалган идиш.
КӨЗӨ II этиш. Бир нерсени тешүү, көзөнөк кылуу, тешик кылуу. Бир станокто сом темирди көзөп жатса, бирөөндө.. жылмалап жатат (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
зоол. Ылгабай азыктануучу коңуздар түркүмчөгүндөгү жыгач кемиргич коңуздар уруусуна кирген жандыктар. Көзөгүчтөрдүн дене узундугу 2–6 мм, түктүү жумуру, түсү саргыч, айрымдары кара күрөң болот. Алардын 1700дөй түрү кеңири тараган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени тешүү, көзөнөк кылуу, тешип ийүү. Суу кардын арасын көзөп, күрткүлүү күбүрдү көбөйтөт (Жантөшев). Бир станокто темир көзөйт, экинчи биринде жылмалоо иштери жүргүзүлөт («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сулуу, көрктүү мыкты. Көзөл Манас сурап кел («Манас» С. О.). Жигиттин көркү анча да көзөл, анча да сулуу эмес (Сыдыкбеков). Көзөл Асыл келинди, мактоого акындын тили жетер беле (Сыдыкбеков). 2. Шумпай, шылуундугу бар. Айтканы чын көзөлдүн (Борбугулов). Оо, кайран көзөлүм! (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баамчыл, сезгич, кыраакы. Көзөмөл киши. Көзөмөл кары. 2. Көздөөчү, көз болуучу, көз салуучу. Көзөмөл болуп турган полицейский Нурматты бош отургуза койбойт (Абдукаримов). Антондун бүлөсүнө көзөмөл бол, Кокустан көтөрбөсүн колун эч ким! (Токомбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ – мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн бир түрү. Ал өзара сот көзөмөлүнө алуу , конституциялык көзөмөлгө алуу (кара:Конституциялык көзөмөл), прокурордук көзөмөлгө алуу болуп бөлүнөт. Ага административдик көзөмөл түрлөрү да кирет. Автордук көзөмөлгө алуу анын өзгөчө түрү болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ БАСКЫЧЫ – жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата сот жүрүм катышуучуларынын даттануусу менен сунушу боюнча иштерди карай турган КР Жогорку соттун президиуму менен сот коллегиялары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУГА ӨТКӨРҮҮ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык, 18 жашка чыга элек, биринчи жолу чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар жана анча оор эмес кылмыштар жасаган жактарга колдонулуучу тарбыя таасирин көрүүгө мажбурлоо чараларынын бири. Ал ата-энелерге же аларды алмаштыруучу жактарга, же болбосо эрезеге жетелек балдардын иши боюнча комиссияга эрезеге жетелек балага таасирдүү тарбия берүү жана анын жүрүм-турумуна көзөмөлдүк кылуу милдеттерин жүктөөдөн турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ ӨНДҮРҮШҮ – КРде баштапкы, апелляциялык, кассациялык баскычтагы соттордун өзгөртүүсүз калтырылуу менен, жокко чыгарылуу менен же өзгөртүлүү менен мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерин, өкүмдөрүн, аныктамаларын жана токтомдорун кайра кароо тартиби.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНУУЧУ ДАТТАНУУ – сот ишине катышып жаткан жактардын мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын үстүнөн сот коллегияларына жана КР Жогорку сотуна алып келип тапшырган даттануу арызы же сунушу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛДӨГҮ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ – мамлекеттик органдар тарабынан белгилүү товарлардын жана нерселердин, анын ичинде эркин сатылышына тыюу салынган же чектелген баңгизаттарынын жана психотроптук каражаттардын эларалык мыйзамсыз жүгүртүлүшүн болтурбоо боюнча колдонулуучу усулу. КР бажы органдары (ар бир жолу КР эларалык келишимдеринин негизинде же чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча) К. ж. б. усулун колдонот, б. а. көрсөтүлгөн товарларды өзүнүн көзөмөлү алдында КРге ташып кирүүгө жана ташып чыгууга же өзүнүн аймагы аркылуу ташып өтүүгө мүмкүндүк берет. К. ж. б. усулун колдонуу тууралуу чечимди бажы органы кабыл алат. Ыкчам-иликтөө жумуштарын ишке ашыруучу башка органдар К. ж. б-нү бажы органдарынын макулдугу менен өзара макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛДӨГҮ ПРОДУКЦИЯ – КРдин Улуттук көзөмөлдөгү тизмесине кирген жана жапырт кыргын салуучу куралдарды чыгарууда, аларды ташып жеткирүү каражаттарын, аскер техникаларын жана башка куралжарактарды жасоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары жана кош багыттагы продукциялар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр, илимий-техникалык маалыматтар, жабдуулар жана технологиялар, чийки заттардын жана материалдардын түрлөрү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛСҮЗ КАЛГАН БАЛА – ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөр, болбосо кызмат адамдары тарабынан аны багып-өстүрүү, тарбиялоо жана билим берүү боюнча милдеттер орундалбагандыгынын же ойдогудай аткарылбагандыгынын натыйжасында жүрүм-туруму кароосуз болуп калган жашы жетелек бала.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Устачылыктын куралы. Чеберлер металлды, сөөктү, мүйүздү теше турган бургу сыяктуу аспаптарды өзүлөрү жасап алышкан. Анын жердиги кара курч темирден тандалып, көбүнчө сабы темирден болот.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗ КЫРЫН САЛУУ Эне кургур Кудайбергенге көптөн бери көз салып жүрөт (Мырзаев). Айланайын журт, балама көз сала жүрө көргүлө (Турусбеков). Бала көлгө далысын сала бурулуп отурду да, дүрбүнү жанына алып коюпдөбөнүнэтегине көз салды (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө кооз, көркөм көрүнүү, кооздугунан, көркөмдүгүнөн көз уялуу, жалтануу. Куштун жүнүнүн кооздугунан көз тайгылат (Сыдыкбеков). Карасам колхоз айлымды, Малыман көзүм тайгылды (Маликов). Кең жайыкта түшүргөн жүктөр менен кишилерден көз тайгылат (Укаев). В.: Көз таюу. Тоолор жашыл кымкаптай көз тайытып, нечен ирет кубулжуйт (Жусупов). Андагы эң кооз имараттарды караганда, тим эле көз тайыйт (Кыдырмышев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Элдик ишеним боюнча: ооруп калууга же башка кырсыкка дуушар кыла тургандай даражада бирөөнүн сугу өтүү, көзүгүп калуу. Энем көз тиет деп Түмөнбайын жаман көздөн сактаар жөнү бар (Сыдыкбеков). Көл болбой эгер кыз болсо, көз тиймек экен кап-качан (Сарногоев). Ашка, тойго ээрчитсем көзүтиет деп, аяп жүрөм баламды («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Элдик ишеним боюнча: ооруп калууга же башка кырсыкка дуушар кыла тургандай даражада бирөөнүн сугу өтүү, көзүгүп калуу. Энем көз тиет деп Түмөнбайын жаман көздөн сактаар жөнү бар (Сыдыкбеков). Көл болбой эгер кыз болсо, көз тиймек экен капкачан (Сарногоев). Ашка, тойго ээрчитсем көзү тиет деп, Аяп жүрөм баламды («Эр Табылды»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Алыста, көзү жеткен жерде, көз алдында. Жалгыз-жарымдаган салт атчан жолоочу көз учунда элес-булас өтөт (Укаев). Көз учуна араң-араң илинип, алыстан мунарыктап жаткан Арсланбап (Өмүрбаев). Ушул жашыл жондон туруп, көз учунда керилип жаткан өрөөнгө көз чаптырды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алыста, көзү жеткен жерде, көз алдында. Көк муз жамынган төрлөрү да көз учунда мелтирейт (Сыдыкбеков). Ашым көз учунан жамыратып, дептерди кайра барактады (Сыдыкбеков). Жалгыз-жарымдаган салт атчан жолоочу көз учунда элес-булас өтөт (Укаев). Көз учуна араң-араң илинип, алыстан мунарыктап жаткан Арсланбап (Өмүрбаев). Ушул жашыл жондон туруп, көз учунда керилип жаткан өрөөнгө көз чаптырды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күндүн же башка жарык нурдун ж. б. чагылышынан көз жалтанып, тике кароого мүмкүн болбоо, карай албоо. Күн ачык тийгенге жаңы жааган кардан көз уялат (Сыдыкбеков). 2. Бир нерсенин кооздугуна, көркөмдүгүнө көз тайгылуу. В.: Көз уялтуу. Үй жасалгасында көз уялткан килем-килчеден сырткары... китеп койгуч текче ж. б. бар (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Көзү тунаруу, көңүлү караңгылап, ымыр-чымыр боло түшүү, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калуу. Экинчи жолу урулган камчынын учу үстүңкү эринге келип тийгенде Алымкулдун көзү ала чакмак боло түштү (Абдукаримов) Аркаман келип чапканда көзүм ала чакмак боло түшкөнүн билем (Жантөшев). 2. Абдан корккондо, шаштысы кеткенде, эмне кыларын билбей апкаарый калуу, дапдаарый түшүү. Сапар өзүнүн фамилиясын көрүп, көзү ала чакмак болду (Бөкөнбаев). Мен жаныман түңүлүп, ала чакмак болгон көздөрүмү жума койдум (Жигитов). 3. Өзүн токтото албай алып учуп, көөп турган же катуу кызып калган абалда болуу. Базары жүрүп турганда кимдин көзү ала чакмак болбойт (Осмоналиев). Көзүм ала чакмак болуп, бир киши эки киши, эки киши он киши болуп көрүндү («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көзү тунаруу, көңүлү караңгылап ымыр-чымыр боло түшүү, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калуу. Экинчи жолу урулган камчынын учу үстүңкү эринге келип тийгенде Алымкулдун көзү ала чакмак боло түштү (Абдукаримов) Аркаман келип чапканда көзүм ала чакмак боло түшкөнүн билем (Жантөшев). 2. Абдан корккондо, шаштысы кеткенде, эмне кыларын билбей апкаарый калуу, дапдаарый түшүү. Сапар өзүнүн фамилиясын көрүп, көзү ала чакмак болду (Бөкөнбаев). Мен жаныман түңүлүп, ала чакмак болгон көздөрүмү жума койдум (Жигитов). 3. Өзүн токтото албай алып учуп, көөп турган же катуу кызып калган абалда болуу. Базары жүрүп турганда кимдин көзү ала чакмак болбойт (Осмоналиев). Көзүм ала чакмак болуп, бир киши эки киши, эки киши он киши болуп көрүндү («Ала-Тоо»). В.: Көзү ала чакмактоо. Оо, бул эргулдун көзү ала чакмактап, ыктытып турган кези экен деп күлүп калышты («Чалкан»). Кээси ошо көзү ала чакмактаган бойдон энеден туума сыртка чыга келишет («Советтик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗҮ АЛА ЧАКМАК БОЛУУ Оо, бул эргулдун көзү ала чакмактап, ыктытып турган кези экен деп күлүп калышты («Чалкан»). Кээси ошо көзү ала чакмактаган бойдон энеден туума сыртка чыга келишет («Советчик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Диний түшүнүк боюнча: жөнөкөй кишилерге көрүнбөгөн ар кандай жин-шайтанды, арбакты көрө билген же бир нерселер жөнүндө алдын ала айта алган, олуялыгы бар. Бул «көзү ачык» атанган кара жиндуү бакшыны нөкөрлөр не дейт, эми не түрлуү сыр көрсөтөр экен дешип, үрөйлөрү учуп карашты (Касымбеков). Мазардын ээлери көзү ачык бакшыларга көрүнөт («Советтик Кыргызстан»). Келинимдин көзү ачык, айтканын жаземдебейт (Бейшеналиев). 2. Көптү билип, көптү көргөн, ар нерседен кабардар, сабаттуу, билимдүү, даанышман. - Сени да элиң окуган, көзү ачык азаматым дейт го! (Укаев). Мындай дилгир берилген көзү ачыктар болбосо байыркынын мурасы укум-тукумуна жетеби (Бейшеналиев). Сен көзү ачык даанышмансың, Асаке (Борбуев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Диний түшүнүк боюнча: жөнөкөй кишилерге көрүнбөгөн ар кандай жин-шайтанды, арбакты көрө билген же бир нерселер жөнүндө алдын ала айта алган, олуялыгы бар. Бул «көзү ачык» атанган кара жиндүү бакшыны нөкөрлөр не дейт, эми не түрлүү сыр көрсөтөр экен дешип, үрөйлөрү учуп карашты (Касымбеков). Мазардын ээлери көзү ачык бакшыларга көрүнөт (Токомбаев). Менин таятам көзү ачык киши болуптур (Сыдыкбеков). Келинимдин көзү ачык, айтканын жаземдебейт (Бейшеналиев). 2. Көптү билип, көптү көргөн, ар нерседен кабардар, сабаттуу, билимдүү, даанышман. – Сени да элиң окуган, көзү ачык азаматым дейт го! (Укаев). Мындай дилгир берилген көзү ачыктар болбосо байыркынын мурасы укум-тукумуна жетеби (Бейшеналиев). Сен көзү ачык даанышмансың, Асаке (Борбуев). «Кум бириксе таш болот, кул бириксе баш болот» – дечү экен көзү ачык бабаларыбыз (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗҮ АЧЫК ӨТҮҮ Тиричиликтин айласынан жер кезип жүрүп, ошол бойдон көзү ачык кеткен эмес, ал жарыктык (Үмөталиев). Кантип эле көз ачык бойдон кетейин (Сыдыкбеков) Ошентип, эти кабылдап, кайран сулуу көзү ачык кетти (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эч жакшылык же жыргалчылык көрбөй, тилеген тилегине, максатына жетпей жүрүп өтүп кетүү. Көрүнгөн байга кул болуп, көзү ачык өтүп кетемби (Осмонкул). Ал кыйын күндөрдү көрүп, бу дүйнөдөн тек гана көзү ачык бойдон өткөн экен (Жигитов). 2. Өтө жаш кезинде, жаштайынан кайтыш болуу, өлүү. Олда, көзү ачык өткөн карыптарым ай! (Сыдыкбеков). О, көзү ачык өткөн чымчыктарым... Татынакай периштелерим (Сыдыкбеков). Олда кагылайын, Алтынай ай, тал чыбыктай буралып турган кезинде көзү ачык өттү (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч жакшылык же жыргалчылык көрбөй, тилеген тилегине, максатына жетпей жүрүп каза болуу. Көрүнгөн байга кул болуп, көзү ачык өтүп кетемби (Осмонкул). Ал кыйын күндөрдү көрүп, бу дүйнөдөн тек гана көзү ачык бойдон өткөн экен (Жигитов). Дөшүң калды темирден, Көзү ачык өттүң өмүрдөн (Тоголок Молдо). 2. Өтө жаш кезинде, жаштайынан кайтыш болуу, өлүү. Олда, көзү ачык өткөн карыптарым ай! (Сыдыкбеков). О, көзү ачык өткөн чымчыктарым... Татынакай периштелерим (Сыдыкбеков). Олда кагылайын, Алтынай ай, тал чыбыктай буралып турган кезинде көзү ачык өттү (Жантөшев). В.: Көзү ачык кетүү. Тиричиликтин айласынан жер кезип жүрүп, ошол бойдон көзү ачык кеткен эмес, ал жарыктык (Үмөталиев). Кантип эле көз ачык бойдон кетейин (Сыдыкбеков) Ошентип, эти кабылдап, кайран сулуу көзү ачык кетти (Баялинов). Көзү ачылбай кетүү. Атадан калган белек көзү ачылбай кетпеди беле? (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсеге ачык, даана түшүнүү, ак-караны ажыратуу, көзү жетүү, таанып билүү. Ырчыны ээрчип жүрүп Берендин көзү ачылды. Чалдыр-мулдур комуз чертчү эле, чоң комузчу болду (Осмоналиев). Макендин ченинде жүрүп ал көп нерсеге каныгып, көзү ачылды, чыйралды («Ленинчил жаш»). Мындайча алганда дүйнөгө көзү ачылып, жок эле дегенде калыстык деген эмне, зомбулук деген эмне экенин түшүнүп келген болуу керек (Акматов). 2. Сабаттуу, билимдүү болуу, аң-сезими өсүү. Кат таанып ал, кат таанысаң көзүң ачылат (Саатов). Көзү ачылып, сезими кеңигенде ого бетер өткүр жигит болуптур (Бейшеналиев). 3. Көңүлү көтөрүлүү, өзүн сергек сезүү. Пастан ушул жерге келгенден бери көзүм ачыла түштү (Кыдырмышев). Барганда көзүм ачылып, жүрөгүм кубанды («Ала-Тоо»). Кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып, өмүрдүн кубанычын сезип келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушат (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсеге ачык, даана түшүнүү, ак-караны ажыратуу, көзү жетүү, таанып билүү. Ырчыны ээрчип жүрүп Берендин көзү ачылды. Чалдыр-мулдур комуз чертчү эле, чоң комузчу болду (Осмоналиев). Макендин ченинде жүрүп ал көп нерсеге каныгып, көзү ачылды, чыйралды («Ленинчил жаш»). Мындайча алганда дүйнөгө көзү ачылып, жок эле дегенде калыстык деген эмне, зомбулук деген эмне экенин түшүнүп келген болуу керек (Акматов). Бул урушта кимдин душман экенине элдин көзү ачыла түштү, көп нерсени түшүнүштү (Абдукаримов). 2. Сабаттуу, билимдүү болуу, аң-сезими өсүү. Кат таанып ал, кат таанысаң көзүң ачылат (Саатов). Көзү ачылып, сезими кеңигенде ого бетер өткүр жигит болуптур (Бейшеналиев). 3. Көңүлү көтөрүлүү, өзүн сергек сезүү. Мындай үйдө жашасаң көзүң ачылат тура («Ала-Тоо»). Барганда көзүм ачылып, жүрөгүм кубанды («Ала-Тоо»). Кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып, өмүрдүн кубанычын сезип келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушат (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Карайлоо, көзү тунарыктап, электенип жакшы көрө албай калуу. Көздөрү бозоруп, шайлары ооду (Бектенов). Эриндери кеберсип, көзү бозоруп кадам шилтөөгө алы келбей калды («Ала-Тоо»). 2. Эч нерсени көзүнө илбей, тоготпой, дөөгүрсүп калуу, катуу көөп кетүү. Атам бала кезинде козу кайтарып жүрүп, козуларын жамыратып ийгени үчүн, көзү бозоруп, дөөгүрсүп турган бай атамды камчы менен башка-көзгө койгулап сабаптыр (Абакиров). Күлбүбү, кудайды карап көзүң бозорсочу, катыгүн! (Сыдыкбеков). 3. Төрөт убагында кансырап, эс-учун жоготуу, эсинен танып, эч нерсени сезбей калуу, кара басуу (көбүнчө төрөтү кыйын болгон аялдарга карата). – Кокуй наалат. Келинимдин көзү бозоруп, алсырап, кансырап баратат. Жүр, экөөң тең куучулар (Бейшеналиев). Береги өтүкчүнүн аялы көзү бозоруп төрөп жүрөт (Сыдыкбеков). 4. Аябай эңсеген, дүүлүккөн абалда болуу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Карайлоо, көзү тунарыктап, электенип жакшы көрө албай калуу. Көздөрү бозоруп, шайлары ооду (Бектенов). Эриндери кеберсип, көзү бозорүп кадам шилтөөгө алы келбей калды («Ала-Тоо»).2. Эч нерсени көзүнө илбей, тоготпой, дөөгүрсүп калуу, катуу көөп кетүү. Атам бала кезинде козу кайтарып жүрүп, козуларын жамыратып ийгени үчүн, көзү бозоруп, дөөгүрсүп турган бай атамы камчы менен башка-көзгө койгулап сабашыптыр (Абакиров). Күлбүбү, кудайды карап көзүң бозорсочу, катыгүн! (Сыдыкбеков). 3. Төрөт убагында кансырап, эс-учун жоготуу, эсинен танып, эч нерсени сезбей калуу, кара басуу (көбүнчө төрөтү кыйын болгон аялдарга карата). - Кокуй наалат. Келинимдинкөзүбозоруп, алсырап, кансырап баратат. Жүр, экөөң тең куучулар (Бейшеналиев). Береги өтүкчүнүн аялы көзү бозоруп төрөп жүрөт (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ачуусу келгендей, жактырбагандай кебетеде көз карашы, мүнөзү өзгөрүлө түшүү. Менин сабактан начарлай баштаганымды угуп, атамдын көзү бузулуп, мага түсүн үйүрдү («Жаш ленинчи»).2. Көбүнчө катуу ооруп жаткан адамдын абалына карата баш көтөрөр түрү жок, өлүм алдында турат деген сыяктуу мааниде. Ай, кагылайын Алтынай ай! Баягы Алтынай жок, көзү бузулуп, өңүндө тирүүлүктүн белгисинен өлүмдүн белгиси ачык турган сыяктанды (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачуусу келгендей, жактырбагандай кебетеде көз карашы, мүнөзү өзгөрүлө түшүү. Менин сабактан начарлай баштаганымды угуп, атамдын көзү бузулуп, мага түсүн үйүрдү («Жаш Ленинчи»). 2. Көбүнчө катуу ооруп жаткан адамдын абалына карата баш көтөрөр түрү жок, өлүм алдында турат деген сыяктуу мааниде. Ай, кагылайын Алтынай ай! Баягы Алтынай жок, көзү бузулуп, өңүндө тирүүлүктүн белгисинен өлүмдүн белгиси ачык турган сыяктанды (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ыйлап жиберчүдөй болуп, мууну бошоп, көзүнөн жаш кылгыруу, кичине жашып кетүү. Жамалкандын жүрөгү алып учуп, эмне кыларын билбей алактап, көзү жашылданып турду (Абдукаримов). Менин абам болсо кырк экинчи жылдан бери кат-кабарсыз, - деди Саадат көзү жашылданып («Ала-Тоо»),

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ыйлап жиберчүдөй болуп, мууну бошоп, көзүнөн жаш кылгыруу, кичине жашып кетүү. Жамалкандын жүрөгү алып учуп, эмне кыларын билбей алактап, көзү жашылданып турду (Абдукаримов). Менин абам болсо кырк экинчи жылдан бери кат-кабарсыз, – деди Саадат көзү жашылданып («Ала-Тоо»). В.: Көзүн жаш чаюу. Акбала баланы кыя албай көзүн жаш чайып турду эле, жаалданган байбиче кирип келгенде чыйрала түштү (Укаев). Гүлай сөзүн бүтүрө албай көзүн жаш чайыды («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин чын-бышыгына, болор-болбосуна ишене албоо, күмөндөр болуу. Кийин төлөнөбү же биротоло кол жууп калабы, көзү жетпейт (Ашымбаев). Мусулманкулдун тынч жүрө алышына көзүм жетпейт, ишене бербейм (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсенин чын-бышыгына, болор - болбосуна ишене албоо, күмөндөр болуу. Кийин төлөнөбү же биротоло кол жууп калабы, көзү жетпейт (Ашымбаев). Мусулманкулдун тынч жүрө алышына көзүм жетпейт, ишене бербейм (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эмне экендигине, чындыгына же төгүндүгүнө, кандай болгондутуна ачык түшүнүү, толук ишеничи болуу, кандай болорун алдын ала билүү. Атай бул жооптуу жумушту аткара албастыгына көзү жеткен соң, кантондун жетекчилерине «мени бошоткула» деп даттанды (Каимов). Көзү жетип, билип турган ишин Сапар далилдөөгө тырышты (Сасыкбаев). Алардан айла болбосуна көзү жеткенде жаңы начальник айрым жумуштарын өзү жасата баштаптыр («Советтик Кыргызстан»). Өкүндө чындап шаарга жөнөгөнүнө көзү жетип, көңүлү толкуду (Айтматов). Мындан ары минтип жашоо болбосуна көзүм жетти (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне экендигине, чындыгына же төгүндүгүнө, кандай болгондугуна ачык түшүнүү, толук ишеничи болуу, кандай болорун алдын ала билүү. Атай бул жооптуу жумушту аткара албастыгына көзү жеткен соң, кантондун жетекчилерине «мени бошоткула» деп даттанды (Каимов). Көзү жетип, билип турган ишин Сапар далилдөөгө тырышты (Сасыкбаев). Алардан айла болбосуна көзү жеткенде жаңы жетекчи айрым жумуштарын өзү жасата баштаптыр («Кыргыз Туусу»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерседен кайра тартпаган, тайманбаган, чыгаан, баатыр. Сага даап сөз айткан мен көзү жок баатыр экемин («Ала-Тоо»). В.: Көзү жок эр. – Көзү жок эр экенсиң деп, Бакдөөлөт кайта-кайта айтып, таң кала берди (Абдукаимов). Падышаны көзүңө илбеген көзү жок эр экенсиң, сага өлүм жок («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир аз уктап кетүү, үргүлөп кетүү. Сай сөөгү сыздап жатып жаңыдан көзү илинип кеткен Дүйшөнкул чочуп ойгонду (Осмоналиев). Короонун четинде кыйкырып туруп эле дилдиреп көзүм илине түшкөн экен (Сыдыкбеков). Ашырбек төшөгүнө жаткан менен далайга түйшөлүп, таңга жуук гана көзү илинди (Ашымбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стать заметным, видным; стать известным;
көрүнүп калдым ар жерге, көзүгүп калдым көп элге фольк. показался я в разных местах, стал известен я многим народам;
2. южн. явиться, предстать;
апта болбой, көзүктүм не прошла и неделя, а я (уже) явился;
3. южн. (по поверью) пострадать от сглаза.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бети албырып, көзү жалжылдап жашылдангандай көрүнүшкө карата (көбүнчө, эти катуу ысып, ооруп калган балдарга карата айтылат). Кичине талмоорсуп, көзү кайнап турат. 2. Көзү жалтылдап, абдан өткүр болуп көрүнүү. Тебетей жээгинен кашы чыгып, көзү кайнап, тиктегенди жалтантат (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бети албырып, көзү жалжылдап жашылдангандай абалда болуу (көбүнчө, эти катуу ысып, ооруп калган балдарга карата айтылат). Кичине талмоорсуп, көзү кайнап турат. 2. Көзү жалтылдап, абдан өткүр болуп көрүнүү. Тебетей жээгинен кашы чыгып, көзү кайнап, тиктегенди жалтантат (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Көзү жакшы көрө албай бүдөмүк тартуу, начар көрүү. Алдынан багыт алар жылчык таппай, Баратты эки көзүм караңгылап (Абдыраманов). 2. Алсыроо, эс-учун жогото баштоо. Такыр өйдө боло албайм, көзүм караңгылап, башым айланып кетет (Кыдырмышев). Гүлайымдын көңүлү айнып, көзү караңгылайт (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көзү жакшы көрө албай бүдөмүк тартуу, начар көрүү. Алдыман багыт алар жылчык таппай, Баратты эки көзүм караңгылап (Абдыраманов). 2. Алсыроо, эс-учун жогото баштоо. Такыр өйдө боло албайм, көзүм караңгылап, башым айланып кетет (Кыдырмышев). Гүлайымдын көңүлү айнып, көзү караңгылайт (Абдукаримов). В.: Көзү карайлоо. Айтор, талмоорсуп көзү карайлай түштү да, жыгылып кете жаздады (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрүүгө же жетүүгө зар болуу, кемчил болгон нерсени аябай самоо, абдан эңсеген абалда болуу. Көз катканда көргөнүм, Көк ала туйгун береним («Эр Табылды»). Оокаттан көзү каткан кедей-кембагалдар кенелип калган кези («Ала-Тоо»). Балдарынын баары токтобой жүрүп, көзү катканда Шамбетти көрүшүп, аны да алда-жалда менен араң чоңойтушпады беле (Исмаилов). – Бул акчадан көзү каткан байкуш турбайбы (Каимов). Тамактан көзү каткан бечаранын обору ачылып калган тура («Агым»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көрүүгө же жетүүгө зар болуу, кемчил болгон нерсени аябай самоо, абдан эңсеген абалда болуу. Балдарынын баары токтобой жүрүп, көзү катканда Шамбетти көрүшүп, аны да алда-жалда менен араң чоңойтушпады беле (Исмаилов). - Бул акчадан көзү каткан байкуш турбайбы (Каимов). Тамактан көзү каткан бечаранын обору ачылып калган тура («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уйкусу келгендей магдыраган, мемиреп көшүлүңкү тарткан абалда болуу. Эки кашынын ортосуна тер исиркектеп, көзү коюла түшкөнүн энеси көрүп отурду (Айтматов). Жийдегүлдүн жаркыраган маңдайы чытылып, көзү коюла түштү (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге көңүлү түшүп, абдан кызыгуу, суктануу, самоо, эңсөө. Күлүктү көзү кызарган Канайга жеткирип берип тынды (Үмөталиев). Куржундун томпойгон бөйрөгү көзүнө дүйнө көрүнүп, орто жолдон олжо кылмакка көзү кызаргандар да болду («Ленинчил жаш»). Бийликке жеткендин баары атын, даңкын калтырууга көзү кызарды (Осмоналиев). Азыркы челекчи Афанас бүйрө адам го. Алма-өрүгүн көрсөк, көзүбүз кызаруучу (Сыдыкбеков). Элимден кабар келсе деп, Эки көзүм кызарды (Токтогул). В.: Көзү күйүү. Жеңеси, көзү күйгөн менен өзү ыйбаа сактаган жигитке өңгөчүнөн чыңк күрсүндү (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге көңүлү түшүп, абдан кызыгуу, суктануу, самоо, эңсөө. Күлүктү көзү кызарган Канайга жеткирип берип тынды (Үмөталиев). Куржундун томпойгон бөйрөгү көзүнө дүйнө көрүнүп, орто жолдон олжо кылмакка көзү кызаргандар да болду («Ленинчил жаш»). Бийликке жеткендин баары атын, даңкын калтырууга көзү кызарды (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерседен ажырагысы же бир нерсени колдон чыгаргысы келбөө, бирөөгө ыраа көрбөө. Жарык дүйнөнү көзү кыйбады, үнсүз тиктеп күйөөсүн, баласын аяп ыйлады (Шүкүрбеков). Баштык-саштыгы менен ыргытат элем, каап, баштыгым жаңы, көзүм кыйбайт (Борбуев). Же боругуңду көзүң кыйбайбы? (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерседен ажырагысы же бир нерсени колдон чыгаргысы келбөө, бирөөгө ыраа көрбөө. Жарык дүйнөнү көзү кыйбады, үнсүз тиктеп күйөсүн, баласын аяп ыйлады (Шүкүрбеков). Баштык-саштыгы менен ыргытат элем, каап, баштыгым жаңы, көзүм кыйбайт (Борбуев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге абдан кызыгуу, өтө суктануу, алсам же жетсем деген пейилде ыкыс коюп туруу. Бактын бутактарына эң сонун кооз чымчыктар олтурат. Аларды көрүп көзүм кычышат, бирок карматпайт (Алыбаев). Сен мында турбай уйүңө кетчи, көрсө дагы адатынча көзү кычышып жүрбөсүн (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
көзү кызаруу менен бирдей. Колуна араа кармаган кишини көрсөм көзүм кычышат (Сыдыкбеков). Бактын бутактарына эң сонун кооз чымчыктар олтурат. Аларды көрүп көзүм кычышат, бирок карматпайт (Алыбаев). Сен мында турбай үйүңө кетчи, көрсө дагы адатынча көзү кычышып жүрбөсүн (Тойбаев). Керек десе сени дароо табабыз. Бар, көздү кычыштырбай жогол (Бейшеналиев).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Азыр кыргыз тилинин түштүк диалектисинде «көз айнек» маанисинде колдонулат, көзүмдүрүк деп да айтылат: кара көзүлдүрүк тагынып алыптыр; атамдын көзүмдүрүгү сынып калды (Мукамбаев 2009:532). Байыркы түрк тилинде көзүлдүрүк атка карата колдонулуп, анын көзүнө тагылган буюмду билдирген (ДТС 1969:321).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнү тике, таамай карай албай жалтактоо, көрүнбөөгө, карабоого аракеттенүү, жалтануу. Мария болсо, күйөөсүнөн көзүн ала качып турду (Ашымбаев). Көп ичинен ал Мөңкөгө карады эле, карт балыкчы көзүн ала качып, артына кетенчиктей басты (Укаев). Коркконунан көзүн ала качып, өйүзгү тоо беттериндеги жыш карагайды карайт (Жусупов). В.: Көзүн жашыруу. Байымбет алда нени сезгенсип жүрөгү болк эте, абасынан көзүн жашырып жерге үңүлдү (Бейшеналиев). Жасоол ылдый эңиле көзүн жашырды («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнү тике, таамай карай албай жалтактоо, көрүнбөөгө, карабоого аракеттенүү, жалтануу. Мария болсо, күйөөсүнөн көзүн ала качып турду (Ашымбаев). Көп ичинен ал Мөңкөгө карады эле, карт балыкчы көзүн ала качып, артына кетенчиктей басты (Укаев). Коркконунан көзүн ала качып, өйүзгү тоо беттериндеги жыш карагайды карайт (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эсине келтирип, тартипке чакырып коюу, бирди көрсөтүү. Силер тоюнуп калган экенсиңер! Кутурган экенсиңер! -Шашпагыла, көзүңөрдү ачармын (Каимов). Тыюучу пенде өзүм дейт, Ачайын мунун көзүн дейт («Семетей»).2. к. КӨЗҮ АЧЫЛУУ 2.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө бирдеменин чыныгы мүнөзүн ачып көрсөтүү, түшүндүрүү. 2. Сабаттуу, билимдүү болуу, билим деңгээлин көтөрүү. «Эркин Тоо» газетасынын максаты: калың кыргыз калкын, анын ичинде кедей-кембагал шордуулардын көзүн ачып, саясий агым менен тааныштырып тарбияламак («Эркин Тоо»). 3. Бирди көрсөтүү, сазайын берүү, эсине келтирүү. Кутурган экенсиңер! Шашпагыла көзүңөрдү ачармын (Каимов). Тыюучу пенде өзүм дейт, Ачайын мунун көзүн дейт («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алдоо, жазгыруу, будамайлоо. Бир адам ушунча калайыктын көзүн боёп, көңүлүн байлап салдыбы? (Бейшеналиев). Билебиз силердин амалыңарды. Көзүбүздү боёгуңар келет (Жантөшев). В.: Көзүн будалоо. Оңбогон солдаттын көзүн кантип будалоо керек? (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө жек көрүү сезими менен ызырына, каардана, абдан ачуусу келе кароо, бирди көрсөтүүчүдөй, жеп жиберүүчүдөй болуу деген мааниде. Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй бардыгын айландыра карап алды да шарт чыгып кетти (Жантөшев). Көркооңдун көзүндө огу болсо, мени кан жуткура атып жиберчүдөй түрү белен (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө жек көрүү сезими менен ызырына, каардана, абдан ачуусу келе кароо, бирди көрсөтүүчүдөй, жеп жиберүүчүдөй болуу деген мааниде. Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй бардыгын айландыра карап алды да шарт чыгып кетти (Жантөшев). Көркооңдун көзүндө огу болсо, мени кан жуткура атып жиберчүдөй түрү белен (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө тың, өткүр, кайраттуу, эр жүрөк, тайманбас. Көзүңдө отуң бар эр көрүнөсүң деп, мен сени бекер мактаган эмес экемин (Үмөталиев). Көзүндө оту бар, сүрү да бар, келечекти бекем кармаган эстүү кыз окшойт (Абдукаимов). В.: Көзүндө жалыны бар. Көзүндө жалыны бар жигит көрүнөт, талабын орундаталы («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө тың, өткүр, кайраттуу, эр жүрөк, тайманбас. Көзүңдө отуң бар эр көрүнөсүң деп, мен сени бекер мактаган эмес экемин (Үмөталиев). Көзүндө оту бар, сүрү да бар, келечекти бекем кармаган эстүү кыз окшойт (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абайла, байка, сак бол, ушунчаңда эсиңе кел деген сыяктуу, кекетүү, зекүү маанисинде колдонулат. Мен ферма башчысы экенимди таанып ал, көзүңдү ач! -деп Суксур кабак чытып, Дөөткө өкүм унчугат (Осмоналиев). -Мырза көзүңүздү ачыңыз! Мырза, дагы айтам, абийриңиз барда кетип калыңыз (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ыйлап жиберчүдөй көзүнөн жаш кылгыра түшүү, жашып кетүү. Акбала воланы кыя албай көзүн жаш чайып турду эле, жаалданган байбиче кирип келгенде чыйрала түштү (Укаев). Гулай сөзүн бүтүрө албай көзүн жаш чайыды («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уйкудан ойгонуу, ойгонуп туруп кетүү. Уйкудан көзүн жырта албай жатып, китеп кабына асылат, китеп-дептерин алмаштырып сала кетет (Айтматов). Курган эне көзүн жыртып тургандан баштап жаны жай албай, чарк айланып жүргөнү жүргөн (Саатов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерседен көзүн албай кадала кароо, тигиле кароо, өтө кунт коюп байкоо, көз салуу. Карыя мен жакка бурулуп, бозомук нурсуз көзүн кадады («Ала-Тоо»). Серкебай тултуюп бир саамга унчукпай, бөрү тиктеш салып, элчиге көзүн кадады (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерседен көзүн албай кадала кароо, тигиле кароо, өтө кунт коюп байкоо, көз салуу. Карыя мен жакка бурулуп, бозомук нурсуз көзүн кадады («Ала-Тоо»). Серкебай тултуюп бир саамга унчукпай, бөрү тиктеш салып, элчиге көзүн кадады (Осмоналиев). Жылдызкан анын кыйгач кашына, бийик кабагына көз кадайт (Байтемиров). В.: Көзүн тигүү. Мен өңдүү өксөп-дегдеп уул-кызың, Айырбай сизге карайт тигип көзүн (Нуркамал). Ал экөөнүн көптөн бери көзүн тигип жүргөн жери кандуу өзөк (Укаев). Көзүн түшүрүү. «Эсен-соо» деп барып, Жапардын балдагына көзүн түшүрдү да, кайта ал унчукпай калды (Баялинов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирөөгө баш ийүү, айткан-дегенинен чыкпоо, материалдык жактан толук көз каранды болуу. Алты жүз үйлүүгө жакын чоро эли Тоскондун көзүн карап, буйругун аткарышат (Осмоналиев). Улам жыл өткөн сайын бай Салкынайдын көзүн карап, байбиченин айтканынан чыкпай калган («Кыргызстан аялдары»). Жыты таяке бирөөлөрдүн көзүн карап, күйпүйүп басынган учурунда Айылчынын дуушарланышы анын сообуна калгандай (Бейшеналиев). 2. Жакшы көргөн баласынын, кызынын ж.б. айткан-дегени менен, ою менен болуу, таарынтпай, аяп мамиле жасоо. Көрдүңбү уулуңду, -деди Калыйпа, биз мунун жалгыз деп көзүн карап отуруп, ушинтип алганбыз да (Саатов). Оорусунан коркуп көзүн карап калган бечара Татына уулунун кебин бузган жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө баш ийүү, айткан-дегенинен чыкпоо, материалдык жактан толук көз каранды болуу. Кишиге салган күн курусун, көзүн караган сайын адамды күңкор кылып жиберет (Жантөшев). Алты жүз үйлүүгө жакын чоро эли Тоскондун көзүн карап, буйругун аткарышат (Осмоналиев). Улам жыл өткөн сайын бай Салкынайдын көзүн карап, байбиченин айтканынан чыкпай калган («Кыргызстан аялдары»). Жыты таяке бирөөлөрдүн көзүн карап, күйпүйүп басынган учурунда Айылчынын дуушарланышы анын сообуна калгандай (Бейшеналиев). 2. Жакшы көргөн баласынын, кызынын ж. б. айткан-дегени менен, ою менен болуу, таарынтпай, аяп мамиле жасоо. Көрдүңбү уулуңду, – деди Калыйпа, биз мунун жалгыз деп көзүн карап отуруп, ушинтип алганбыз да (Саатов). Оорусунан коркуп көзүн карап калган бечара Татына уулунун кебин бузган жок (Сыдыкбеков). В.: Көзүнө кароо. Жалгыз бала үчүнбү, Керимбай анын көзүнө карап, көп какпайт (Мырзаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мансабына, байлыгына ж. б. абалына чиренип, менменсинип башкаларды теңсинбей, дөөгүрсүп, көөп кетүү. Ой, айланайын Сагынбек ай, шумдуктай көрөгөч экенсиң! Эгер көзүмдү май баскан бойдон эсиме келбесем, талпагым ташка жайылбайт беле? (Жантөшев). Көзүн май басып, акчанын деми менен көкөлөп жүрө берди («Чалкан»). В.: Көзүн май каптоо. Биз, адамдар ал кезде көзүбүздү май каптап калабы, билбейт да, билгибиз да келбей калат экен! («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мансабына, байлыгына ж.б. абалына чиренип, менменсинип башкаларды теңсинбей, дөөгүрсүп, көөп кетүү. Ой, айланайын Сагынбек ай, шумдуктай көрөгөч экенсиң! Эгер көзүмдүмай баскан бойдон эсиме келбесем, талпагым ташка жайылбайт беле? (Жантөшев). Көзүн май басып, акчанын деми менен көкөлөп жүрө берди («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Каарын төгүп, көзү кызарып чыңалып кетүү, көзүнөн заары чыгуу. Өйдөсүнгөн, басынткан кишини көрсө, Бекназардын көзүнө кан толо түшөт, колу дароо кылычына жабышат (Касымбеков). Абил бийдин көзүнө кан толо түштү (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каарын төгүп, көзү кызарып чыңалып кетүү, көзүнөн заары чыгуу. Өйдөсүнгөн, басынткан кишини көрсө, Бекназардын көзүнө кан толо түшөт, колу дароо кылычына жабышат (Касымбеков). Абил бийдин көзүнө кан толо түштү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Аябоо, азаят, түгөнөт деп ойлобоо, аянбай жумшоо, марттык менен жок кыла берүү. Буруу-терүү санабай, Мал көзүнө карабай, Энчи берип жөнөттү («Семетей»). Акчанын көзүнө карабай сатып ала берди (Бердикеев). 2. Тартынбай тике айтуу, бетке айтуу. Анан Борондуу Эдигей көзүнө карабай баарын айтып бергенди көрүп ал (Айтматов). Эч кимдин көзүнө карабай болгонун болгондой айтты («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аябоо, азаят, түгөнөт деп ойлобоо, аянбай жумшоо, марттык менен жок кыла берүү. Буруу-терүү санабай, Мал көзүнө карабай, Энчи берип жөнөттү («Семетей»). Акчанын көзүнө карабай сатып ала берди (Бердикеев). Мал көзүнө карабай, Жетимиш төөгө дилде артып («Манас»). 2. Тартынбай тике айтуу, бетке айтуу. Анан Борондуу Эдигей көзүнө карабай баарын айтып бергенди көрүп ал (Айтматов). Эч кимдин көзүнө карабай болгонун болгондой айтты («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капысынан тиктеше калуу, бирин бири көрө калуу, көздөрү чагылаша калуу. Элемандын көзүнө көзү түшкөндө, кечээ эле ушу жигитти уруп, оозун кандаганы эсине түштү («Ала-Тоо»). Райдын көзүнө көзү түшкөндө, Бөбөк кубанып өзүнчө купуяланды (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капысынан тиктеше калуу, бирин бири көрө калуу, көздөрү чагылаша калуу. Элемандын көзүнө көзү түшкөндө, кечээ эле ушу жигитти уруп, оозун кандаганы эсине түштү («Ала-Тоо»). Райдын көзүнө көзү түшкөндө Бөбөк кубанып өзүнчө купуяланды (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
«Көзүң аккыр», «көзүң кашайгыр» деген сыяктуу, каргоо, тилдөө, жемелөө маанисинде колдонулат. Оо, ошондо көргөнүмдө, балам керилген жигит болуп калган экен! Көзүм тойгон. Ээ, ошондо көзүмө көр топурак тыгылсачы! (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
«Көзүң аккыр», «көзүң кашайгыр» деген сыяктуу, каргоо, тилдөө, жемелөө маанисинде колдонулат. Оо, ошондо көргөнүмдө, балам керилген жигит болуп калган экен! Көзүм тойгон. Ээ, ошондо көзүмө көр топурак тыгылсачы! (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Таанылуу, ким экенин билдирүү. Эми быйыл мамлекеттик планды мөөнөтүнөн мурда аткарып, эл көзүнө көрүнө турган убагыңар келди (Баялинов). Ар гектардан 800 центнерден түшүм алып, күлгөндөрдүн көзүнө көрүнөрмүн (Эралиев). Өзүнүн ак эмгеги менен эл көзүнө көрүнө баштады («Советтик Кыргызстан»). 2. Жазасын колуна берүү, сазайын окутуу, кадемин катыруу. Мен аларга бүгүн өзүм барып көздөрүнө көрүнө коём, - деп, жеңең бууракандап жатыптыр (Тойбаев). Карын бөлө болсо да, Кадырыма жетпесе, Көрүнөйүн көзүнө! («Семетей»). Ансайын булардын көзүнө көрүнөйүн деп албуттанган (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Таанылуу, ким экенин билдирүү. Эми быйыл мамлекеттик планды мөөнөтүнөн мурда аткарып, эл көзүнө көрүнө турган убагыңар келди (Баялинов). Ар гектардан 800 центнерден түшүм алып, күлгөндөрдүн көзүнө көрүнөрмүн (Эралиев). Өзүнүн ак эмгеги менен эл көзүнө көрүнө баштады («Эмгек Туусу»). 2. Жазасын колуна берүү, сазайын окутуу, кадемин катыруу. Мен аларга бүгүн өзүм барып көздөрүнө көрүнө коём, – деп, жеңең бууракандап жатыптыр (Тойбаев). Карын бөлө болсо да Кадырыма жетпесе Көрүнөйүн көзүнө! («Семетей»). Ансайын булардын көзүнө көрүнөйүн деп албууттанган (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
чаар чымын учуу — көңүлү караңгылоо, кыйналуу, кыйноо тартып, жаны кейүү; коркуу. Көзүмдөн чаар чымын учуп, таң атканча кирпик какпай чыгам (Бейшеналиев). Толгоо тартып, көзүнөн чаар чымын учуп, араң олтурган Айганыштын сенден күткөнү ушул беле!? (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каарын төгүү, жаалдануу, жекире тиктөө. Атын ойдолото айлантып, көзүнөн заар чачат (Осмоналиев). В.: Көзүнөн заар чачыроо. Көзүнөн чачыраган заар келиндин желкесинен чыга түштү (Осмоналиев). Көзүнөн ызгаар чачуу. Алып көнгөн, берип көрбөгөн хан түктөйүп, көзүнөн ызгаар чачат (Осмоналиев). Көзүнөн заар учуу. Абдырахмандын көзүнөн заар учуп, кылычты кынынан сууруп көрсөттү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗҮНӨН КАН АЛУУ Оторбайдын көзүнөн кан агызып жүрүп, Акмат Жапарга жакшы ат алып берген болучу (Жантөшев). Малайларды тукуруп малымдын четинен көзүмдөн кан агыза бүлдүрүп, аларга ээлетип жатат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай кыйноо, жазалоо, катуу кысым көрсөтүү. Томояктардын качан болбосун көзүнөн кан алып берүүгө ишениңиз (Шүкүрбеков). В.: Көзүнөн кан агызуу. Оторбайдын көзүнөн кан агызып жүрүп, Акмат Жапарга жакшы ат алып берген болучу (Жантөшев). Малайларды тукуруп малымдын четинен көзүмдөн кан агыза бүлдүрүп, аларга ээлетип жатат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаны кашаюу, каары кайноо, ачуусу келүү. Нүзүптүн тиштери шакылдап титиреп, көзүнөн кан чыгып, жини бастабай буулугуп алдастады (Касымбеков). В.: Көзүнөн кан түтөө. – Бай, бергиңиз келсе, улак да болсо ыраазы болуп алып кетем, көзүмдөн кан түтөп турган чак (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көзгө илинер же көрүнөр эч нерсе таппай амалы, айласы кетүү, аргасы түгөнүп, эч айла таба албай туруу. Кең пейил устатын көзүнөн кара учуп турган учурунда тапканына кубана да, муңая да алчыланды (Бейшеналиев). Көзүнөн кара учуп турган неме, мени көрүп алды да кишенеп жиберди (Алыбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көзгө илинер же көрүнөр эч нерсе таппай амалы, айласы кетүү, аргасы түгөнүп, эч айла таба албай туруу. Кең пейил устатын көзүнөн кара учуп турган учурунда тапканына кубана да, муңая да алчыланды (Бейшеналиев). Көзүнөн кара учуп турган неме, мени көрүп алды да кишенеп жиберди (Алыбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дененин катуу оорушунан көз алдында учкун пайда болгондой сезимде болуп жаны кейип кетүү, өтө кыйналуу. Мукан тоорулуп туруп көк желкеге муштаганда, Бейшекенин көзүнөн от чагылып, тегеренип кетти (Саатов). Көзүнөн от чагылып, жаны мемиреген өңдөнүп, сендиректеп араң турду (Ашымбаев). Көзүнөн от чагылып капталы чымырай түшкөн Акбалбан жалтайлай түштү («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дененин катуу оорушунан көз алдында учкун пайда болгондой сезимде болуп жаны кейип кетүү, өтө кыйналуу. Мукан тоорулуп туруп көк желкеге муштаганда, Бейшекенин көзүнөн от чагылып, тегеренип кетти (Саатов). Көзүнөн от чагылып, жаны мемиреген өңдөнүп, сендиректеп араң турду (Ашымбаев). Көзүнөн от чагылып капталы чымырай түшкөн Акбалбан жалтайлай түштү («Кыргызстан маданияты»). В.: Көзүнөн от чачыроо. Алымкулдун көзүнөн от чачырап, бүткөн бою күйүп кеткендей болду (Абдукаримов). Көзүнөн жалын учуу. Көзүнөн жалын учуп, жаны кашайган Бердигул: Жырткыч! Биз өлсөк береги эл бар! Кутурган канкорлор! – деп кыйкырды (Тойбаев). Көзүнөн от учуу. Көзүнөн от учуп, денеси оор тартып, сендиректеп барып тумшугу менен жер сая жыгылды (Медетов). Көзүнөн от чыгуу. Бутум өтө оор тартып сыздагандай болсо, көзүмдөн от чыгат (Эсенканов). Кулукенин көзүнөн от чыгып кетти (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗДӨН УЧУУ Туугандары көзүнөн учкан Сылый бизди көргөндө өз ата-энесин көргөндөй кубанды (Сыдыкбеков). Бир чети бир топ күндөн бери жер-суу көзүнөн учкандыкыбы, айтор тоо кыркаларына суктана берди (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаны кейүү, катуу кыйналуу. Толгоо тартып, көзүнөн чаар чымын учуп, араң олтурган Айганыштын сенден күткөнү ушул беле? (Сыдыкбеков). Көзүнөн чаар чымын учуп, таң аткыча кирпик какпай чыкты (Баялинов). 2. Өтө оор абалда калуу, коркуу, аргасы түгөнүү, эмне кыларын билбей айласы кетүү. Ошондо гана Көлбай колдуу болуп баратканын билип, көзүнөн чаар чымын учту («Ала-Тоо»). Көзүнөн чаар чымын учуп, улакты Күрөңгө үстөкө-босток камчы уруп, жиреп кирди (Көчкөнов). В.: Көзүнөн чымын учуу. Көзүнөн чымын учуп, өзүн зорго кармап турду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жаны кейүү, катуу кыйналуу. Толгоо тартып, көзүнөн чаар чымын учуп, араң олтурган Айганыштын сенден күткөнү ушул беле? (Сыдыкбеков). Көзүнөн чаар чымын учуп, таң аткыча кирпик какпай чыкты (Баялинов). 2. Өтө оор абалда калуу, коркуу, аргасы түгөнүү, эмне кыларын билбей айласы кетүү. Ошондо гана Көлбай колдуу болуп баратканын билип, көзүнөн чаар чымын учту («Ала-Тоо»). Көзүнөн чаар чымын учуп, улакты Күрөңгө үстөкө-бостоккамчы уруп, жиреп кирди (Көчкөнов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаалы келүү, абдан ачуулануу, каардануу. Көзүнөн чаары чыгып, ийни менен дем алган Тыныбек жоон камчысын Алымбайдын жонуна басып алды (Каимов). - Тынчын алган ким экен? - деп Орозкул көзүнөн чаары чыга жалт кылчайды (Айтматов). Шабыраалынын көзүнөн чаары чыгып, баягыдан бетер жинденди (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаалы келүү, абдан ачуулануу, каардануу. Көзүнөн чаары чыгып, ийни менен дем алган Тыныбек жоон камчысын Алымбайдын жонуна басып алды (Каимов). – Тынчын алган ким экен? – деп Орозкул көзүнөн чаары чыга жалт кылчайды (Айтматов). Шабыраалынын көзүнөн чаары чыгып, баягыдан бетер жинденди (Байтемиров). В.: Көзүнөн чаарын чыгаруу. Анын да итатайы тутулуп, бириң калбай кеткиле, – деди көзүнөн чаарын чыгарып (Жигитов). Көзүнөн чаары көрүнүү. Ал жылуу айткансыганы менен көзүнөн чаары көрүндү (Сыдыкбеков). Көзүнүн чаары чыгуу. Чынаркандын көзүнүн чаары чыгып, ичинен туталанып отурганын Бермет дароо түшүндү (Абдукаимов). Анын иреңи кара көк тартып, көзүнүн чаары чыгып, кутургандай ажаанданып баратты (Каимов). Көзүнүн чаарын чыгаруу. Түшүндүңбү? – деп Курбантай Эргешти кекетип, көзүнүн чаарын чыгарды (Мияшев). Дочекал Ашырбекти издеп таап, көзүнүн чаарын чыгара тиктеп турду (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн жакшылыгын, жардамын, жакшы иштерин унутуп, көңүлгө албай же баалабай койгондо нааразы болуу, жактырбоо иретинде айтылат. Ии-и, аны билбесең, сенин көзүңдөн чыксын, көзүңдөн! (Тойбаев). Төлөмүштүн жакшылыгын билбесек көзүбүздөн чыксын! (Бердикеев). – Ыракмат, бий, ыракмат, сиз ушинтип адилеттике кызмат кылсаңыз, биз сизге ыраазы болбосок көзүбүздөн чыкпайбы! (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн жакшылыгын, жардамын, жакшы иштерин унутуп, көнүлгө албай же баалабай койгондо нааразы болуу, жактырбоо иретинде айтылат. Ии-и, аны билбесең, сенин көзүңдөн чыксын, көзүндөн! (Тойбаев). Төлөмүштүн жакшылыгын билбесек көзүбүздөн чыксын! (Бердикеев). - Ыракмат, бий, ыракмат, сиз ушинтип адилеттике кызмат кылсаңыз, биз сизге ыраазы болбосок көзүбүздөн чыкпайбы! (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗҮНӨ ЧӨП САЛУУ Бектин көзүнө топурак салып, Айсалкынды өзүң качырып, күнөөнү мага жүктөгөнү жаткандырсың (Жоошбаев). Арабызга жоро-жубан, сатандарды жиберип, жолубуздан адаштырып, анан көзүбүзгө топурак салгысы келишет («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алдыртан, билгизбей чыгыштык кылуу, бузуктук кылуу, көзүн боёо. Менин Мариям көзүмө чөп салбайт деп ага ичинен жалына берчү (Ашымбаев). Кыздай асыраган Серкебайга кара санаган токол кимдин көзүнө чөп салбайт, эгем? (Сыдыкбеков). 2. Бирөөгө алдыртан, билгизбей жаманчылык издөө, бузукулук, чыккынчылык иш жасоо, кастык кылуу, көзүн будамайлоо. Сенин кандай саясат жүргүзүп, кантип менин көзүмө чөп салайын деп жүрүшүңдү түшүндүм («Чалкан»). Экинчи транспорт жөнөгөндө аны Доллежанова катып коюп, полицейдин көзүнө чөп салат (Ашымбаев). В.: Көзүнө топурак салуу. Бектин көзүнө топурак салып, Айсалкынды өзүң качырып, күнөөнү мага жүктөгөнү жаткандырсың (Жоошбаев). Арабызга жоро-жубан, сатандарды жиберип, жолубуздан адаштырып, анан көзүбүзгө топурак салгысы келишет («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Алдыртан, билгизбей чыгыштык кылуу, бузуктук кылуу, көзүн боёо. Менин Мариям көзүмө чөп салбайт деп ага ичинен жалына берчү (Ашымбаев). Кыздай асыраган Серкебайга кара санаган токол кимдин көзүнө чөп салбайт, эгем? (Сыдыкбеков). 2. Бирөөгө алдыртан, билгизбей жаманчылык издөө, бузукулук, чыккынчылык иш жасоо, кастык кылуу, көзүн будамалоо. Сенин кандай саясат жүргүзүп, кантип менин көзүмө чөп салайын деп жүрүшүңдү түшүндүм («Чалкан»). Экинчи транспорт жөнөгөндө аны Доллежанова катып коюп, полицейдин көзүнө чөп салат (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөдөн же бир нерседен үмүттөнүп зарыла кароо, үмүткөр болуп жалдыроо, телмирүү. Жалгыз балам Шайымбет Ар кимге көзүн саткандыр («Эр Табылды»). Көңүлүм өспөй жаш калып, Көзүмдү кимге сатамын («Курманбек»). Узун жолду көп карап, Көзүн жолго сатабы (фольк).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөдөн же бир нерседен үмүттөнүп зарыла кароо, үмүткөр болуп жалдыроо, телмирүү. Жалгыз балам Шайымбет, Ар кимге көзүн саткандыр («Эр Табылды»). Көңүлүм өспөй жаш калып, Көзүмдү кимге сатамын («Курманбек»). Узун жолду көп карап, Көзүн жолго сатабы (фольк).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Көзүн жума тургансып, көшүлүп бараткандай кылыктана кароо. Кыздын көзүн сүзүп, ойт берип кыткылыктап турганы көз алдынан кетпеди («Ленинчил жаш»). 2. Көзү жумулуп көшүлүп уктап бараткандай абалда болуу (көбүнчө катуу ооруп жаткан адамга карата). Тил сүйлөбөй титиреп, Көзүн сүзүп сулк жатат («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көзүн жума тургансып, көшүлүп бараткандай кылыктана кароо. Кыздын көзүн сүзүп, ойт берип кыткылыктап турганы көз алдынан кетпеди («Аалам»). Айна көпкө чейин көзүн сүзүп ойлоно отурду (Убукеев). 2. Көзү жумулуп же антарылып, көшүлүп уктап бараткандай абалда болуу (көбүнчө катуу ооруп жаткан адамга карата). Тил сүйлөбөй титиреп, Көзүн сүзүп сулк жатат («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жок кылуу, өлтүрүү, жайлап салуу. Болбосо Орозкул экөөбүздүн көзүбүздү оңой эле тазалап коёт (Айтматов). Азыр анын көзүн тазалабасаң, кийинчерээк ал кол салуудан да кайра тартпайт (Укаев). Жылматай адегенде тирүү айгак өз кызынын көзүн тазалайт (Осмоналиев). 2. Жок кылуу, сарп кылуу, түгөтүү, аягына чыгуу, бүтүрүү. Ал Сейилкандан калган мүлктүн далайынын көзүн тазалады (Сыдыкбеков). Дарыга алып келген беш сомдун көзүн тазалады («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жок кылуу, өлтүрүү, жайлап салуу. Болбосо Орозкул экөөбүздүн көзүбүздү оңой эле тазалап коёт (Айтматов). Бүгүндөн калтырбай Бердинин аялы менен кызынын көзүн тазала (Жантөшев). Азыр анын көзүн тазалабасаң, кийинчерээк ал кол салуудан да кайра тартпайт (Укаев). Жылматай адегенде тирүү айгак өз кызынын көзүн тазалайт (Осмоналиев). 2. Жок кылуу, сарп кылуу, түгөтүү, аягына чыгуу, бүтүрүү. Ал Сейилкандан калган мүлктүн далайынын көзүн тазалады (Сыдыкбеков). Дарыга алып келген беш сомдун көзүн тазалады («Чалкан»). В.: Көзүн будалоо. Узап кете электе үч айылдан үч жигит жете барсын да көзүн будалап, жар көчүрүп таштап келе беришсин (Убукеев). Көзүн жоготуу. Көзүн жогото электе үстүнөн басуу керек, чамдагыла («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирөөнүн ою менен болуу, айткан-дегенинен чыкпоо, көзүн кароо (көбүнчө аёо, жакшы керүү, сыйлоо маанисинде). Өзгөчө Темирдин күйүтүнөн соң көзүнүн агы менен тең айланып, баланы эркине коё беришкен (Касымбеков). Анын кыңыр ишин көрүп-билип турушса деле, жалгыздыгына ыйгарышып, көзүнүн агы менен тең айланышчу (Медетов). Бечара, апа деп көзүбүздүн агы менен тең айланып турат, келинибиз жаман киши эмес (Өгөбаев). 2. Бирөөгө толук көз каранды болуп, айткан-дегенин аткаруу, анын каалаганын иштөө, жагынуу аракетин жасоо (көбүнчө баш ийүү, көз каранды болуу маанисинде). Нечен жыл малын багып, көзүнүн агы менен тең айланып турдум (Үмөталиев). Бекей таежем эмне үчүн эрине арак берип, көзүнүн агы менен тең айланат? (Айтматов). Тирешкен кишилердинкөңүлүнтабуу үчүн байбиче лыпылдап ордунан туруп, дасторкон жайып, чай коюп, алардын көздөрүнүн агы менен тең айланууда (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнүн ою менен болуу, айткан-дегенинен чыкпоо, көзүн кароо (көбүнчө аёо, жакшы көрүү, сыйлоо маанисинде). Өзгөчө Темирдин күйүтүнөн соң көзүнүн агы менен тең айланып, баланы эркине коё беришкен (Касымбеков). Анын кыңыр ишин көрүп-билип турушса деле, жалгыздыгына ыйгарышып, көзүнүн агы менен тең айланышчу (Медетов). Бечара, апа деп көзүбүздүн агы менен тең айланып турат, келинибиз жаман киши эмес (Өгөбаев). 2. Бирөөгө толук көз каранды болуп, айткан-дегенин аткаруу, анын каалаганын иштөө, жагынуу аракетин жасоо (көбүнчө баш ийүү, көз каранды болуу маанисинде). Нечен жыл малын багып, көзүнүн агы менен тең айланып турдум (Үмөталиев). Бекей таежем эмне үчүн эрине арак берип, көзүнүн агы менен тең айланат? (Айтматов). Тирешкен кишилердин көңүлүн табуу үчүн байбиче лыпылдап ордунан туруп, дасторкон жайып, чай коюп, алардын көздөрүнүн агы менен тең айланууда (Каимов). В.: Көзүнүн агы менен айлануу. Кыязы момпойгон күйөөсү жанындай көрүп, көзүнүн агы менен айланчудай (Бейшеналиев). Көзүнүн агы менен бирге айлануу. Жадырап-жайнап делбиреп, көзүңдүн агы менен бирге айланып турган мамилесине ыраазы болосуң (Байтемиров). Көзүнүн агы менен кошо тегеренүү. Алты күндөн бери көзүңдүн агы менен кошо тегерендим, бир белги болгон жок (Абдукаимов). Көздүн агы менен кошо дирилдөө. Баары сыпаа, баары дөөлөтман, көздүн агы менен кошо дирилдешип, биринен бири өтө, биринен бири озуна ак өргөө алдына чейин коштоп барышты (Касымбеков). Көзүнүн агы менен чимирилүү. Бу көрүмсүз абышканы жандап турган нөкөрлөр, удайчылар көзүнүн агы менен чимирилишип, керектүү буйруктарын оң канатка, сол канатка берип турду (Касымбеков). Көзүнүн кареги менен кошо айлануу. Анда алар менин көзүмдүн кареги менен кошо айланып турду го, чиркин! («Чалкан»). Көзүнүн кареги менен чимирилүү. Элдин көзүнчө көзүмдүн кареги менен чимирилет (Бейшеналиев). Көзүнүн кареги менен тең айлануу. Байкуш аялың барбы, сенин көзүңдүн кареги менен тең айланып турат ко (Бердикеев). Көзүнүн карасы менен тең айлануу. Мырзабай Канышайдын көзүнүн карасы менен тең айланып, ширин сөздөрүн айтып жүрүп, акыры өз торуна түшүрөт (Айтбаева).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көзүн акшыйтып, жаман көргөн, жактырбаган мүнөздө кароо. Карасакал көзүнүн агын чыгара кыжырданып сүйлөдү (Абдыраманов). Ал «жооп бересиз» деген сөздүн маанисин түшүнө бербей көзүнүн агын чыгара Бердике жакка кылчайды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көзүн акшыйтып, жаман көргөн, жактырбаган мүнөздө кароо. Карасакал көзүнүн агын чыгара кыжырданып сүйлөдү (Абдыраманов). Ал «жооп бересиз» деген сөздүн маанисин түшүнө бербей көзүнүн агын чыгара Бердике жакка кылчайды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көз жашын тыя албай, ботодой боздоо, аябай ыйлаган абалда деген мааниде. Жеңеңдин көзүнүн жашы он талаа («Манас»). Карып болуп Элеман Көзүнүн жашы он талаа («Эр Төштүк»). Батманын көзүнүн жашы он талаа, керегеге сүйөнө дапдаарыйт (Саатов). Аябай таяк жегенсип, өпкөсү өпкөсүнө батпай солуктайт, көзүнүн жашы он талаа (Бердикеев). В.: Көзүнүн жашы көл. Айласы кеткен балдардын көзүнүн жашы көл («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көз жашын тыя албай, ботодой боздоо, аябай ыйлаган абалда деген мааниде. Батманын көзүнүн жашы он талаа, керегеге сүйөнө дапдаарыйт (Сайтов). Аябай таяк жегенсип, өпкөсү өпкөсүнө батпай солуктайт, көзүнүн жашы он талаа (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жек көргөндөй, жактырбагандай каардуу кароо, жекире кароо. Төлөгөн эжесин көзүнүн төбөсү менен карап, жактырбай чыгып кетти («Эркин-Тоо»). Аскар көзүнүн төбөсү менен кайдыгер гана бир карады («Ала-Тоо»). В.: Көзүнүн агы менен кароо. Көзүнүн агы менен карап койгон далайлардын акесин ушул колум менен тааныттым (Осмоналиев). Көзүнүн сырты менен кароо. Бугимов Акимди көзүнүн сырты менен карап, катуу айтууга камданды (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жек көргөндөй, жактырбагандай каардуу кароо, жекире кароо. Төлөгөн эжесин көзүнүн төбөсү менен карап, жактырбай чыгып кетти («Советтик Кыргызстан»). Аскар көзүнүн төбөсү менен кайдигер гана бир карады («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗҮНӨН ЧААРЫ ЧЫГУУ Чынаркандын көзүнүн чаары чыгып, ичшен туталанып отурганын Бермет дароо түшүндү (Абдукаимов). Анын иреңи кара көк тартып, көзүнүн чаары чыгып, кутургандай ажаанданып баратты (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөө же бир нече киши, көпчүлүк көрүп турган, катышкан шартта, көз алдында, жашыруун эмес, көрүнөө. Уяттуу кишилердин көзүнчө бакылдап, баланы чүнчүтө бербесеңчи («Ала-Тоо»). Кайнатамдын көзүнчө айтыша бербейин деп, унчукканым жок («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилдөө, каргоо, жекирүү маанисинде (көбүнчө ыгы жок ыйлай берүү же кандайдыр бир ишти ж. б. көрбөй аткара албай калпыстык кетирген учурларга карата) колдонулат. Көзүң аккыр эмне болду, сага! Көзүң аккыр, карбаластабай түз баспайсыңбы? («Ала-Тоо»). В.: Көзүңө ак түшкүр! Көзүңө ак түшкүр, жакшы карабайсыңбы («Чалкан»). Көзүмө ак түшсүн! Тигинтип алар, өз түтүндөрүн өздөрү булатып жатканына тобо дебей дагы бышактап коём (Кушубеков). Көзүңө ак түшсүн! Көзүңө ак түшсүн! Эмнеге мынча ыйлай турган жөнүң бар деди («Ала-Тоо»). Көзүң кашайгыр! Көзүң кашайгыр! – деп кыйкырып жиберди, темселеп эшиктин көзүн сыйпалап жүрүп (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тилдөө, каргоо, жекирүү маанисинде (көбүнчө ыгы жок ыйлый берүү же кандайдыр бир ишти ж.б. көрбөй аткара албай калтыстык кетирген учурларга карата) колдонулат. Көзүң аккыр эмне болду, сага! Көзүң аккыр, карбаластабай түз баспайсыңбы? («Ала-Тоо»)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абайла, байка, сак бол, ушунчаңда эсиңе кел деген сыяктуу, кекетүү, зекүү маанисинде колдонулат. Мен ферма башчысы экенимди таанып ал, көзүңдү ач! –деп Суксур кабак чытып, Дөөткө өкүм унчугат (Осмоналиев). – Мырза көзүңүздү ачыңыз! Мырза, дагы айтам, абийриңиз барда кетип калыңыз (Каимов). В.: Көзүңдү кара. Сен бала, көзүңдү кара, өзүң комсомол болуп туруп, кой өлтүрүшүң уят, – деп күпүлдөдү да кайра жүрүп кетти (Жантөшев). – Ой, карыя, көзүңдү кара! – деп бир маалда үстүртөн кыйкырык чыкты (Жусупов). Көзүңө кара! Балам, көзүңө карасаң боло? Этек-жеңиңди жыйнап жүрчү, – деп гана эскертчү (Осмоналиев). – Көзүңө кара, уулум, эми суу соолчу болсо милиция менен келем (Сыдыгалиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
«Абайла», «байка», «этиет бол» деген мааниде колдонулат. Сен бала, көзүңдү кара, өзүң комсомол болуп туруп, кой өлтүрүшүң уят, - деп күпүлдөдү да кайра жүрүп кетти (Жантөшев). -Ой, карыя, көзүңдү кара! - деп бир маалда үстүртөн кыйкырык чыкты (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзү көргөн, өзү үстүнөн чыккан кандайдыр бир жагымсыз, укмуш окуяны баяндоо анын адамга терс таасир этишин, жек көргөндүгүн, өкүнгөндүгүн билдирүүдө колдонулат. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Жер бир заматта айлан-көчөк болуп кеткенсиди (Жусупов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, жөн эле тепсеп кетсе жер менен жексен кылчудай (Медетов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, бири ачкадан өлүп жатты, бири окко учуп каза тапты («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзү көргөн, өзү үстүнөн чыккан кандайдыр бир жагымсыз, укмуш окуяны баяндоо анын адамга терс таасир этишин, жек көргөндүгүн, өкүнгөндүгүн билдирүүдө колдонулат. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Жер бир заматта айлан-көчөк болуп кеткенсиди (Жусупов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, жөн эле тепсеп кетсе жер менен жексен кылчудай (Медетов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, бири ачкадан өлүп жатты, бири окко учуп каза тапты («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кадала кароо, тиктөө, тигиле кароо, кызыгуу. Баланын көзү комуздан өтүп баратты (Каимов). Паризек ага назар салбай, эки көзү кыздан өтүп баратат (Ашымбаев). Байымбеттин аркы текчедеги китептерден көзү өттү (Бейшеналиев). 2. Каза табуу, өлүү, көз жумуу. Адамдын көзү өткөндө, жок экен кайтып келүүсү (Үсөнбаев). Көп кишилер назили наркы бар-жогун ченебей мартабалуу көрүнөм деген далалат менен жүрүп көзү өтүп кетип жатпайбы (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кадала кароо, тиктөө, тигиле кароо, кызыгуу. Баланын көзү комуздан өтүп баратты (Каимов). Паризек ага назар салбай, эки көзү кыздан өтүп баратат (Ашымбаев). Байымбет аркы текчедеги китептерден көзү өттү (Бейшеналиев). 2. Каза табуу, өлүү, көз жумуу. Адамдын көзү өткөндө, жок экен кайтып келүүсү (Үсөнбаев). Көп кишилер назили наркы бар-жогун ченебей мартабалуу көрүнөм деген далалат менен жүрүп көзү өтүп кетип жатпайбы (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Карта оюнунда башкысы катарында эсептелип, калган түрлөрдүн кайсынысын болсо да басууга жараган картанын түрү. Туздун көзүрү. Көзүр менен басуу. 2. Кандайдыр бир артыкчылыгы, үстөмдүгү же бир нерсеге, зарылдыгы болгон адамга карата айтылат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Тыным албай көзү талыгыча иштей берүү же окуй берүү деген мааниде. Баш көтөрбөй окуй берип, жаза берип көзүң тешилди го, жүдөп да кеттиң, - деп, жеңем кейип-кепчип, жаныма отура кетти («Ленинчил жаш»). 2. Чарчагыча кароо, зарыга кароо. Сени күтүп жол карай берип ини-сиңдилериңдин, жеңеңдин көздөрүтешилди бейм (Казакбаев). Карап отуруп көзүм тешилди. Ушунча да жоголуп кетесиңби? (Айтматов). Жолду карай берип көзүм тешилди (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тыным албай көзү талыгыча иштей берүү же окуй берүү деген мааниде. Баш көтөрбөй окуй берип, жаза берип көзүң тешилди го, жүдөп да кеттиң, – деп, жеңем кейип-кепчип, жаныма отура кетти («Ленинчил жаш»). 2. Чарчагыча кароо, зарыга кароо. Сени күтүп жол карай берип ини-сиңдилериңдин, жеңеңдин көздөрү тешилди бейм (Казакбаев). Карап отуруп көзүм тешилди. Ушунча да жоголуп кетесиңби? (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бар, жашап жүрөт, көзү өткөн жок, аман- эсен, топурактан тышкары. Анда Казангаптын көзү тирүү, кандай кылам десе өзүбилген (Айтматов). Өлгөндөн кийин өздөрү билсин, ал эми көзү тирүү турганда коргоп кала турган кубаты бар (Укаев). Көзүм тирүү турганда ал экөөнү ыйлатпайм (Өмүрбаев). 2. Тын, чыйрак, ар нерсеге жөндөмдүү, бышык, идиректүү. Нарктуу өнөрпоз Токтогул комузун оңдой күүлөп, көзү тирүү жеткинчекке назарын бурат (Бейшеналиев). Ал көзү тирүү, сары чийкил, ыманы ысык жаш жигит экен (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бар, жашап жүрөт, көзү өткөн жок, аман-эсен. Анда Казангаптын көзү тирүү, кандай кылам десе өзү билген (Айтматов). Өлгөндөн кийин өздөрү билсин, ал эми көзү тирүү турганда коргоп кала турган кубаты бар (Укаев). Көзүм тирүү турганда ал экөөнү ыйлатпайм (Өмүрбаев). 2. Тың, чыйрак, ар нерсеге жөндөмдүү, бышык, идиректүү. Нарктуу өнөрпоз Токтогул комузун оңдой күүлөп, көзү тирүү жеткинчекке назарын бурат (Бейшеналиев). Ал көзү тирүү, сары чийкил, ыманы ысык жаш жигит экен (Бөкөнбаев). В.: Эти тирүү. Айгүл эти тирүү, зээндүү кыз. Окусун. Адам болсун, – деди Исабек (Айтматов). Эти тирүү, кеби тың келин ушунча көптөн жазганбай тике айтты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алымсынбоо, ыраазы болбоо, ач көздүк, сугалактык кылуу. Эч нерсеге көзү тойбогон байлардын кылар иши ушул да (Абдукаримов). Дүйнөгө чапчу баракор, Өлсө көзү тойбогон, Журт бузганын койбогон («Сейтек»). 2. Сулуулугуна, көркөмдүгүнө суктануу, кызыга берүү, карай бергиси келүү. Жылдызкан менен Уруя биринен сала экинчисин тиктеп, сонундарга көздөрү тойбой баратат (Байтемиров). Зергер жасаган буюмдардын кооздугу ушунчалык, карап туруп көзүң тойбойт (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Алымсынбоо, ыраазы болбоо, ач көздүк, сугалактык кылуу. Эч нерсеге көзү тойбогон байлардын кылар ишиушул да (Абдукаримов). Дүйнөгө чапчу баракор, өлсө көзү тойбогон журт бузганын койбогон («Сейтек»).2. Сулуулугуна, көркөмдүгүнө суктануу, кызыга берүү, карай бергиси келүү. Жылдызкан менен Уруя биринен сала экинчисин тиктеп, сонундарга көздөрү тойбой баратат (Байтемиров). Зергер жасаган буюмдардын кооздугу ушунчалык, карап турүп көзүң тойбойт (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көргөн нерсесине аябай ыраазы болуу, канааттануу, көңүлгө толуу. Балам керилген жигит болуп калган экен деп, көзүм тойгон ошондо (Өмүрбаев). Көркөмдүү салган үйлөр көп, Көз тоёт шаңдуу айылга (Осмонкул). Атаганат, андайды көргөндүн көзү тоёт, үккандын кулагы сүйүнөт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көргөн нерсесине аябай ыраазы болуу, канааттануу, көңүлгө толуу. Балам керилген жигит болуп калган экен деп, көзүм тойгон ошондо (Өмүрбаев). Көркөмдүү салган үйлөр көп, Көз тоёт шаңдуу айылга (Осмонкул). Атаганат, андайды көргөндүн көзү тоёт, уккандын кулагы сүйүнөт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Караңгы, маалыматы жок, кат-сабаты ачылбаган, билимсиз. Ал кезде көзү туюк түркөй кыргыз мына ушунун да жөнүн билген эмес (Үмөталиев). Акылга жетик болсо да көзү туюк эзилген зайып, өз учурундагы абалды даана баамдай алган жок (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсени жактыруу, аны алгысы келип аябай кызыгып калуу, суктануу. Көйкашканын ошол жоргого көзү түшүп, эптеп ажыратып алуунун жолун издейт (Көчкөнов). Дароо үстөлдүн үстүндөгү сүрөт салган алъбомго көзү түштү да бирден барактай баштады (Алыбаев). Көп күлүктөрдү карап туруп, бир атка көзү түшөт (Осмоналиев). 2. Бирөөнү жакшы көрүп, сүйүп калуу, ага берилип жактырып калуу. Эгер Үрпүканга көзү түшсө, ыгын келтирип жүздөштүрүүгө макулдаткан (Бейшеналиев). Болбосо, кечээ эле бирөөнүн кудалап койгон кызына көзү түшүп калып, үйлөнмөкчү болгон кашка ушул эмес беле (Көчкөнов). Келип-кетип жүрүп мага көзү түшүп, атама кудалашуу үчүн жуучу салат (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени жактыруу, аны алгысы келип аябай кызыгып калуу, суктануу. Көйкашканын ошол жоргого көзү түшүп, эптеп ажыратып алуунун жолун издейт (Көчкөнов). Дароо үстөлдүн үстүндөгү сүрөт салган альбомго көзү түштү да бирден барактай баштады (Алыбаев). Көп күлүктөрдү карап туруп, бир атка көзү түшөт (Осмоналиев). Абышка күмүш чаптырып кооздоткон мүйүз чакчасын жаныман алып чыкканда, мен анын кооздугуна көзүм түшө калды («Ала-Тоо»). Каныбектин чооруна көзү түштү (Жантөшев). 2. Бирөөнү жакшы көрүп, сүйүп калуу, ага берилип жактырып калуу. Эгер Үрпүканга көзү түшсө, ыгын келтирип жүздөштүрүүгө макулдаткан (Бейшеналиев). Болбосо, кечээ эле бирөөнүн кудалап койгон кызына көзү түшүп калып, үйлөнмөкчү болгон кашка ушул эмес беле (Көчкөнов). Келип-кетип жүрүп мага көзү түшүп, атама кудалашуу үчүн жуучу салат (Каимов). Келип-кетип жүрүп мага көзү түшүп, атама кудалашуу үчүн арачы салат (Каимов). Жоодурап карап турган Алымканга Токтогулдун көзү түштү (Бөкөнбаев). В.: Көңүлү түшүү. Ал келинчекке бир кезде Теңирберди агаңдын көңүлү түшүп жүргөн (Укаев). Кызына жайындагы Кетмен-Төбөлүк жаш ырчынын көңүлү түшүп кеткенин кулагы чалган (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Караңгы, маалыматы жок, кат-сабаты ачылбаган, билимсиз. Ал кезде көзү туюк түркөй кыргыз мына ушунун да жөнүн билген эмес (Үмөталиев). Акылга жетик болсо да көзү туюк эзилген зайып, өз учурундагы абалды даана баамдай алган жок (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уйкусу тароо, көзү чайыттай ачылып, ойгонуп кетүү. Үргүлөп уктап отурган кыз ыргып туруп, көзү умачтай ачылып телефонду алды (Абдукаимов). Көзүм умачтай ачыла түшкөн экен, жанымдан зуулдап эчки-текелер өтүп жатышыптыр (Медетов). Саматтын уйкулуу көзү умачтай ачылды (Сасыкбаев). 2. Жаны сеп алуу, тынчый түшүү. Бутумдагы чөңөрдү сууруп салганда көзүм умачтай ачылып, уйкуга кирипмин («Ала-Тоо»). 3. к. көзү ачылуу. В.: Көзү чайыттай ачылуу. Менин көзүм эми чайыттай ачылды (Үмөталиев). Умачтай көзү ачылуу. Уктагандардын умачтай көзү ачылып, бардык табият күүгө кулак салгансыды (Жантөшев). Белинде окту алганда, Умачтай көзү ачылды, Ооруган жери басылды («Манас»). Уйкусу умачтай ачылуу. Тарс эткен дабышка Маликтин уйкусу умачтай ачылды («Советтик Кыргызстан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Уйкусу тароо, көзү чайыттай ачылып, ойгонуп кетүү. Үргүлөп уктап отурган кыз ыргып шуруп, көзүумачтай ачылып телефонду алды (Абдукаимов). Көзүм умачтай ачыла түшкөн экен, жанымдан зуулдап эчки-текелер өтүп жатышыпшыр (Медетов). Саматтын уйкулуу көзү умачтай ачылды (Сасыкбаев). 2. Жаны сеп алуу, тынчый түшүү. Бутумдагы чөңөрдү сууруп салганда көзүм умачтай ачылып, уйкуга кирипмин («Ала-Тоо»).3. к. КӨЗҮ АЧЫЛУУ

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Байкап калуу, көрүп калуу. Кыздын ошо татынакай уяң жүзүнөн жылмаюуну көзү чалды Адылбек (Өмүрбаев). Аңгыча эр ортонундагы дүңкүгүй кишини көзү чалды (Каимов). Курманжан датка... эл арасына кеңири суроо салып, ким кайдан көзү чалганын иликтөө жагын өтүндү (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Байкап калуу, көрүп калуу. Кыздын ошо татынакай уяң жүзүнөн жылмаюуну көзү чалды Адылбек (Өмүрбаев). Аңгыча эр ортонундагы дүңкүгүй кишини көзү чалды (Каимов). Курманжан датка эл арасына кеңири суроо салып, ким кайдан көзү чалганын иликтөө жагын өтүндү (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу корккондо, таң калганда же ачуусу келгенде көзү чоң ачылып бакырая түшүү, акырая кароо. Үрөйү учуп, көзү чанагынан чыгып, баш калка издеп далбас урган жигитти бүт денеси менен калкалап, көкүрөк тоскон аял... (Кушубеков). Карасакалдын көзү чанагынан чыгып, тиштери кычырап кетти (Абдыраманов). Бетинен каны качып, көздөрү чанагынан чыгып, Белек ачуулуу чыга калганда алар чочуп кетишти (Жантөшев). Ышкынаалынын денеси дүркүрөп көзү чанагынан чыга түштү (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу корккондо, тан калганда же ачуусу келгеңде көзү чоң ачылып бакырая түшүү, акырая кароо. Үрөйү учуп, көзү чанагынан чыгып, баш калка издеп далбас урган жигитти бүт денеси менен калкалап, көкүрөк тоскон аял... (Кушубеков). Карасакалдын көзү чанагынан чыгып, тиштери кычырап кетти (Абдыраманов). Бетинен каны качып, көздөрү чанагынан чыгып, Белек ачуулуу чыга калганда алар чочуп кетишти (Жантөшев). Отургандар селейе катты, көздөрү чанагынан чыкты (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени өтө чыдамсыздык менен күтүү, зарыгуу, алсам же жетсем деп аябай эңсөө. Ушул жерден тез эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм (Элебаев). Туш-тушка көзү чачырап, көкүрөгүндө бир ой теминет («Аалам»). Акчаны көргөндө Молдоштун көзү чачырап кетти (Абдукаимов). Ушул жерден эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсени өтө чыдамсыздык менен күгүү, зарыгуу, алсам же жетсем деп аябай эңсөө. Ушул жерден тез эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм (Элебаев). Туш-тушка көзү чачырап, көкүрөгүндө бир ой теминет («Ленинчил жаш»). Акчаны көргөндө Молдоштун көзү чачырап кетти (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуу каар менен өтө жек көрүү абалында жекире кароо, теше тиктөө. Эки мырзанын көзү Эдигенин шилисинен өттү (Осмоналиев). Анын жанагы шилисинен өткөн көзү Оросулдун көзүнө түбөлүк жабышып алгандай (Осмоналиев). В.: Көзү шилисинен чыгуу. Ал өлсө, анын шилисинен чыккан каардуу көзү аны жинди кылат («Ала-Тоо»). Көзү желкесинен өтүү. Анын каардуу көзү желкемен өтүп кеткендей болду («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ачуу каар менен өтө жек көрүү абалында жекире кароо, теше тиктөө. Эки мырзанын көзү Эдигенин шилисинен өттү (Осмоналиев). Анын жанагы шилисинен өткөн көзү Оросулдун көзүнө түбөлүк жабышып алгандай (Осмоналиев).