Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛДӨГҮ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ – мамлекеттик органдар тарабынан белгилүү товарлардын жана нерселердин, анын ичинде эркин сатылышына тыюу салынган же чектелген баңгизаттарынын жана психотроптук каражаттардын эларалык мыйзамсыз жүгүртүлүшүн болтурбоо боюнча колдонулуучу усулу. КР бажы органдары (ар бир жолу КР эларалык келишимдеринин негизинде же чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча) К. ж. б. усулун колдонот, б. а. көрсөтүлгөн товарларды өзүнүн көзөмөлү алдында КРге ташып кирүүгө жана ташып чыгууга же өзүнүн аймагы аркылуу ташып өтүүгө мүмкүндүк берет. К. ж. б. усулун колдонуу тууралуу чечимди бажы органы кабыл алат. Ыкчам-иликтөө жумуштарын ишке ашыруучу башка органдар К. ж. б-нү бажы органдарынын макулдугу менен өзара макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨЗӨМӨЛДӨГҮ ПРОДУКЦИЯ – КРдин Улуттук көзөмөлдөгү тизмесине кирген жана жапырт кыргын салуучу куралдарды чыгарууда, аларды ташып жеткирүү каражаттарын, аскер техникаларын жана башка куралжарактарды жасоодо пайдаланылышы мүмкүн болгон интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары жана кош багыттагы продукциялар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр, илимий-техникалык маалыматтар, жабдуулар жана технологиялар, чийки заттардын жана материалдардын түрлөрү.