КӨЗҮНӨН ЗААР ЧАЧУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Каарын төгүү, жаалдануу, жекире тиктөө. Атын ойдолото айлантып, көзүнөн заар чачат (Осмоналиев). В.: Көзүнөн заар чачыроо. Көзүнөн чачыраган заар келиндин желкесинен чыга түштү (Осмоналиев). Көзүнөн ызгаар чачуу. Алып көнгөн, берип көрбөгөн хан түктөйүп, көзүнөн ызгаар чачат (Осмоналиев). Көзүнөн заар учуу. Абдырахмандын көзүнөн заар учуп, кылычты кынынан сууруп көрсөттү (Касымбеков).