КӨЗ АЧЫП-ЖУМГАНЧА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир заматта, бир паста, арыдан-бери, өтө тез, дароо. Бирок, бактылуу турмуш көз ачып-жумганча бүлүнүп, эзелки таз кейпине келишти (Каимов). Суроолуу ой, көз ачып-жумганча бардыгынын көңүлүндө кайталанды («Советтик Кыргызстан»). Сай-сөөгү сыздаган Батийна көз ачып-жумганча бөктөрүнчөктү жукалай салып, Канымбүбүнү учкаштырып алды (Сыдыкбеков).