Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнүн ою менен болуу, айткан-дегенинен чыкпоо, көзүн кароо (көбүнчө аёо, жакшы көрүү, сыйлоо маанисинде). Өзгөчө Темирдин күйүтүнөн соң көзүнүн агы менен тең айланып, баланы эркине коё беришкен (Касымбеков). Анын кыңыр ишин көрүп-билип турушса деле, жалгыздыгына ыйгарышып, көзүнүн агы менен тең айланышчу (Медетов). Бечара, апа деп көзүбүздүн агы менен тең айланып турат, келинибиз жаман киши эмес (Өгөбаев). 2. Бирөөгө толук көз каранды болуп, айткан-дегенин аткаруу, анын каалаганын иштөө, жагынуу аракетин жасоо (көбүнчө баш ийүү, көз каранды болуу маанисинде). Нечен жыл малын багып, көзүнүн агы менен тең айланып турдум (Үмөталиев). Бекей таежем эмне үчүн эрине арак берип, көзүнүн агы менен тең айланат? (Айтматов). Тирешкен кишилердин көңүлүн табуу үчүн байбиче лыпылдап ордунан туруп, дасторкон жайып, чай коюп, алардын көздөрүнүн агы менен тең айланууда (Каимов). В.: Көзүнүн агы менен айлануу. Кыязы момпойгон күйөөсү жанындай көрүп, көзүнүн агы менен айланчудай (Бейшеналиев). Көзүнүн агы менен бирге айлануу. Жадырап-жайнап делбиреп, көзүңдүн агы менен бирге айланып турган мамилесине ыраазы болосуң (Байтемиров). Көзүнүн агы менен кошо тегеренүү. Алты күндөн бери көзүңдүн агы менен кошо тегерендим, бир белги болгон жок (Абдукаимов). Көздүн агы менен кошо дирилдөө. Баары сыпаа, баары дөөлөтман, көздүн агы менен кошо дирилдешип, биринен бири өтө, биринен бири озуна ак өргөө алдына чейин коштоп барышты (Касымбеков). Көзүнүн агы менен чимирилүү. Бу көрүмсүз абышканы жандап турган нөкөрлөр, удайчылар көзүнүн агы менен чимирилишип, керектүү буйруктарын оң канатка, сол канатка берип турду (Касымбеков). Көзүнүн кареги менен кошо айлануу. Анда алар менин көзүмдүн кареги менен кошо айланып турду го, чиркин! («Чалкан»). Көзүнүн кареги менен чимирилүү. Элдин көзүнчө көзүмдүн кареги менен чимирилет (Бейшеналиев). Көзүнүн кареги менен тең айлануу. Байкуш аялың барбы, сенин көзүңдүн кареги менен тең айланып турат ко (Бердикеев). Көзүнүн карасы менен тең айлануу. Мырзабай Канышайдын көзүнүн карасы менен тең айланып, ширин сөздөрүн айтып жүрүп, акыры өз торуна түшүрөт (Айтбаева).