КӨЗҮ ЧАНАГЫНАН ЧЫГУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Катуу корккондо, таң калганда же ачуусу келгенде көзү чоң ачылып бакырая түшүү, акырая кароо. Үрөйү учуп, көзү чанагынан чыгып, баш калка издеп далбас урган жигитти бүт денеси менен калкалап, көкүрөк тоскон аял... (Кушубеков). Карасакалдын көзү чанагынан чыгып, тиштери кычырап кетти (Абдыраманов). Бетинен каны качып, көздөрү чанагынан чыгып, Белек ачуулуу чыга калганда алар чочуп кетишти (Жантөшев). Ышкынаалынын денеси дүркүрөп көзү чанагынан чыга түштү (Байтемиров).