КӨЗ ЖАЗГЫРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Билинбей туруп жылт коюу, заматта, байкатпай, кайда кеткенин билгизбей жок болуу. Тосмого камалган кулжадай даяр бута болбой көз жазгырсамбы дейм (Бейшеналиев). Алыска көз жазгырып кетүү керек экен, - деп өкүнө түштү да, - Ай, мейли деп кол шилтеди (Укаев). Ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым (Жантөшев).