КӨЗҮН ТАЗАЛОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жок кылуу, өлтүрүү, жайлап салуу. Болбосо Орозкул экөөбүздүн көзүбүздү оңой эле тазалап коёт (Айтматов). Азыр анын көзүн тазалабасаң, кийинчерээк ал кол салуудан да кайра тартпайт (Укаев). Жылматай адегенде тирүү айгак өз кызынын көзүн тазалайт (Осмоналиев). 2. Жок кылуу, сарп кылуу, түгөтүү, аягына чыгуу, бүтүрүү. Ал Сейилкандан калган мүлктүн далайынын көзүн тазалады (Сыдыкбеков). Дарыга алып келген беш сомдун көзүн тазалады («Чалкан»).