КӨЗ ЖАШЫН КӨЛ КЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өксөп ыйлоо, көз жашы тыйылбай ыйлоо. Агасынан тирүүлөй бөлүнгөн кыз тамак да ичпей көз жашын көл кылып, боздоп гана отурат (Өмүрбаев). Көз жашын көл кылып жатып каза болду (Абдукаимов). В.: Көз жашын көлдөтүү. Асылгүл эми көз жашын көлдөтпөй, кадимкидей соолуга түштү (Медетов). Кезегинде көз жашын көлдөтүп, Чоюбекке чоң калыңга сатканбыз (Бейшеналиев).