Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түркологдор көз жана көр деген сөздөр з жана р тыбыштарынын алмашуусу аркылуу маанилери айырмалуу болуп калган, бирок бир уңгудан келип чыккан сөздөр деп эсептешет. Эгерде эң алгач көз деген зат атооч сөз жаралган деп билсек, анда көр этиши болсо анын з тыбышын р тыбышына алмаштыруудан келип чыккан болот. Мындай кубулуштар кыргыз тилиндеги семиз – семир, жапыз – жапыр сөздөрүндө да учурайт. Аларда з менен айтылганы атооч сөздөрдү билдирсе, р менен айтылганы кыймыл-аракетти туюнтат. Мурда ушундайча сөз жасоо өзүнчө бир система болгон деп эсептегенде, жогорку сөздөр анын калдыгы болуп таанылат. XI кылымда жазылган Махмуд Кашгаринин «Ди-ванында» көзди этиши азыркы кыргызча көрдү этишинин маанисинде колдонулат. Ушуга караганда көз сөзүнүн өзү эле көр этишинин маанисин да бергени аныкталат. Ушундай фактыга таянганда азыркы кыргызча күзгү сөзү да көз+гү формаларынан келип чыгат да, азыркыча көр + гү дегенге барабар келет. Күзгү сөзү «Байыркы түрк сөздүгүндө» ө тыбышы мекен көзгү, көзңү, көзүңү түрүндө келет. Кыргыз тилинде болсо аягындагы ү тыбышынын таасири менен уңгудагы ө тыбышы ү тыбышына өтүп кеткен. Күзгү сөзүндөгү күз уңгусунун азыркыча көр этишинин маанисинде болгондугу бир кезде көз сөзү зат атооч маанисин билдирүү менен, ошол эле формада туруп этиштин маанисин да бергенине далил боло алат. Башкача айтканда, күзгү сөзү жаралган кезде түрк тилдеринде көз «адамдын көзү» деген учурда да, ал көздү, «ал көрдү» деген учурда да колдоно бере турган сөз болгон. Ошондогу абал азыркы күзгү сөзүндө сакталып калган. Кийин зат атооч маанисин билдирген көз сөзүнөн кыймыл-аракетти билдирген сөздү айырмалоо зарылчылыгы болгон кезде з тыбышын р тыбышына алмаштырып айтуудан көр сөзү жаралган.