КӨЗ ЖУМУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өлүү, каза болуу, дүйнөдөн кайтуу. Атасын канжыгага байланып жүргөн адам жок, бир күнү Момун чал да көз жумат, ошондо шордуу кызынын көргөн күнү не болот? (Айтматов). Коллективизация кезинде ак ниеттүү нечен адамдар душман колдуу болуп көз жумушкан («Кыргызстан маданияты»). Кайран Музооке абабыз аз гана ноокастап көз жумду (Бейшеналиев). Курбуңуз Медер көз жумду Каракчы немец огунан (Маликов). Көз жумуп келбес сапар кетсе дагы, Өчпөстөн кала берер кылган иши (Бөкөнбаев). 2. Жалтануу, коркуу, калтааруу. Көз жумбай жоодо чабышат Дээринде бар эр киши («Мендирман»). 3. Тобокел кылуу, белсенүү, мейлиге салуу, капарга албоо, билсе да билмексен болуу. Алар-албасына көзү жетпеген Асан көз жумуп мейли деп айтканына көндү («Ала-Тоо»). Ал алды-артын ойлоп, баш катырып отурбастан, өзүн тоскон кубанычка да, күйүнүчкө да, өлүмгө да көзүн жуумп коюп илгери карай кете берет (Укаев). Бул жолу байбичеңиздин амал-айласына көз жуумп коё албайсың! (Сыдыкбеков). Эмне болсо ошо болсун деп, турмушта көз жуумп жүрө берип, капыстан бет алдынан каргаша жолукту (Абдукаимов). В.: Көздү жуумп. Чаап алмак беле, табып катары көздү жуумп барууга чыгынды (Бейшеналиев). Тобокелге салып, көздү жуумп бир чыгарма жазайын дедим эле (Кыдырмышев). Көзү жумулуу. Аялынын артынан аздан кийин атасынын да көзү жумулду (Шүкүрбеков). Кандайча көмүшүбүз керек, эгер көзүңүз жумулуп кетсе (Осмоналиев).