КӨЗҮНҮН ЖАШЫ ОН ТАЛАА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көз жашын тыя албай, ботодой боздоо, аябай ыйлаган абалда деген мааниде. Батманын көзүнүн жашы он талаа, керегеге сүйөнө дапдаарыйт (Сайтов). Аябай таяк жегенсип, өпкөсү өпкөсүнө батпай солуктайт, көзүнүн жашы он талаа (Бердикеев).