КӨЗҮНӨ КАН ТОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Каарын төгүп, көзү кызарып чыңалып кетүү, көзүнөн заары чыгуу. Өйдөсүнгөн, басынткан кишини көрсө, Бекназардын көзүнө кан толо түшөт, колу дароо кылычына жабышат (Касымбеков). Абил бийдин көзүнө кан толо түштү (Касымбеков).